Бишкектеги үйлөргө жаңы лифттер орнотулду

© пресс-служба мэрии города БишкекМуниципалдык менчиктин каттоосунда турган бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жаңыларына алмаштырылды
Муниципалдык менчиктин каттоосунда турган бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жаңыларына алмаштырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалдык менчиктеги көп кабаттуу беш үйдөгү эски лифттер алмаштырылды.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Муниципалдык менчиктин каттоосунда турган бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жаңыларына алмаштырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

© пресс-служба мэрии города БишкекМуниципалдык менчиктин каттоосунда турган бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жаңыларына алмаштырылды
Муниципалдык менчиктин каттоосунда турган бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жаңыларына алмаштырылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Муниципалдык менчиктин каттоосунда турган бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жаңыларына алмаштырылды
© пресс-служба мэрии города БишкекЭски лифттер өзүнүн иштөө мөөнөтүн толугу менен өтөп, үйлөр жаңылана турчулардын тизмесине кирген.
Эски лифттер өзүнүн иштөө мөөнөтүн толугу менен өтөп, үйлөр жаңылана турчулардын тизмесине кирген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эски лифттер өзүнүн иштөө мөөнөтүн толугу менен өтөп, үйлөр жаңылана турчулардын тизмесине кирген.
1/2
Муниципалдык менчиктин каттоосунда турган бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн лифттери жаңыларына алмаштырылды
2/2
Эски лифттер өзүнүн иштөө мөөнөтүн толугу менен өтөп, үйлөр жаңылана турчулардын тизмесине кирген.

Эски лифттер өзүнүн иштөө мөөнөтүн толугу менен өтөп, үйлөр жаңылана турчулардын тизмесине кирген. Тендердин жыйынтыгына ылайык "Бейне Строй" ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн.

Eco Lift үлгүсүндөгү лифттер Ибраимов көчөсүндөгү №26 үйгө, Шопоков көчөсүндөгү №29, 30, 35 үйлөргө жана Чыгыш-5 кичирайонундагы №30 үйгө коюлду.

"Булардан тышкары, көп кабаттуу үйлөргө дагы сегиз лифт орнотулат", — деп айтылат маалыматта.

Лифттер Түркияда чыгарылган жана ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турчу сертификаттары бар. Коопсуздук боюнча бардык сыноодон өттү. Аны койгон компания төрт жылга чейин кепилдик берет жана ал убакыт аяктагандан кийин тейлөө милдетин да өзүнө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0