Австрияда жашап Кыргызстандагы кыз-келиндерге тамак жасаганды үйрөткөн Айдай

© Фото / предоставлено Айдай СагындыковойКыргызстанка Айдай Сагындыкова, живущая в Австрии
Кыргызстанка Айдай Сагындыкова, живущая в Австрии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдай Сагындыкова кыз-келиндерге түрдүү даамдарды кантип жасоо керектигин үйрөтөт. Анын Instagram баракчасына баш баксаңыз улуттук тамактардан дүйнө элинин азыктарына чейин таанышып чыгасыз. Мунун баары эки жыл мурда ал декретке чыгып үйдө отуруп калганда башталган.

Каарман учурда үй-бүлөсү менен Австрияда жашайт. Ал башында мунун баарын хобби катары гана көрүп, минтип насаатчы болуп калам деп ойлогон эмес. Учурда анын тамактарынын рецебин кыргызстандык эле кыз-келиндер эмес, башка өлкөнүн өкүлдөрү да күтүп көрөт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков Австрияда жашаган мекендеш менен баарлашты. 

© Фото / предоставлено Айдай СагындыковойСагындыкова: баракчама катталгандардын арасында кыргызстандык кыз-келиндер эле эмес, башка мамлекеттин өкүлдөрү да бар
Кыргызстанка Айдай Сагындыкова, живущая в Австрии - Sputnik Кыргызстан
Сагындыкова: баракчама катталгандардын арасында кыргызстандык кыз-келиндер эле эмес, башка мамлекеттин өкүлдөрү да бар

— Австрияда канча жылдан бери жашайсыз?

— Мен Балыкчы шаарында туулгам. Кыргыз улуттук архитектура жана курулуш университетинде суу менен камсыздоо факультетин аяктагам. Кесибим инженер-куруучу. 2000-жылы биринчи курста окуп жатканда турмушка чыккам. 2004-жылы улуу кызыбызды кайненеме таштап, Чехияга келгенбиз. Бирок ал жактан жакшы иштей албадык. Эки жылдан кийин Австрияга келе бердик. Учурда Линц шаарына жакын Оттенсхайм деген шаарчада жашайбыз. Жолдошум бир заводдо күзөтчү болуп иштейт. Мен биринчи келгенде наабайканада, кийин карылар үйүндө жардамчы болуп иштеп жүрдүм. Эки жылдан бери декретке чыгып үйдөмүн. Эки уул, эки кызыбыз бар. Мамлекеттин батирин ижарага алып жашайбыз.

— Балдарыңыз жаныңыздабы, алар эмне менен алектенет?

— Эң улуусу Ажар 17 жашта. Институтта эки күн окуп, үч күн иштейт. Бул жактын системасына ылайык институт өзү жумуш сунуштайт. Кайсынысы жакса иштей берет, маянасынын 50 пайызы окуу акысына кармалат, калганын өзү алат. Кесибине байланыштуу азык-түлүк дүкөнүндө сатуучу болуп иштеп жатат. Андан кийинки уулубуз Иса 11 жашта, кичүүсү Идирис тогузга чыкты. Алар ушул жактагы мектепке барышат. Немис жана англис тилинде окушат. Кенже кызым Алия экөөбүз үйдөбүз. Бул учурда хоббим болгон кулинария менен алектенем.

— Instagram баракчаңыздан түрдүү тамактарды жасоо жолдорун көрүүгө болот. Мунун баарын каяктан үйрөндүңүз?

— Башында башкалар сыяктуу эле үй-бүлөлүк сүрөттөрдү, кээде жасаган тамактарымды жүктөп койчумун. Улам-улам жазып, рецепттерин билүүгө кызыккандар көбөйдү. Анан "видео рецепттерди көрсөтүңүзчү" деп суранышты. Ошентип видео тартууга өтүп кеттим. Мен тамактарды китептен, интернеттен көрүп жасайм. Баракчама катталгандардын арасында кыргызстандык кыз-келиндер эле эмес, башка мамлекеттин өкүлдөрү да бар. WhatsApp мессенжеринде төрт тайпабыз бар. Ар бирине 80-100гө чукул кыз-келин кошулган. Анын экөөндө тамак-аш, экөөндө жеке жашоо тууралуу пикир алышып турабыз.

© Фото / из личного архива Айдай СагындыковойСагындыкова: бул жактын мыйзамы боюнча бала үч жашка чыкканга чейин эненин үйдө отурууга укугу бар
Сагындыкова: бул жактын мыйзамы боюнча бала үч жашка чыкканга чейин эненин үйдө отурууга укугу бар - Sputnik Кыргызстан
1/3
Сагындыкова: бул жактын мыйзамы боюнча бала үч жашка чыкканга чейин эненин үйдө отурууга укугу бар
© Фото / Айдай СагындыковаАйдай Сагындыкова: эки жылдан бери декретке чыгып үйдөмүн. Эки уул, эки кызыбыз бар. Мамлекеттин батирин ижарага алып жашайбыз.
Айдай Сагындыкова: эки жылдан бери декретке чыгып үйдөмүн. Эки уул, эки кызыбыз бар. Мамлекеттин батирин ижарага алып жашайбыз. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Айдай Сагындыкова: эки жылдан бери декретке чыгып үйдөмүн. Эки уул, эки кызыбыз бар. Мамлекеттин батирин ижарага алып жашайбыз.
© Фото / из личного архива Айдай СагындыковойАйдай Сагындыкова: кенже кызым Алия экөөбүз үйдөбүз. Бул учурда хоббим болгон кулинария менен алектенем.
Айдай Сагындыкова: кенже кызым Алия экөөбүз үйдөбүз. Бул учурда хоббим болгон кулинария менен алектенем. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Айдай Сагындыкова: кенже кызым Алия экөөбүз үйдөбүз. Бул учурда хоббим болгон кулинария менен алектенем.
1/3
Сагындыкова: бул жактын мыйзамы боюнча бала үч жашка чыкканга чейин эненин үйдө отурууга укугу бар
2/3
Айдай Сагындыкова: эки жылдан бери декретке чыгып үйдөмүн. Эки уул, эки кызыбыз бар. Мамлекеттин батирин ижарага алып жашайбыз.
3/3
Айдай Сагындыкова: кенже кызым Алия экөөбүз үйдөбүз. Бул учурда хоббим болгон кулинария менен алектенем.

