Кампада, коридордо окуган балдар. Пригородное айылындагы жүрөк өйүткөн көрүнүш

© Sputnik / Табылды КадырбековПригородная средняя общеобразовательная школа
Пригородная средняя общеобразовательная школа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин Пригородное айылындагы мектепте орун жоктугунан балдар кампада, коридордо билим алганга аргасыз. Аталган аймакка 10 жылдан бери эмне себептен кошумча корпус же жаңы мектеп салынбай жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Бишкектин Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылында жападан жалгыз мектеп бар. Убагында 320 балага ылайыкташып салынган бул жайда, учурда 1500дөн ашык бала билим алат. Имараттын ичине бала батпай калгандыктан, айрымдары анын кампасында, коридордо ал тургай китепканада төрт сменде окууга аргасыз.

Эмне себептен аталган айылга жаңы мектеп салууга уруксат берилбей жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги териштирип көрдү.

Мектепке батпай калып, кампада окуган балдар

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылында жападан жалгыз мектеп бар.
Бишкектин Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылында жападан жалгыз мектеп бар. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бишкектин Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылында жападан жалгыз мектеп бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековУбагында 320 балага ылайыкташып салынган бул жайда, учурда 1500дөн ашык бала билим алат.
Убагында 320 балага ылайыкташып салынган бул жайда, учурда 1500дөн ашык бала билим алат. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Убагында 320 балага ылайыкташып салынган бул жайда, учурда 1500дөн ашык бала билим алат.
© Sputnik / Табылды КадырбековИмараттын ичине бала батпай калгандыктан, айрымдары анын кампасында, коридордо ал тургай китепканада төрт сменде окууга аргасыз.
Имараттын ичине бала батпай калгандыктан, айрымдары анын кампасында, коридордо ал тургай китепканада төрт сменде окууга аргасыз. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Имараттын ичине бала батпай калгандыктан, айрымдары анын кампасында, коридордо ал тургай китепканада төрт сменде окууга аргасыз.
1/3
Бишкектин Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылында жападан жалгыз мектеп бар.
2/3
Убагында 320 балага ылайыкташып салынган бул жайда, учурда 1500дөн ашык бала билим алат.
3/3
Имараттын ичине бала батпай калгандыктан, айрымдары анын кампасында, коридордо ал тургай китепканада төрт сменде окууга аргасыз.

Чоң үйдүн алдындагы времянканы элестетиңиз. Пригородное орто мектебинин эшигинин алдында дал ошол сыяктуу эки кампа турат. Убагында ал жакта эски парта, отургучтар сакталса, азыр окуучулар кадимкидей билим алат. Балдар батпай калгандыктан мектеп жетекчилиги ичин ремонттоого аргасыз болгон. Ата-энелер комитетинин төрайымы Айжан Мусабаева мектептин мындай көйгөйүн билим берүү министрлигинин өкүлдөрү өз көздөрү менен көрүп кеткенин айтты.

"Азыр күн жылуу болуп билинбей жатат. Кыш түшкөндө балдар аябай кыйналат. Себеби эшиктин так түбүндө эле отурушат, ал ачылаары менен аркырап шамал кирет. Улам ачылып жабылгандыктан жылыткычтын деле күчү жетпей калат", — деди Мусабаева.

Эки кампадан сырткары, балдар мектептин коридорунда, китепканасында да билим алат. Мугалимдер бири-бирине тоскоол болбошу үчүн бөлмөлөрдүн эшигин ачып сабак өтө алышпайт. 

Балдарын төрт маал ташыган ата-энелер

Бул мектепте окуучулар 4 смен менен окушат. Сабактар эртең мененки саат 7:00дө башталса, акыркысы кечки саат 20:00дө бүтөт.

Айылдан анча алыс эмес жерде жайгашкан "Үмүт" жаңы конушунун тургуну Нуриза Асылбекованын Пригородное мектебинде беш баласы окуйт. Аларды төрт жолу алып келип, алып кетем деген эне айылдан жаңы конушка бир эле маршрутка каттаарын айтып, мектеп маселеси көйгөй жаратып жатканын кошумчалады. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСабактар эртең мененки саат 7:00дө башталса, акыркысы кечки саат 20:00дө бүтөт
Пригородная средняя общеобразовательная школа - Sputnik Кыргызстан
Сабактар эртең мененки саат 7:00дө башталса, акыркысы кечки саат 20:00дө бүтөт

"1-класстагы балам эртең менен 6:30да үйдөн чыгат. 3-класста окуган кызым болсо 4-сменде окугандыктан кечки сегизде тарайт. Күн кыскарган сайын балдар караңгыда кете баштайт. Кышында кыйын эле. Өзүмдүн беш балама кошуп байкемдин дагы үч баласын ташыйм. Жок дегенде эки-үч смен болсо да балдар күн жарыкта окуп калат эле. Биздин жаңы конушта эле 1200 түтүн бар. Өзүбүздө мектеп жок болгондуктан айла жок жакыныраак ушул жакка келгенге аргасызбыз", — деди Асылбекова.

