"Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын кантип алууга болот? Министрликтин жобосу

Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктарын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүнө маанилүү жеке салым кошкон адамдардын сиңирген эмгегин баалоонун, таануунун, дем берүүнүн формасы болуп саналат.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алган. Маалыматта анын эки жыл, 1998-2000-жылдары Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун Жалал-Абад облусундагы филиалында дене тарбия мугалими болуп иштегени айтылат. Андан кийин билим берүү тармагында окутуучулук кылган эмес. 

Депутаттын сыйлыгы эл арасында бир топ нааразылыкты жараткан. Айрымдар 30-40 жылдап иштеген окутуучулар аталган сыйлыкты ала албай жүргөнүн айтып чыгышкан.

Мындан улам Билим берүү жана илим министрлигинен "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин кантип алуу керек деген суроого расмий жооп алдык. Алар аталган талаптар министрликтин атайын жобосунда каралгандыгын айтышты.

Сыйлыкты ким берет?

"Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин кимге берүүнү аталган министрликтин ведомстволук сыйлыктарды кароо боюнча комиссиясы чечет.

Сыйлык кайсы даталуу күндөрдө берилет?

— Акыркы коңгуроо (25-май);

— билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата (5-октябрь);

— илим күнүнө карата (10-ноябрь);

— билим берүү мекемелеринин мааракелерине карата;

— жыл жыйынтыгына карата (25-январь).

Сыйлыкты кимдер ала алат?

— илимий-педагогикалык эмгек стажысы жалпысынан 20 жылдан кем болбогондор;

Депутат ЖК Таабалды Тиллаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат: экс-министр Касымалиевге мамлекеттик сыйлык берилсин
— билим берүү чөйрөсүндө, илим, илимий-педагогикалык, педагогикалык ишмердүүлүктө ийгиликке жетишкендер, окуу программаларынын, окуу китептеринин, усулдук колдонмолордун авторлору;

— педагогикалык жана тарбиялоо ишинде өзгөчө айырмаланган, алардын чыгармачыл дараметинин өнүгүшүн камсыз кылгандар;

— министрликтин Ардак грамотасы менен 3 жылдан эрте эмес сыйлангандан кийин ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерден соң билим берүү уюмдарынын мыкты мугалими деп табылгандар, билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер сыйланышат.

Сыйлоого көрсөтүү критерийлери

— Тарбиялаган окуучусу олимпиаданын жеңүүчүсү (республика, чет өлкөдө) болсо;

— Окуучусу жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) жогорку балл алса же алтын сертификаттын ээси болсо. Акыркы 5 жылдагы ЖРТдан окуучулары орточо баага жетишсе;

— Акыркы үч жылда квалификациясын жогорулатуу курстарына катышса;

— Республикалык "Жыл мугалими" сынагынын катышуучусу жана жеңүүчү болсо;

— Орто мектептер үчүн окуу китептеринин, окуу-методикалык эмгектердин автору болсо;

— Орто мектептер үчүн билим берүү стандарттары боюнча окуу программалардын автору болсо;

— Окуу-тарбия процессинде алдыңкы жаңы методдорду жана инновациялык педагогикалык ыкмаларды, мастер-класстарды практикада колдонуп, кесиптештерине жайылтса;

Атамбаев Назарбаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев 6 жылда кимдердин даражасын көтөрдү. Экс-ажодон сыйлык алгандар
— Эл аралык же республикалык долбоорлор менен иштеп, билим берүү мекемесине акча каражатын алып келсе;

— Окутууда патенттелген илимий ачылыш жасаган билим берүү кызматкери болсо;

— Билим берүүнүн сапатын кепилдөөчү ар түрдүү комиссиялардагы, жумушчу топтордогу (Көз карандысыз аккредитациялык агенттиктердин эксперти, эл аралык деңгээлдеги жалпы билим берүүнү реформалоо боюнча уюмдардын эксперти) иши боюнча көрсөтө турган эмгеги болсо;

— Мектептин, райондук/шаардык билим берүү бөлүмүнүн, билим берүү уюмунун Ардак грамотасы менен сыйланса.

