00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Без салютов и петард: почему кыргызстанцев просят отказаться от пиротехники
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кунарсыз жерлерди калыбына келтирүү долбоору — мигранттар үчүн ийгиликтүү боло алабы?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Улуттук академиялык драма театрынын чыгармачылык саясаты жана өнүгүү багыттары
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
ЕАЭБдин эркин экономикалык зонасы. Ири экономикалуу өлкөлөрдү эмнеси менен өзүнө тартат?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Тоолуктардын ден соолугун бөлүп изилдеген институт 70 жыл мурда эле түзүлгөн
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл калкты тейлөө борборлору 3,6 миллион кызмат көрсөттү — жыл жыйынтыгы
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыздарым чоңойгончо аман турсам экен... Бөйрөгү жабыркаган ата элден жардам сурайт

Жазылуу
39 жаштагы Турсунбек Качагаев коомчулуктун көмөгүнө муктаж. Жакын арада чет өлкөгө барып бөйрөгүн алмаштыруусу кажет, бирок керектүү каражат чогулбай жатат.

Бейтаптын жашоо-турмушу, ал-абалы менен Sputnik Кыргызстан таанышып, кайрылуусун коомчулукка чыгарды.

Турсунбек Качаганов илдетине байланыштуу иштебейт. Дарыгерлер оор жумуш жасоого такыр эле тыюу салган. Ал тургай күзөтчү да боло албайт.

"Жаныбыздагы соода дүкөнгө күзөтчү болуп кирип алайын десем, бул оору менен көп отурганга, турганга, көп басканга да болбойт экен. Ысык-сууктан да этият болбосо, ооруну ырбатып жиберишим мүмкүн. Азыр кирди-чыкты болуп эле үйдөмүн. 3 жана 5 жаштагы эки кызыбыз бар. Ошолорду бакчага ташыйм, апасы дем алыш күндөрү да иштеп калгандыктан, кыздарды карап калам. Анын үстүнө бир жумада үч жолу гемодиализге барам", — деди бейтап.

Буга чейин Качаганов жүк ташуучу унаа айдап иштечү. Дартынан улам ал жактан кеткенге аргасыз болгон.

Жүгүбүздү эч кимге артпай жашап келдик эле... Көзү азиз жубайлардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Жүгүбүздү эч кимге артпай жашап келдик эле... Көзү азиз жубайлардын баяны
"Такси кызматында иштеп жүрүп, кийин Кара-Кечеге барып көмүр ташып калдым. Көрсө, меникиндей оору менен жүк ташуучу унаа айдоого такыр эле болбойт экен. Негизи кичине кезимде бөйрөгүм ооруп калчу. Бирок маани деле берчү эмесмин. Кийин Кара-Кечеге каттап жүргөндө демим кысылып, дене табым көтөрүлүп, гемодиализге жатып калдым. Андан бери 4 жыл өттү, оору менен алышып жүрөм. Гемодиализ алып деле жүрө берсе болот, бирок аны менен көпкө жетпей калышым мүмкүн. Жашмын, балдарым кичинекей, үй-бүлөмдү багышым керек, кыздарымдын чоңойгонун көргүм келет. Ошондуктан дарыгерлер тезинен трансплантация кылдыр дешти", — деди Качаганов.

Бейтапка бөлөсү донор болууга макулдугун берген. Мындай операция Түркияда жасалгандыктан учурда ага 35 миң доллардын тегерегинде каражат чогултуусу зарыл болуп жатат. Бирок карапайым үй-бүлөгө мындай ири суммадагы каражат табуу кыйынчылык жаратууда.

"Келинчегим ЖОЖдордун биринде окутуучу болуп иштейт. Бюджетте иштегендердин айлыгы аябай деле көп эмес. Ошентсе да анын тапкан-тергени тамак-ашыбызга кетет. Азыр туугандар жардамга кол сунуп, бир аздан акча-тыйын берип жатат. Бирок көп түкүрсө көл болот дегендей, элге кайрылып көрүүнү эп көрдүм", — деди бейтап.

Качагановдун үй-бүлөсү шаардын четиндеги жаңы конуштардын биринде эки бөлмөлүү батирде жашайт. Өздөрүнө жайлуу кылып ичин жасап алышкан. Кыздары атасына жакын экени дароо эле байкалып турду. Маек алып бүткүчө бири мойнуна асылып, экинчиси жанынан чыкпай отурду. Андан соң атасы кыздарынын курсагын тойгузуп, сыртка алып чыгып ойнотту...

Жаңылыктар түрмөгү
0