Ош — балалыктын башатында. Төрөкул 1927-жылдын март айында Кыргыз АССРинин Жалал-Абад кантондук комитетине жооптуу катчы болуп, Нагима Хамзаевна комсомолдун Жалал-Абад шаардык комитетинин секретары, андан соң аталган аймактын кантондук аткаруу комитетинин секретары болгон кезде Ош шаарына келип, 1929-жылга дейре республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын төрагасы кызматында иштейт. Ошол кезде 1928-жылы 12-декабрда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн наристе Чыңгыз ата-энеси менен Ош шаарына нечен жолу келген болуш керек.
Ошко экинчи жолу келгенде. Түштүктө иштеген 1927-1929-жылдардан кийин Төрөкул Айтматовду 1929-жылы кайра борборго — Кыргыз АССРинин өнөр жай, соода эл комиссары жана эл чарбасынын борбордук кеңешинин төрагасы кылып жиберишет. Аны ал кызматта 1931-жылга чейин иштетип, Бүткүл союздук коммунисттер (большевиктер) партиясынын Араван-Буура райондук комитетинин биринчи секретары кызматына которушат. Бул районго ал кезде азыркы Ош шаарынын, Араван жана Кара-Суу районунун көп бөлүгү караган, жер-суу реформасын жүргүзүүдө, басмачылар менен күрөшүүдө, бай-манаптардын жерлерин алып батрактарга жана жамааттык чарбаларга таратып берүүдө эң үлгү көрсөтүүчү аймак болуу милдети тагылган. Ал киши бул райондо 1934-жылга чейин — Бүткүл союздук коммунисттер (большевиктер) партиясынын Кыргыз облустук комитетинин экинчи секретарлыгына көтөрүлүп кеткенге чейин эмгектенген. Ушул кезде Ош шаарында жашаган Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматованын тун уулу Чыңгыз 1932-1934-жылдарда Ош шаарындагы №1 балдар бакчасында тарбияланган. 1932-жылдын 8-августунда балдар тарбиячылары менен сүрөткө түшкөн, ал сүрөтү бизге түбөлүк эстелик болуп калган. Сүрөткө караганда Чыңгыз интернационалдык балдар жамаатында орусча тарбияланган. Ачарчылык башталып, өтө оор жылдар болуп атканы сүрөттөгү балдардын ырай-башынан, кийген кийимдеринен да байкалып турат.
Оштогу 50 жылдык маараке. 1978-жылы жазуучунун 50 жылдыгы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда өтө жогорку деңгээлде белгиленген. Жазуучунун Ошко келишине жана юбилейдин өтүшүнө менимче үч киши себепчи болду окшойт. Биринчиси — 1949-1954-жылдарда Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда жазуучу менен окуган Абдырай Каниметов. Ал ошол кезде Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы Темирбек Кошоевдин биринчи орун басары эле. Анда Жалал-Абад, Баткен, Ош бөлүнө элек, бир облус. Экинчи киши Чыңгыз Айтматовду дайыма коштоп жүргөн, ошол кездеги Кыргыз Республикасынын басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Барпы Рыспаев, ал киши 1966-жылдан 1981-жылга чейин Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, партиянын Ош облустук комитетинин катчысы болуп иштеп, Түштүктө кадыр-барк күткөн партиялык жетекчи болчу. Үчүнчү киши Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ошол кездеги ректору, философия илимдеринин кандидаты, профессор Сулайман Жумагулов эле. Ал киши Кыргызстан КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Аманбек Карыпкулов менен жакшы мамиледе болуп, Оштогу институт үчүн өтө пайдалуу иштерди кылып жаткан. Ошолордун түздөн-түз таасири болуп ал кезде такыр колго тийбеген, Москвадан бошобогон, "Ак кеме" фильми үчүн СССРдин мамлекетттик сыйлыгын, андан соң Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын Ленин ордени менен кошо алып жаткан, "…Ала-Дөбөтү" дүң болуп турган Чыңгыз Айтматовду балалыгынын шаарына жолугушууга чакырган. Жолугушуу институттун БАЗ деп аталган чоң залында өтүп, адамдар батпай терезелерге чыгып отурган, көбү орун жок туруп калган.
Белекке ээр берилген. Жолугушууга келери кокус эле белгилүү болгон жазуучуга не белек камдайбыз деген суроо оор болду. Мен анда жаш окутуучу. Ректор Сулайман Жумагулов биздин филология факультетиндеги агайларыбыз декан Сүйүнбек Ибрагимов, доценттер Жээналы Шериев, Акбар Сыдыков ж.б. илимпоздор менен кеңешип, мыкты устага мыкты ээр чаптырып, токулга жабдыктары менен өтө тез даярдатышты. Келиштирип сөз жазышты, аны ректор чечендикке салып, сонун айтып берди, ээрди бергенде мындайды күтпөгөн Чыңгыз Төрөкулович көзүнө жаш алып аябай ыраазы болгонун билдирип турду.
Студенттерге таң калган. Айтматов адегенде Ош пединститутун провинциалдык окуу жайы катары караганбы, бир убакта 4-курстун студенти Бекмурза Абдурашитов чыгып, "Сиз "планетардык мышление" деп көп айтып жатасыз, ушул тууралуу кененирээк түшүндүрүп бериңизчи" деп суроо узатканда бул жердин студенттери да оңой эмес экен дегендей, суроо бергени үчүн ыраазылык билдирип, оюн чечмелеп чыкты. Ошол жолугушууда Карбалас Бакиров, Самидин Станбеков ж.б. студенттер өздөрү жазган ырларын окуганда жазуучу өтө дыкат угуп отурду.
Муну менен ал Ошту сүйөрүн, Ош менен тагдыры байланганын, гуманист жазуучу жана инсан экендигин көрсөткөн.
Жазуучу Ошту кыдырып, Сулайман-Тоого суктанган. Айтматов 1960-1965-жылдары "Правда" гезитинин Орто Азия жана Казакстан боюнча өз кабарчысы болуп иштеген учурда атайын кызматтык иш сапары менен Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү облустарында да болуп, андан Ошко өтүп Ак-Бууранын суусун ичкен. СССР Жогорку Советинин 1966-1970-жылдардагы жетинчи, 1970-1974-жылдардагы сегизинчи, 1974-1979-жылдардагы тогузунчу, 1979-1984-жылдардагы онунчу, 1984-1989-жылдардагы он биринчи чакырылыштарынын депутаты кезинде да Ош шаарын жана Ош облусун кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуп чыккан. 10-чакырылыш учурунда аны Оштун Ленин району (азыркы Базар-Коргон, Ноокен райондору) депутаттыкка көрсөтүп шайлаган жана пахта талааларын көрүп эл менен баарлашкан.
Жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары Ош шаарынын театрларында сахналаштырылган. Алардын ичинде Искендер Рыскулов инсценировкалаган жана Ош кыргыз драма театрында коюлган "Ак кеме", "Коммунист Танабай Бакасов", "Алгачкы аңчылык" деген спектаклдер кыргыз маданиятындагы урунттуу окуялар болуп калган.