48 саатка жоголуп кет. Өспүрүмдөрдүн өксүктүү "оюндары" күчөп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековТелефон кармап турган кыз. Архив
Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы учурда өспүрүмдөр арасында жоголуп кетип, эки күндөн кийин кайра табылган фактылар кездеше баштады.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Борбор шаардагы мектептердин мугалимдери жана Өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциянын кызматкерлери ата-энелерге окуучулар арасында тараган кооптуу оюн туурасында эскертүүдө. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман кабарлады.

"Оюн "48 саатка жоголуп кет" деп аталарын билдиришти. Анын тартиби боюнча өспүрүм ата-энеси издөө салыш үчүн телефон аппаратын өчүрүп коюп, эки күнгө жоголуп кетиши керек. Эгерде анын изделип жатканы боюнча маалымат социалдык тармак менен жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкса, ага балл кошулат экен", — деп айтып берди ал.

Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова Бишкек шаарында бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын айтты.

Случаи пропажи детей в КР - Sputnik Кыргызстан
Эки ирет интернаттан качкан кыз "Ош" базарынан табылды
"Ата-энелер баласына көбүрөөк көңүл буруп, аны менен сүйлөшүүсү, мобилдик телефонун текшерүүсү шарт. Бул оюн "Көк китти" эске салды. Бүгүнкү күндө Бишкектин бардык мектептеринде ата-энелер менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатабыз", — деп айтып берди ал.

Кооптуу оюн туурасындагы маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын коопсуздукту камсыздоо боюнча кызматы да тастыктады. Акыркы учурда өспүрүмдөр арасында жок болуп кетип, кайра эки күндөн кийин табылган учурлар кездешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0