Шакшак коюлган наристе, томуктун өсүшүн күткөн ата-эне. Ортопед илдет тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековЭне жана баланы коргоо борборунундагы ымыркай
Эне жана баланы коргоо борборунундагы ымыркай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колтугунан көтөрсө таманы менен эмес, бутунун учу менен турган үч айлык Наргизаны ата-энеси балерина болот деп кубанып жүргөн. Бирок ортопед кызды көрүп тезинен дарылатыш керектигин айткан.

Жамбаш менен сандын ортосунда жайгашкан томук сөөктүн убагында өрчүбөй калышы (дисплазия — ред.) наристелер арасында көп кездешүүдө дейт Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгер-травматологу, ортопед Анвар Халилов. Эгерде ооруга такыр эле көңүл бурбай койсо сөөктөр бири-бирине сүрүлүп отуруп чыгып кетүү коркунучу бар.

Жамбаштын дисплазиясы төрөлгөндө эле билине калбайт

Адатта наристенин дартка чалдыкканын ата-эне баласын дарыгердин жалпы көзөмөлүнө алып барганда ортопеддер байкап калат. Балким сиз деле көрүшүңүз ыктымал. Баланын бутун түз кылып бириктирейин дегенде ыйлап тартып алып, талтайып жатканды жактырат. Эркелетип тик тургузайын десеңиз таманын жерге койбой уч жагын гана тийгизет. Бул нерсе ар дайым кайталана берсе, сөөгүндө көйгөй болушу мүмкүн.жум

© Фото / Анвар ХалиловТуура өскөн сөөк
Туура өскөн сөөк - Sputnik Кыргызстан
1/3
Туура өскөн сөөк
© Фото / Анвар ХалиловЖамбаш менен сан сөөктү бириктирип турган томуктун бирөө жок экендигин байкоого болот
Жамбаш менен сан сөөктү бириктирип турган томуктун бирөө жок экендигин байкоого болот - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жамбаш менен сан сөөктү бириктирип турган томуктун бирөө жок экендигин байкоого болот
© Фото / Анвар ХалиловБул жерде эки томук тең жок экендиги көрүнүп турат
Бул жерде эки томук тең жок экендиги көрүнүп турат - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул жерде эки томук тең жок экендиги көрүнүп турат
1/3
Туура өскөн сөөк
2/3
Жамбаш менен сан сөөктү бириктирип турган томуктун бирөө жок экендигин байкоого болот
3/3
Бул жерде эки томук тең жок экендиги көрүнүп турат

Назик алты айлык баласынын ооруп жүргөнүн кокусунан билип калган.

"Кардиологго эле бармакпыз. Жолдошум жүрү ортопедге дагы кирели дегенинен барсак, адис баланын санын кармап көрүп УЗИге түшүп келишибизди айтты. Аппарат баланын томук сөөктөрү өрчүбөй калганын көрсөттү", — дейт келин.

Ал наристесин убагында дарылатып жатканына сүйүнөт.

Эмнеге менин балам ооруйт, кошунамдыкы жакшынакай жүрөт

Ортопед Халилов илдеттин себептери ар кандай дейт. Аял кош бойлуу кезинде ар дайым ооруп дарылана берсе же баланын салмагы чоң болуп эне аны көтөрө албаса, түйүлдүк аз кыймылдаса сөөгүнүн калыптанышына терс таасирин тийгизип коет. Ошондой эле илдетке энесинин организминде витаминдердин (көбүнчө кальций) аздыгы, экологиянын бузулушу да себеп болот. Дарт тукум куубайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭне жана баланы коргоо борборунун дарыгер-травматологу, ортопед Анвар Халилов
Врач-травматолог, ортопед Анвар Халилов - Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгер-травматологу, ортопед Анвар Халилов

"Илгери бош киши жок болчу. Энелер төрөп түшкөнгө чейин иштечү. Балдар ошого жараша көтөрүмдүү болгон. Учурда жамбаштын дисплазиясын ар бир төрөлгөн наристе баштан өткөрүп жаткандай", — дейт дарыгер.

Ал ошондой эле аймактарда ортопеддин жетишсиздиги оорунун алдын алууга жардам бербей жатканын айтып берди.

Кантип дарыласа болот?

Жамбаштын дисплазиясына кабылгандар ортопедге кайрылышы керек. 1 жана 6 айлыгында УЗИге, 12 айынан баштап рентгенге түшөт. Ошонун жыйынтыгы менен дарылоо жүргүзүлө баштайт.

2-3 айлык балага медицинанын электр тогуна кактап дарылоо (физиолечение — ред.) ыкмасы колдонулат. Адатта наристе 6-8 айлыгында отуруп калса, 9 ай болгондо бир нерсени кармап туруп калат. Бул учурда салмагы менен ныгырылганда бутка күч келип сөөктүн чыгып кетүү коркунучу жаралат. Ошондуктан электр тогуна кактап дарылоодон сырткары сөөктөрдү туура өстүрүү үчүн шакшак коюлат.