Күйдүргүнүн очогуна жакын делген мектеп

© Sputnik / Табылды Кадырбеков1965-жылы айылдын үч жеринде күйдүргүнүн очогу болгон
Пригородная средняя общеобразовательная школа - Sputnik Кыргызстан
1965-жылы айылдын үч жеринде күйдүргүнүн очогу болгон
Мектеп жетекчиси Айчүрөк Исманованын айтымында, алар бала батпай калгандыктан айыл өкмөтү менен сүйлөшүп ошол мектептин жанындагы 2 гектар жерге 500 орундуу кошумча корпус салууну чечишкен. Бирок аталган айылда күйдүргүнүн очогу бар болгондуктан Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция уруксат бербей койгон.

"Айылдын тегерегине бүт жаңы конуштар түшкөн. "Эркиндик", "Үмүт" деген конуштардын жашоочуларынын балдарынын бардыгы бизге келип окушат. Бала көп, орун жок, ошондуктан кошумча корпус салууну чечкенбиз. Жаңы корпустун долбоору чийилип, ал тургай анын курулушун каржылай турган донор таап койгонбуз. Баары даяр болгондо Ветеринария инспекциясы уруксат бербей койду", — деди Исманова.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Сактанбек Паязовдун айтымында, 1965-жылы аталган айылдын үч жеринде күйдүргүнүн очогу болгон. Бул мектеп 20 жылдан кийин 1986-жылы курулган жана күйдүргү очогунан 300 метр алыстыкта жайгашкан.

Окуучулар сабак учуранда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалимдер кыскарса эле мектептеги билим берүү оңолобу? Маселенин күңгөй-тескейи
"Мыйзам боюнча санитардык-коргоо зонасы күйдүргүнүн очогунан миң метр алыстыкта болушу керек деп жазылып турат. Бирок мектептен сырткары, бул очоктун айланасында 1000 метр алыс эмес эле бүт айылдын эли жашап, бала бакча, айыл өкмөтү иштеп жатпайбы. Эгер ошончолук кооптуу болсо айылды толугу менен көчүрүш керек болуп калат", — деди Паязов.

Айыл өкмөттүн өкүлдөрү менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары күйдүргү менен ооруган жаныбарлар көмүлгөн деген жерлерге барып келди.

Бир очогу таза суу чыгарган ишкананын ичинде экен. Ал мектептен 300 метр алыстыкта жайгашкан. Ал жакта видео, фото сьемка кылууга уруксат берилбегендиктен кабарчылар кирип чыкты. Үстүн бетондоп, пескоблок менен тосуп коюшуптур. Ишкананын өкүлдөрү уруксат кагаздарын көрсөтүшүп, жыл сайын ал жердин топурагын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп турушарын айтышты.

"Мына, айыл өкмөтүнүн ветеринарынын мөөрү басылып турат. Жыл сайын топуракты текшертебиз, баары таза деген жыйынтык чыгарып беришкен. Кантип эле эч кандай уруксат жок иштетмек элек", — деди ишкананын атын атагысы келбеген өкүлү.

Мектеп ал очоктон 300 метр алыс жайгашкан. Ал эми артезиан скважинасы 180 метр гана алысыраак жерде орун алган.

Последствия землетрясения населенных пунктах Чон-Алайского района Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан 30 миллион доллар насыя алып, заманбап мектептерди курат
Күйдүргүнүн дагы бир очогу айылдын борборунан 500 метр алысыраак балык фермасынын ичинде экен. Жергиликтүү тургундар мурун ал жак чочко фермасы болгонун айтышты. Аны да айыл өкмөтү бетондоп, атайын темир менен тосуп, "күйдүргү" деп жазып койгон. Ал эми үчүнчүсү мектептен 1000 метр алыстыктагы талаада жайгашкан. Анын үстү да бетондолуп, темир менен тосулуп турат.

Булардын баарын көрүп, билип, түшүнгөн жергиликтүү тургундар ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция эмне себептен кошумча корпус салууга уруксат бербей жатканын айтып таң калышууда.

Инспекция эмне дейт?

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп ал очоктон 300 метр алыс жайгашкан. Ал эми артезиан скважинасы 180 метр гана алысыраак жерде орун алган.
Пригородная средняя общеобразовательная школа - Sputnik Кыргызстан
Мектеп ал очоктон 300 метр алыс жайгашкан. Ал эми артезиан скважинасы 180 метр гана алысыраак жерде орун алган.
Ветеринария жана фитосанитария коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов артезиан скважинасы менен соода түйүндөрүнүн курулушуна саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы санитария департаменти уруксат бериши мүмкүн экендигин айтып, мектеп ветеринардык көзөмөлдөгү объект болгондуктан тыкыр текшерип туруп уруксат беришерин кошумчалады.

"Уруксат берели деп жатабыз. Бирок баары бир мектеп биздин жоопкерчилигибиздин алдында болгондуктан дагы бир сыйра текшерип, топурагын лабораторияга жөнөтүп, мурдагы жылдардын жыйынтыктары менен салыштырып, очоктордун айланасын дагы бир жолу жакшылап тосуп туруп анан курулушту баштаса болот. Сиздер айтып жаткан артезиан скважинасы, мал базар, балык фермалары уруксат кагаздарын саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы санитария департаментинен алса керек. Күйдүргү качан ачылып кетет эч ким билбейт. Күйдүргү мал өлгөндөн кийин жүз жыл өтсө да коркунуч жарата берет", — деди Жумаканов.

Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси маселе бир айдын ичинде чечилип калаарын убадалады. Окуянын жүрүшүнө Sputnik Кыргызстан агенттиги көз салып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0