Туягынан от чыгып... "Манас" эпосундагы аргымактарды билесизби? 1-бөлүк

Жазылуу
Эзелтеден кыргыз эли жылкы баласына өзгөчө мамиле жасап, жоокерчилик заманда ажырагыс жолдошу болуп келген, аларга ысым да ыйгарылган.

Аргымактар азыр да ордун жоготкон жок. Көк бөрү, улак, ат чабыш, эр эңиште ээсин байгелүү кылып, улуттук оюндун көркү болуп келет. Ал гана эмес, эң мыкты аттар миллион долларга чейин бааланып, кымбат унааларды артка калтырат.

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасынын чыгарылышында тулпарына ат коем дегендердин кулагына күмүш сырга катары "Манас энциклопедиясы" (1995-жыл) китебинин жардамы менен эпостогу күлүктөрдү жана алардын ээлерин тизмектедик.

Акборчук — Кыргыл чалдын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышка кошулуп, марага бешинчи келет;

Аккула (Каккула же Ак сур ат деп да айтылат) — эпостун бардык варианттарында Манастын жанга өлчөлүү негизги тулпары;

Акмоюн — Шыгайдын күлүк аты. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта байгеге илинет;

Аксаргыл — Манас жоого минген аттарынын бири. Текестин ордуна кан көтөрүлгөн Тейиштин тоюнда Манас баатырдын Сайкалга каршы эр сайышка чыкканда минген аты;

Аксаргыл — Жамгырчынын тулпары. Көкөтөйдүн ашында "Жамгырчынын алтын баштуу Аксаргылы" деп байгеге чабылганы айтылат;

Аксур — Ажыбайдын күлүгү. Алмамбет баатырдын Манаска келип кошулушунун урматына өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта марага төртүнчү болуп келет;

Актулпар — Темиркандын тулпары. Темиркан өзүнүн ордуна Семетейди кан шайлаганына арнап өткөргөн тойдогу ат чабышта байгеге кошкон;

Акшагыл — Каныкейдин атасы Каракандын минген аты;

Алгара — Коңурбайдын тулпары. Эпостун бардык варианттарында кытайдын башкы баатыры, кол башчынын тулпары катары кеңири сыпатталат;

Аргымак — Музбурчактын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашында ат чабышта марага алтынчы келет;

Ардакбоз — Көкөтөйдүн минген аты;

Аркарбоз— Кутунайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин Манаска келишине арналып өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта марага алтынчы болуп келет;

Арчатору — Көкөтөйдүн ашында Бокмурун Манаска тартуулаган тулпар;

Аскара — Тазбайматтын байгеге чапкан күлүгү;

Ачбуудан — Жолойдун жоого минген аты жана байгеге чапкан күлүгү;

Бозайгыр — Көкөтөйдүн тулпарларынын бири;

Бозжорго — Бакайдын жоого минген аты;

Бозжорго — Чыйырдынын Алмамбетти тосуп чыкканда минген аты;

Бозтайлак — Жакыптын минген аттарынын бири, Камбарбоздун үйүрүнөн. Чыйырды Манасты издегенде мингени айтылат;

Жармаңдай — Алымсарыктын минген аты;

Желкызыл — Тейиш кандын байгеге чапкан күлүгү. Көкөтөйдүн кара ашындагы ат чабышта байгелүү орунду ээлеген тулпар катары сүрөттөлөт;

Желтаман — Эштектин байгеге чапкан күлүгү. Манастын төрөлүшүнө арналган тойдо байгеге чабылат;

Кара ат— Үрбүнүн күлүгү. Көкөтөйдүн ашында байгеге чабылат;

Кара ат — Чынкожонун укмуштуу канаттуу аты. Саякбай Каралаевдин вариантында айтылат;

Карала — Агыштын байгеге чапкан күлүгү;

Карала — Ажыбайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин Манаска келишине арналып өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта алтынчы болуп келет;

Карасур — Ошпур байдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишине арнап өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта байгелүү орундардын бирин ээлейт;

Карасур— Айдаркандын байгеге чапкан күлүгү. Тейишкандын тоюндагы ат чабышта Аккуладан кийин келет;

Карткүрөң— Ажыбайдын аты. Эпосто аркасы бийик, маңдайы калың, туягы чулу, кайыптын тукуму, чаалыкпас тулпар катары сүрөттөлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0