— Мунун баары акысыз деп эле түшүнсөк болобу?

— Ооба, бекер эле үйрөтөм, эже-сиңди катары жакын болуп калганбыз. Үйрөнүп, жасаган тамактарынын сүрөтүн жөнөтүп турушат. Бир келин "бүгүн сиздин рецепттериңизди колдонуп лагман жасадым эле күйөөм муну каяктан сатып келдиң деди" деп сүйүнүп жазды. Ал мурда татымалдарды туура кошууну билчү эмес экен.

— Сиз тамак жасап жатканда видеого ким тартат?

— Телефонду штативге орнотуп коюп өзүм күйгүзүп-өчүрүп тарта берем. Ага чейин кызым тартып турчу. Мурда Instagram баракчама аз эле адам катталган. Видео рецепттерди чыгаргандан кийин көбөйүп, 100 миңге жакындап калды. Башында рецептти орус тилинде гана жазчумун. Түшүнбөй калдык деп кыргызчасын да сурагандар болду. Азыр эки тилде тең жазам.

— Аны кайра өзүңүз монтаждайсызбы?

— Албетте. Баарын өзүм кылам, бир гана коштогон музыканы мен ырдабайм (күлүп). Видеону телефондон эле монтаждайм. Алгач анча окшоштура албай жүрдүм. Интернеттен ар кандай видео сабактарды көрүп үйрөнүп алдым.

— Жолдошуңуз кандай тамактарды жакшы көрөт? Аны таттуу тамактарыңыз менен сүйдүрүп алган эмес белеңиз? Эркек курсагы менен сүйөт дейт эмеспи.

— Жаңы таанышкан убакта анча деле кыйратып тамак жасачу эмесмин. Кийинчерээк кызыгып кеттим. Азыр жолдошум менин дегустаторум болуп калган. Бирок ага камыр жана эт тамактары жагат. Этсиз тамак жебейт. Этти түркиялыктардын маркетинен алып турабыз. Кыргызстандагыдай даамдуу болбосо дагы, жегенге болот.

— Кызыңыз чоңойгондон кийин каякта иштейин деп жатасыз?

— Кыргызстандын диплому менен иштөө үчүн кайра эки жыл окушум керек. Алгач окуумду бүтүрүп, анан кесибим боюнча жумушка орношууну пландап жатам. Курулуш компанияларында, мамлекеттик мекемелерде иштесем болот.

— Австрияда айлык акы кандай төлөнөт?

— Бул жактын мыйзамы боюнча бала үч жашка чыкканга чейин эненин үйдө отурууга укугу бар. Балага өзүнчө жөлөк пул, аны караган энесине башка акча төлөнөт. Эркек кишилердин маянасы 1200 евродон жогору. Аялдарга жарым ставка каралган, күнүгө 4-5 саат иштеп 600 евронун тегерегинде айлык алат. Толук ставка менен иштейм десең эркектердей эле табасың. 

© Фото / Айдай СагындыковаСагындыкова: тушоо той өткөрдүк, муну көргөн австриялыктардын ооздору ачылып видеого тартып, "баланын бутун эмне байлап койдуңар" деп таңыркашкан
Кыргызстанка Айдай Сагындыкова, живущая в Австрии - Sputnik Кыргызстан
Сагындыкова: тушоо той өткөрдүк, муну көргөн австриялыктардын ооздору ачылып видеого тартып, "баланын бутун эмне байлап койдуңар" деп таңыркашкан

— Австриянын жарандыгын алгансыздарбы?

— Жок, виза менен эле иштейбиз. Жыл сайын Кыргызстанга барып турабыз. Быйыл жолдошум жумуш которуп, кызым институтка тапшырганына байланыштуу бара албай калдык. Бирок туугандарыбыз конокко келип турушат. Билеттин баасы жайында аябай кымбаттап 600 еврого чейин чыгып кетет. Андыктан биз кышында эле арзаныраак алып коёбуз. Бишкекке түз авиакаттам жок, Россия же Түркия аркылуу барабыз.

— Ал жакта сиздер сыяктуу барган кыргыздар барбы? Алар кандай жумуштарда эмгектенишет?

Успех бишкекчанки Айданы Шаменовой - Sputnik Кыргызстан
Disney, Microsoft, Keller Williams компанияларында иштеген Айдана Шаменова менен маек
— Биз жашаган шаарда 10го чукул үй-бүлө жашайт. Ал эми борбор калаа Венада иштегендер, студенттер көп. Ар ким ар кайсы тармакта, мисалы эжелер карылар үйүндө, соода борборунда, эркектер заводдордо иштешет. Алар менен тойлордо, жакшылыктарда жолугушуп турабыз.

Кичүү кызыбыздын бешик жана тушоо тоюн ушул жерде өткөрдүк. Венадан, Кыргызстандан туугандарыбыз келишти. Конокторду көчөгө чыгарып чуркаттык. Муну көргөн австриялыктардын ооздору ачылып видеого тартып, "баланын бутун эмне байлап койдуңар" деп таңыркашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0