14:28 16 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR79.0658
  • RUB1.0485
Церемония открытия III Всемирных игр кочевников

Көчмөндөр оюндарынан кийинки ойлор. Уюштуруучулар өздөрү эмне дейт?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асел Акматалиева
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)
70010

Кыргызстандын атын алыска тараткан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары жыйынтыкталды. Бул масштабдуу иш-чараны өткөрүүдө коомдо түрдүү пикирлер жаралып, айрымдар колдоого алса, кээ бирлер каршы экенин билдиришти. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюндары эми 2020-жылы Түркияда өтө турган болду.

Көчмөндөр оюндарынын жүрүшү кандай болду, Кыргызстанга эмне алып келди? Бул жаатта Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов жана аталган иш-чаранын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесованы кепке тарттык.

Главный режиссер III Всемирных игр кочевников Алтынбек Максутов в студии Sputnik
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов

— Алгач масштабдуу иш-чараны жыйынтыктап алышыңыздар менен куттуктайбыз! Айтсаңыздар, сиздердин баамыңыздарда Көчмөндөр оюндары кандай өттү?

Алтынбек Максутов: — Биринчиден, Көчмөндөр оюндары биз үчүн да, катышуучулар үчүн да, көрүүчүлөр үчүн да абдан кызык болду. Даярдыктар кызуу жүрүп, көп күчтү талап кылды. Катышуучулардын жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыгы менен кыска убакыттын ичинде ири иш-чарага даярданып, ийгиликтүү жыйынтыктап алдык. Ачылыш салтанатта 70тей, Кырчында 40тай, этно-фестивалда 30га жакын коюучу топ эмгектенди. Кызматкерлердин баары кесипкөй, жоопкерчиликтүү болгондуктан, алар менен иштөө жеңил жана кызыктуу болду.

Айжан Абдесова: — Мындай масштабдуу иш-чарадагы майда жетишпегендиктерди кемчилик деп айтууга болбойт. Уюштуруучулар 12 топко бөлүнүп, өз багыттары боюнча жумуштарын так жана туура аткарды. Көчмөндөр оюндарына 82 мамлекет катышты. Айрым ЖМКларда жалпы 76 мамлекет катышты деген маалыматтар таркап кетти. Бул жаңылыш маалымат. Кээ бир мамлекеттерде учак билеттери калбай калгандыктан, чет өлкөлүк катышуучулар ачылыш аземинен кийин келүүгө аргасыз болду.

Алтынбек Максутов: — Катышуучулар жасалма түрдө болгон жок. Кайсы мамлекеттен кайсы өкүлдөр келген болсо, алар өз өлкөсүнүн атынан чыгышты. Ачылыш аземинде 76 мамлекет туу менен өттү. Андан бир-эки күн өткөн соң алты мамлекеттен маданий, спорттук иш-чаралардын катышуучулары келип толуктап, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарына жалпы 82 мамлекет катышты. Мындан тышкары көрөм депе атайын келген туристтердин саны да мурдагы жылдардан көп болду. Жада калса, спортчуларга учак билетинин жетпей калышы мына ушул себептен болсо керек. Өзүңүздөр деле баамдаган чыгарсыздар чет элдиктер "Кыргызстан" деп кыйкырып, колдоп жатты. Бул нерсеге албетте, уюштуруучулардын жана ЖМКлардын салымы чоң.

Замруководителя секретариата Всемирных игр кочевников Айжан Абдесова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова

— Чет элдик коноктор иш-чарадан кийин ойлору менен бөлүштүбү?

Айжан Абдесова: — Twitter баракчасында Көчмөндөр оюндары #worldnomadgames деген хештег менен белгиленген посттор алдыңкы сапка чыгып, АКШ элчилиги мындай хештегтердин биринчи орун алышы менен расмий куттуктады. Чет элдик коноктордун басымдуу бөлүгү аталаган социалдык тармакты активдүү колдонуп, өздөрүнүн эмоцияларын бөлүшүптүр. Мындан сырткары, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын расмий баракчасына биз тааныбаган эле коноктордон иш-чара кызыктуу жана жогорку деңгээлде өткөндүгү тууралуу сүрөт, каттар келүүдө. Алар бир гана оюндар тууралуу эмес, Кыргызстан жана анын эли боюнча да жагымдуу пикирлерин жазып жиберип жатат. Иш-чара беш жерде өтүп, чыныгы көчмөндөрдүн жашоосун көрсөтүп бердик. 1000ден ашуун боз үй тигилип, 16 ордо тургузулду. Ошондой эле этно базар да көрүүчүлөрдүн активдүү жүргөн жерине айланды.

