БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан радиосунун жооптуу редактору, журналист Исмаил Мамытов 25 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Ал оорудан улам Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.
Исмаил Мамытов 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юриспруденция адистигин аяктаган. "Санжыра" радиосунда, "Манас жаңырыгы" телерадио компаниясында алып баруучу болуп эмгектенген.
2015-жылдын сентябрь айынан бери Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында мугалим, 2016-жылдын март айынан тарта Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда иштеп келген.
Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда сүйүктүүсүнө баш кошуп, 12-июль күнү үлпөт тоюн өткөргөн.
Sputnik Кыргызстандын жамааты Исмаил Мамытовдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.