Калемиң калды карайлап... 2018-жылы көз жумган беш журналист

© Sputnik / Табылды КадырбековКүтүлбөгөн дарттан улам ооруканада көз жумган Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Исмаил Мамытовдун портрети. Архив
Күтүлбөгөн дарттан улам ооруканада көз жумган Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Исмаил Мамытовдун портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күндөн бери редакциялардын каалгасы тынбай, куттуктап келгендер арбын.

Мындай күндөрү кыргыз журналистикасына чоң салым кошуп, бирок арабыздан эрте узап кеткен кесиптештер эске түшпөй койгон жок.

Жыл башынан бери эле кыргыз эли салмагы сайдын ташындай болгон беш калемгерден кол жууду. Кесиптештер элдин эсинде болсун деген максат менен аларды дагы бир ирет эскерүүнү чечтик.

Исмаил Мамытов

© Sputnik / Табылды КадырбековИсма (Исмаил Мамытов) болгону 25 жашта болчу. Спорт менен дос, жаман адаты жок жигиттин гүлү эле.
Журналист редакции Sputnik Кыргызстан Исмаил Мамытов  - Sputnik Кыргызстан
Исма (Исмаил Мамытов) болгону 25 жашта болчу. Спорт менен дос, жаман адаты жок жигиттин гүлү эле.

Жеке биздин жамаат, Sputnik Кыргызстан редакциясы үчүн эң чоң жоготуу — кесиптешибиз Исмаил Мамытовдун дүйнөдөн кайтканы болду. Исма болгону 25 жашта болчу. Спорт менен дос, жаман адаты жок жигиттин гүлү эле. Июнь айынын аягында жумуштан эмгек өргүү алып, үйлөнүү тоюн өткөрөм деп кеткен. 19-июль күнү, үйлөнгөнүнө эки гана апта болгондо күтүлбөгөн дарттан улам ооруканада көз жумду. Исмаил коомдогу көптөгөн көйгөйлөрдү чагылдырып, ал үчүн бир топ сыйлыктарга, мактоо баракчаларына ээ болгон.

Улан Эгизбаев

© Фото / из личного архива Улана ЭгизбаеваКоррупцияга белчесинен малынган далай аткаминерлердин түн уйкусун бузган Улан Эгизбаев келечегинен көптү үмүттөндүрчү...
Журналист радио Азаттык Улан Эгизбаев - Sputnik Кыргызстан
Коррупцияга белчесинен малынган далай аткаминерлердин түн уйкусун бузган Улан Эгизбаев келечегинен көптү үмүттөндүрчү...

Исмаилдин өлүмүнө ишенип-ишене албай турганда, тагыраагы, 22-июль күнү дагы бир суук кабар жүрөктү үшүттү. Бул жолу дагы бир кырчындай кесиптешибиз, "Азаттык" үналгысынын журналисти Улан Эгизбаев күтүүсүз ажалга кабылды. Журналист кош бойлуу келинчеги менен Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, Бишкекке сапар аларына бир нече саат калганда сууга чөгүп кеткендиги кабараланды. Коррупцияга белчесинен малынган далай аткаминерлердин түн уйкусун бузган Улан келечегинен көптү үмүттөндүрчү…

Шерназар Шүкүров

5-август күнү журналист, жазуучу жана котормочу Шерназар Шүкүров 68 жаш курагында узакка созулган оорудан көз жумду. Шүкүров "Кыргызстан маданияты", "Советтик Кыргызстан", Кыргыз туусу", "Эркин-Тоо" гезиттеринде, "Азаттык" радиосунда эмгектенген. Котормочу катары бир нече дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргызчалаган.

Салтанат Саматова

© Sputnik / Табылды КадырбековСалтанат Саматова Онкологиялык ооруга кабылган балдарга жардам көрсөтүүчү "Помагать легко" фондусун негиздегендердин бири эле
Тамада, радио- и телеведущая Салтанат Саматова - Sputnik Кыргызстан
Салтанат Саматова Онкологиялык ооруга кабылган балдарга жардам көрсөтүүчү "Помагать легко" фондусун негиздегендердин бири эле

Кыргыз телерадиосунда өз орду бар, булбулдай үнү, бийик интеллекти жана жөн гана адамгерчилиги менен элге жаккан Салтанат Саматова айыкпас дарт менен алышып жүрүп, 15-август күнү акка моюн сунду. Болгону 46 жашта эле. 1996-жылдан тарта "Европа плюс" радиосунда иштеп, 2012-жылдан баштап КТРКдагы "Акыл ордо" берүүсүн алып барган. Онкологиялык ооруларга кабылган балдарга жардам көрсөтүү максатында "Помагать легко" коомдук фондусун негиздегендердин бири болгон.

Султан Жумагулов

© Sputnik / Расул УсеналиевСултан Жумагулов Кыргызстандын эң көрүнүктүү калемгерлеринин бири болчу
Бывший директор ОТРК Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Султан Жумагулов Кыргызстандын эң көрүнүктүү калемгерлеринин бири болчу

Туура бир ай мурда, тагыраагы, 8-октябрь күнү Кыргызстандын эң көрүнүктүү калемгерлеринин бири Султан Жумагуловдон айрылдык. Журналист узакка созулган дарттан ооруканада көз жумду. Жумагулов эмгек жолун гезиттерден баштап, кийин КТРК, ЭлТР, "Азаттыкта" жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ошол эле мезгилде көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы айларында Маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалап жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0