Электр тогуна кактап дарылоо кантип жүргүзүлөт?

© Sputnik / Табылды КадырбековТомукту өстүрүү үчүн жамбашка баштыкка оролгон жылуу парафиндер коюлат
Лечение дисплазии тазобедренного сустава в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Томукту өстүрүү үчүн жамбашка баштыкка оролгон жылуу парафиндер коюлат

Жамбашка баштыкка оролгон жылуу парафиндерди коюу. Кадимки жарык берген ак жана кооз парафинди элестетип албаңыз. Дарылоо ыкмасына жасалгандар кара кочкул өңдөгү зат. Бул ыкманын пайдасы териге кан жүгүртүп, булчуңдарды жумшартып берет. 15 мүнөт жасалат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБул электрофорез — ток аркылуу жамбашка кальций жиберилет
Лечение дисплазии тазобедренного сустава в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Бул электрофорез — ток аркылуу жамбашка кальций жиберилет

Электрофорез — ток аркылуу жамбашка кальций жиберилет. Жакшы жери укол сайып жаш денени жабыркатпайт. 10 мүнөт жасалат.

Укалоо — сөөктөрдүн туура өсүшүн шарттайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековУкалоо наристенин сөөгүнүн туура өсүшүн шарттайт
Лечение дисплазии тазобедренного сустава в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Укалоо наристенин сөөгүнүн туура өсүшүн шарттайт

Аталган процедуралар он күнгө жазылат. Өкмөт жазып берген баа боюнча, электрофарез 700, парафин 800 сом болсо, укалоо дененин бөлүктөрүнө жараша ар кандай наркта.

Эне жана баланы коргоо борборунун реабилитация бөлүмүнүн башчысы, физиотерапевт-дарыгер Назгүл Жумашованын айтымында, дарылоо ыкмаларынын терс таасири жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭне жана баланы коргоо борборунун реабилитация бөлүмүнүн башчысы, физиотерапевт-дарыгер Назгүл Жумашова
Глава отделения реабилитации Национального центра охраны материнства и детства, врач-физиотерапевт Назгуль Жумашова - Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо борборунун реабилитация бөлүмүнүн башчысы, физиотерапевт-дарыгер Назгүл Жумашова

"Ысык парафин баланын жамбашын күйгүзүп кетет деген сөз калп. Көп болсо кызарып калат. Болгону бала башында көнбөй кыйналышы ыктымал. Парафин жабуунун өзүнчө жол-жобосу бар", — дейт адис.

Шакшак тууралуу

Эгер бала электр тогуна кактап дарылоодон эле сөөгү калыбына келсе, шакшак коюлбайт.

Наристе бир жашка чейин Кошлянын (ойлоп табуучунун ысымы — ред.) шакшагын киет. Бул баланын буту менен бирге бел сөөгүнүн туура калыптанышын шарттайт.

© Sputnik / Анвар ХалиловНаристеге бир жашка чейин Кошлянын (ойлоп табуучунун ысымы — ред.) шакшагы коюлат
Лечение дисплазии тазобедренного сустава в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Наристеге бир жашка чейин Кошлянын (ойлоп табуучунун ысымы — ред.) шакшагы коюлат

Ал эми Вилинскийдин (ойлоп табуучунун ысымы — ред.) шакшагы наристенин шыйрагына эле коюлат.

© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми Виленскийдин (ойлоп табуучунун ысымы — ред.) шакшагы баланын шыйрагына эле коюлат
Лечение дисплазии тазобедренного сустава в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Ал эми Виленскийдин (ойлоп табуучунун ысымы — ред.) шакшагы баланын шыйрагына эле коюлат

Мындай шакшактарга көнүп кетүү башында кыйын болгон дейт эки жаштагы Аделдин атасы.

"Кызым бели менен ары-бери оодарылып уктай албай 3-4 ай жүрбөдүбү. Кийин шыйракка эле кийгизгенде ой бир жыргады", — дейт жаш жигит.

Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Жанына киши тура албай калат... Наристе гана ооруй турган 8 дарт
Шакшактын баасы ар кандай. Маселен аталган дартка кабылган дагы бир наристенин апасы Бурул бир топ акча коротконун айтат.

"Ымыркай кезинде 12 миң сомго кийгизгенбиз, азыр шыйрагына деген шакшакты 500 сомго эле алып бердик", — дейт келин.

Эгерде ооруга такыр эле көңүл бурбай койсо сөөктөр бири-бирине сүрүлүп отуруп чыгып кетүү коркунучу бар. Мында бир гана операция жардам бере алат.

Ортопед Халилов ооруну канчалык эрте дарыласа натыйжасы ошончолук жакшы болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0