— Жалпы даярдык канча убакытты алды?

Президент Сооронбай Жээнбеков Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарынын ачылышында. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Алтынбек Максутов: — Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары өтөрү тууралуу маалымат 2017-жылдын 15-декабрында дүйнө жүзүнө жарыяланган. Ошол убактан бери өкмөт министрликтерге тапшырма берип, даярдыктар жүрө баштаган. Мени башкы режиссёрлукка 14-июнда дайындашты. Иш-чаранын өтүшүнө өзгөчө салымды ыктыярчылар кошту. 10дон ашык ЖОЖдон 1100 ыктыярчы тартылып, баары бир да күндү калтырбай жоопкерчилик менен мамиле жасап, даярданышты. Ысык-Көлдө үч маал номерлерди кайталап жаткандыктан, айрым студенттердин кыйналып калган учурлары да болбой койгон жок.

— Ушул масштабдуу иш-чара Кыргызстанга эмне берди?

Алтынбек Максутов: — Мага чет мамлекеттен келген өкүлдөр, айрыкча Россиянын жарандары "ушундай чоң иш-чараны даярдап башка өлкөгө өткөрүп берип жатканыңарга биздин да ичибиз ачышууда. Бул оюн Кыргызстандын брэнди болуп калды эле" деген ойлорун айтып калышты. Эми Көчмөндөр оюндары кайсы өлкөдө өтпөсүн, анда Кыргызстандын аты өчпөйт деп ишенгим келет. Дүйнөлүк оюндар камтылып жаткандан кийин дүйнөнү кыдырып чыгышы туура деп эсептейм.

Айжан Абдесова: — Жабылуу аземинде эстафета Түркия мамлекетине өткөрүлүп жаткан учур эң толкундатуучу убак болду. Көчмөндөр оюндарынын туусу менен бир нече чакырымдан атайын алып келинген мөңгү суусунун берилиши өзгөчөлүк жаратты. Биринчи эле кезекте үч жолу өткөн бул оюн Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүгө зор салым кошту. Боз үйлөрүбүз, каада-салт жана маданиятыбызды чет элдик коноктор билип калды. Алар кыргыз эли таланттарга бай экенин буга чейин билбегенин айтышууда. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары жаштарга дем берди. Байыркы ата-бабаларыбыз кандай жашоодо жашап келгенин жандуу көрө алды. Мындан сырткары, туризм жаатында жол маселелери да чечилип, кийин келчү туристтер үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

— Сахналаштырууда кандай философиялык ой камтылды?

Алтынбек Максутов: — Чыгармачыл адамдын көкүрөгүндө дайыма иш аркылуу бир ойду берсем экен деген ниет жатат. Ооба, сахнада кооз нерселерди жөн эле көрсөтүп койсо да болот, бирок айтайын деген мааниси бар эмгектер элдин эсинде узакка чейин сакталат. Коюучу топ коркпостон ааламдын жаралышын, адамзаттын пайда болуусун, ата-бабаларыбыздын жашоосун саймалуу таштардагы сүрөттөр менен чыгылдырып бердик. Чыгармачыл топ менен кайсы кадр канчанчы секундда чыгарына өтө дыкат мамиле жасадык. Бир мүнөттө боз үйлөрдүн бош жерге жайгашуусу, кайра жоо келгенде жыйналып калышын өзгөчө образда чагылдырууга аракет жасадык. Айтор иш-чараны сахналаштыруу көчмөндөрдүн жашоосунун багыты боюнча кетти.

Тема:
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары (211)

Тема боюнча

Көңүлү көтөрүлгөн көчмөндөр. Бир жумалык тойдун жабылышынан жагымдуу сүрөттөр
Келсеңиз жыргамаксыз! Көчмөндөр оюну элдин шаңданган бийи менен аяктады
Белгилер:
пикир, режиссер, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Алтынбек Максутов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