18:14 02 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.7872
  • EUR89.0098
  • RUB1.1172
Коом
Кыскача шилтеме алуу
329 0 0

Ал ошондой эле бул маселени чечүүнүн айрым жолдорун сунуштады.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Бишкек менен Алматы географиялык бирдей параллелде жайгашканына карабай учак билеттеринин баасында айырма бар экенин айтып, транспорт министринен анын себебин сурады.

Бүгүн депутаттар "2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн оротосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун карашты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов авиакомпаниялар баа тарифтерин өздөрү карай турганын айтып, ошентсе да билеттин баасына таасир берип жаткан айрым учурларга токтолду.

"Казакстанга караганда бизде авиакеросин кымбат. Болжол менен тоннасына 100 долларга чейин. Андан сырткары, Казакстандагы учактардын ичине бизге караганда көп адам батат. Эми баалар ушул сыяктуу көп нерселерге негизделип, бекитилет", — деди министр.

Шер-Нияз Кыргызстандын бактысы бар экенин, географиялык жактан алып караганда Борбор Азиянын жүрөгү Кыргызстан экенин белгиледи.

"Бирок негедир билеттин баалары кымбат. Же кээ бир авиакомпанияларга артыкчылык берилип, силерден башка компанияларды киргизбейбиз деп сүйлөшүп аласыңарбы?" — деп суроо салды.

Министр Калилов эч кандай жең ичинен сүйлөшүү жок экенин айтты. Андан сырткары, Кыргызстанга келип эртең эле учам деген компаниялар чыкпай жатканын белгиледи. Ал ошондой эле учурда республикада иштеп жаткан үч гана авиакомпания — Tez Jet, "Авиатрафик" жана "Эйр Манас" бар экенин кошумчалады.

Билеттин баасын арзандатуу үчүн министр бир катар сунуштарды берип, ал үчүн учактарды жаңылап, сервисти жакшыртуу керек деген оюн айтты.

Тема боюнча

Кыргызстан аба каттамы боюнча тогуз мамлекет менен гана иштешет
Жээнбеков АКШга катардагы каттам менен барган. Учакта аны менен сүрөткө түшүштү
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, Жамшитбек Калилов, Садык Шер-Нияз

ЭҢ МААНИЛҮҮ