Бакуда кармалган Бажы кызматынын экс-төрагасы кайда жашынып жүргөнү айтылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов. Архив
Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жунусов 4-декабрда кармалган. Ал 28-августтан бери изделип жаткан болчу.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Азербайжандын соттук органдары Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду камакка алып, экстрадициялоо боюнча санкцияны кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Жунусов бардык процессуалдык процедуралар аяктагандан кийин Кыргызстанга өткөрүлүп берилет.

"Адамкул Жунусов Кыргызстандан качып кеткенден кийин АКШда жашынып жүргөн. Декабрдын башында Бакуга келген", — деп Финполдон маалымдашты.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-августунда эл аралык издөөгө алынган Жунусовдун 4-декабрда колго түшүрүлгөнү айтылган. Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0