11:47 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков

Кыргызстанда рактын 4 түрү басымдуулук кылат. Эрнис Тилеков менен маек

© Sputnik / Асель Акматалиева
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1097 0 0

4-февраль - бүткүл дүйнөлүк рак ооруларына каршы күрөшүү күнү. Эл аралык ракка каршы күрөшүү биримдиги тарабынан 2005-жылдан тартып белгиленип келет. Негизги максаты — дүйнө коомчулугун бул глобалдык көйгөйгө көңүл бурдуруу жана залалдуу шишикке кабылгандардын арасындагы өлүмдүн санын кыскартуу.

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда аялдардын эмчек безинин шишиги, аялдардын жатын моюнчасынын рагы, ашказандын жана өпкөнүн онкологиялык дарттары көп кездешет. Илдет тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек курду.

— Кыргызстанда рак оорусуна чалдыккан адамдардын саны канча? Зыяндуу шишиктин кайсыл түрү бизде басымдуулук кылат?

— Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 25 миңден ашуун адам залалдуу шишик оорусу менен каттоодо турат. Негизинен Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу рак оорусу боюнча абал салыштырмалуу дурус. Эсептөөлөр боюнча 100 миң кишиге 89 адам туура келет. Бул сан Казакстанда — 270, Россияда — 350, Европада — 450 адамды түзөт.

Бизди кейиткен нерсе — илдетке чалдыккандардын 60 пайызы оорусу өтүшүп кеткен учурда кайрылат. Демек адамдардын аң-сезимин өзгөртүшүбүз керек. Элдин өз саламаттыгына кайдыгер экени өкүндүрөт. Баса белгилей кетүүчү бир жагдай бар, рак оорусу бул өкүм эмес! Алгачкы белгилеринде дарылап, айыктырса болот. Эгерде өтүшүп кеткен болсо, анда жагдай оорлошуп кетет. Ошону адам баласы жакшы түшүнсө деген ойду айтат элем.

Бизде зыяндуу шишик ооруларынын төрт түрү көп катталат. Алар — аялдардын эмчек безинин шишиги, аялдардын жатын моюнчасынын рагы, ашказандын жана өпкөнүн онкологиялык дарттары. Ушулардын катарынан эң көп өлүмгө алып келгени — ашказандын рагы. Себеби ашказан рагынын белгилери өтө пассивдүү болуп, органдын ооруга чалдыккандыгын билүү кыйынга турат. Мындан улам ашказан рагына чалдыккандардын 70 пайызы оорунун 3-4 баскычына жетип, илдет өтүшүп кеткенде гана кайрылып калып жатышат.

Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков
© Sputnik / Асель Акматалиева
Эрнис Тилеков: сергек жашоо образы аркылуу рак илдетин алдын алса болот

— Онкологиялык ооруларды алдын алуунун эффективдүү жолдору барбы? Тукум кууйбу?

— Алгачкысы — профилактика. Бул сергек жашоо. Адам өзүнөн башташы керек. Салмагын дагы көзөмөлдөп турушу кажет. Аялдар толуп кеткенде гармоналдык баланс кыйроого учурайт дагы эмчек безинин шишигине алып келүү коркунучу күч алат. Андан сырткары, этти көп жейбиз, аны азайтуу зарыл. Башка элдин дагы тамактануу маданиятынан пайдалуу нерселерди алганыбыз туура болот. Мисалы, жашылча, чөп-чарды көп жегенибиз ден соолугубуз үчүн жакшы. Тамеки чеккенди токтотуш керек. Ракка чалдыгуу кооптуулугунун 30 пайызын сергек жашоо менен эле алдын алып койсо болот.

Рак оорусу тукум кууйт. Андай фактылар дагы бар. Алар "кооптуу топко" кирет. Бирок коркпош керек. Болгону убагында тийиштүү адис, дарыгерлерге кайрылып, УЗИге түшүп туруу зарыл. Алды алынган ооруну айыктырып, сакайтып алуу жеңил болот. Айрыкча кыз-келиндер убагында маммолог, гинекологго барып туруусу абзел.

— Рак ооруларына каршы күрөшүү, бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бюджеттен жылына канча каражат бөлүнүп турат?

— Бюджеттен 143 миллион сом бөлүнөт. Бирок анын 60-70 эле пайызы кызматкерлердин айлык акысына каралган. Андан сырткары, тең төлөө (сооплата — ред.) деген ыкма киргизилген. Операция боло турган бейтаптар категориясына жараша эң көп 14 миң, эң аз 3180 сом төлөшөт. Терминалдык, химия-терапиялык оорулуулар акысыз дарыланат. Атайын эсебибиз бар, бардыгы биригип отуруп 200 миллион сомго жакын акча жыйнайбыз. 2018-жылы 80 миллион сомду биринчи жолу дары-дармек алганга жумшадык. Бизде балдар бөлүмү дагы бар. Эки жылдын ичинде ушул бөлүмдү 95 пайызга өз күчүбүз менен каржылаганга жетиштик. Мурункудай ата-энесине "тигини алып кел, муну алып кел" деген нерсе жок. Азыр андагы керектүү шаймандар, дары-дармектер толугу менен бюджеттен каржыланат. Бул өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин чоң жетишкендиги болду.

Директор Национального центра онкологии и гематологии Эрнис Тилеков
© Sputnik / Асель Акматалиева
Дарыгер: өпкө рагына чалдыккан эркектердин көпчүлүгү чылым чеккен адамдар

— Акыркы учурларда салттуу медицинага коомчулук арасында көптөгөн нааразычылык айтылып, кайсыл бир деңгээлде ишенбөөчүлүк дагы пайда болду көрүнөт. Ар кандай табыптардын саны көбөйүп, бейтаптарга медициналык тейлөө көрсөткөндөрдүн тобу чыга келди. Дегеним, жакында алдамчылыкка шектелип бирок кайра кое берилген онкологиялык ооруларды айыктырам деп жүргөн Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүнө кандай көз караштасыз?

— Ачыгын айтканда Зайналиев эч кандай жардам бере албайт. Аны эми орто кылымдагы жапайычылык катары кабылдаса болот. Албетте, оору өтүшүп кеткен учурда адам баласы жаны кыйналганда ар тараптан жардам издеп калат экен. Бирок ооруну өтүштүрбөй, бейтап убагында көрүнүп турушу керек. Зайналиев жана башка дагы табыптардын тобу ооруларды айыктыра албайт. Рак оорулары онкологдордун гана көзөмөлүндө болушу керек. Рак — өкүм эмес! Болгону убагында кайрылуу зарыл. Андан айыктырууга биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар.

— Азыркы тапта Онкология жана гематология борборунун алы кандай?

— Онкология жана гематология борбору тууралуу бир-эки ооз сөз айта кетейин. Ушул мекемеге дайындалганыма туура эки жыл болду. 2017-жылдын 4-февралында кызматка келгем. Ал жерге барганымдагы алгачкы күндөрүм дале эсимде. Борбордун коридорлору караңгы, кир, ооруган адамдын оорусун күчөтүп койчу эле абалда болчу. Аны жашырып кереги жок. Быйыл онкология борборунун ачылганына туура 60 жыл болот. Азыркы тапта өкмөттүн жардамы менен ремонттук иштер жасалып, дагы деле көп бөлүмдөрүбүздө кайра калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Тема боюнча

Сүннөттөн кийин 5 оору таптакыр жолобойт. Урологдун маеги
3-4 жаштагы кыздар кансырап келет. Балдар гинекологу Боромбаева менен маек
Белгилер:
көзөмөл, дарт, рак, онкология, Эрнис Тилеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