Башталгыч (кесиптик лицей, кесиптик орто окуу жайы), орто (орто окуу жайы, колледж, техникум), жогорку (институт, академия, университет, консерватория) жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берген жайда эмгектенгендер үчүн:

— Студенттер үчүн министрликтин грифи менен чыккан окуу китептеринин автору болсо;

— Илимий даражасы, илимий наамы болсо;

— Эл аралык долбоорлор менен иштесе;

— Чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн конференцияларда билим берүү жана илимий багыттарда (Scopus, Web of Science) доклад жасап, макала жарыяласа;

— Ойлоп табуу, илимий ачылыштар, монографиялардын автору болсо;

— Диссертациялык кеңештин мүчөсү жана кандидаттык, докторлук дисстертацияларга жетекчилик кылса;

— Министрлик же көз карандысыз уюмдар тарабынан уюштурулган рейтингдерге катышса;

— Акыркы 3 жылдагы квалификациясын жогорулатуу курстарына катышса;

— Билим берүүнүн сапатын кепилдөөчү ар түрдүү комиссиялардагы, жумушчу топтордо (Көз карандысыз аккредитациялык агенттиктердин эксперти, эл аралык деңгээлдеги кесиптик билим берүүнү реформалоо боюнча уюмдардын эксперти) иштесе;

— Университеттин, орто кесиптик окуу жайдын, билим берүү уюмдарынын Ардак грамотасын алса.

Сыйлыкка көрсөтүү тартиби

Празднование 27-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Президент менен премьерге кимдер акыл айтат? Бийлик башчыларынын кеңешчилери
Мектептин, бала бакчанын, кошумча же атайын билим берүүчү уюмдардын, башталгыч, кесиптик, орто окуу жайлардын, жогорку жана ЖОЖдон кийинки кесиптик, кошумча кесиптик билим берген жайда иштегендер үчүн эреже төмөнкүдөй.

Педагогикалык же окумуштуулар кеңешинин жамааты жыйын өткөрүп, анда кабыл алынган чечим, тиешелүү материалдар бекитилген формага ылайык даярдалат. Андан соң билим берүү уюмунун жетекчисинин сунушунун негизинде сыйлоого көрсөтүлөт. Андан соң тиешелүү документтер министрликтин дарегине жөнөтүлөт.

Кандай каталарды кетирбеш керек?

— Билим берүү уюмунун жетекчисинин сунушу жок, комиссиянын отурумуна 2 ай мурда тапшыруу мөөнөтүн бузган, сыйлыкка көрсөтүлгөн материалдар комиссиянын кароосуна коюлбайт, кайтарылып берилбейт;

— Комиссия зарыл болгон учурда тиешелүү билим берүү мекемелеринен көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө кошумча маалыматты суроо укугуна ээ.

— Сыйлыкка сунуш Билим берүү жана илим министрлигине белгиленген сыйлоо күнүнө чейин 2 ай кечиктирилбестен киргизилүүгө тийиш.

— Келип түшкөн сыйлоо материалдарды комиссия белгиленген тартипте карап, протокол менен бекитет. Комиссиянын корутундусу боюнча министрликтин буйругу чыгат.

— Комиссиянын сыйлоо же сыйлоодон баш тартуу жөнүндөгү чечими боюнча даттануулар, арыздар мыйзам чегинде каралат.

— Негизсиз сыйлоого сунуш берген жетекчилер Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

— Билим берүү жана илим министри, алардын тапшырмасы менен ведомство алдындагы мекемелердин, уюмдардын, окуу жайлардын, билим берүү бөлүм, башкармалыктардын жетекчилери аркылуу ыйгарылат.

— Жеке адамдын юбилейине карата ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жүргүзүлбөйт.

Өзгөчө учурда кароо тартиби

Бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт мүчөлөрү кайдан окуп, эмне кесипке ээ болушкан? Тизме
Ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссия өзгөчө учурларда билим берүү мекемелериндеги кесиптик кызматкерлер, педагогикалык иш стажы жетпеген, сыйлыгынын аралыгы үч жыл толо элек, сыйлоо материалдары мөөнөттөн кеч келип түшкөн, министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланбаган адамды "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгиси жана Ардак грамота менен сыйлоого укуктуу. Алар — республикалык "Жыл мугалими" сынагынын, мугалимдердин республикалык жана эл аралык масштабдагы өткөрүлгөн сынактарынын 1-2-3-орундун жеңүүчүлөрү, окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадалардан, дүйнөлүк жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү деп табылган мугалимдер, республикалык же көз карандысыз рейтингдерде алдыңкы катарга чыккан кызматкерлер, билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн билим берүү тармагында эмгектенген башка кесиптеги адамдар, айрым жамааттар, чет өлкөлүк жарандар.

Жаңылыктар түрмөгү
0