Көчмөндөр оюндарынын жүрүшү кандай болду, Кыргызстанга эмне алып келди? Бул жаатта Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов жана аталган иш-чаранын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесованы кепке тарттык.
— Алгач масштабдуу иш-чараны жыйынтыктап алышыңыздар менен куттуктайбыз! Айтсаңыздар, сиздердин баамыңыздарда Көчмөндөр оюндары кандай өттү?
Алтынбек Максутов: — Биринчиден, Көчмөндөр оюндары биз үчүн да, катышуучулар үчүн да, көрүүчүлөр үчүн да абдан кызык болду. Даярдыктар кызуу жүрүп, көп күчтү талап кылды. Катышуучулардын жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыгы менен кыска убакыттын ичинде ири иш-чарага даярданып, ийгиликтүү жыйынтыктап алдык. Ачылыш салтанатта 70тей, Кырчында 40тай, этно-фестивалда 30га жакын коюучу топ эмгектенди. Кызматкерлердин баары кесипкөй, жоопкерчиликтүү болгондуктан, алар менен иштөө жеңил жана кызыктуу болду.
Алтынбек Максутов: — Катышуучулар жасалма түрдө болгон жок. Кайсы мамлекеттен кайсы өкүлдөр келген болсо, алар өз өлкөсүнүн атынан чыгышты. Ачылыш аземинде 76 мамлекет туу менен өттү. Андан бир-эки күн өткөн соң алты мамлекеттен маданий, спорттук иш-чаралардын катышуучулары келип толуктап, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарына жалпы 82 мамлекет катышты. Мындан тышкары көрөм депе атайын келген туристтердин саны да мурдагы жылдардан көп болду. Жада калса, спортчуларга учак билетинин жетпей калышы мына ушул себептен болсо керек. Өзүңүздөр деле баамдаган чыгарсыздар чет элдиктер "Кыргызстан" деп кыйкырып, колдоп жатты. Бул нерсеге албетте, уюштуруучулардын жана ЖМКлардын салымы чоң.
— Чет элдик коноктор иш-чарадан кийин ойлору менен бөлүштүбү?
Айжан Абдесова: — Twitter баракчасында Көчмөндөр оюндары #worldnomadgames деген хештег менен белгиленген посттор алдыңкы сапка чыгып, АКШ элчилиги мындай хештегтердин биринчи орун алышы менен расмий куттуктады. Чет элдик коноктордун басымдуу бөлүгү аталаган социалдык тармакты активдүү колдонуп, өздөрүнүн эмоцияларын бөлүшүптүр. Мындан сырткары, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын расмий баракчасына биз тааныбаган эле коноктордон иш-чара кызыктуу жана жогорку деңгээлде өткөндүгү тууралуу сүрөт, каттар келүүдө. Алар бир гана оюндар тууралуу эмес, Кыргызстан жана анын эли боюнча да жагымдуу пикирлерин жазып жиберип жатат. Иш-чара беш жерде өтүп, чыныгы көчмөндөрдүн жашоосун көрсөтүп бердик. 1000ден ашуун боз үй тигилип, 16 ордо тургузулду. Ошондой эле этно базар да көрүүчүлөрдүн активдүү жүргөн жерине айланды.
— Жалпы даярдык канча убакытты алды?
— Ушул масштабдуу иш-чара Кыргызстанга эмне берди?
Алтынбек Максутов: — Мага чет мамлекеттен келген өкүлдөр, айрыкча Россиянын жарандары "ушундай чоң иш-чараны даярдап башка өлкөгө өткөрүп берип жатканыңарга биздин да ичибиз ачышууда. Бул оюн Кыргызстандын брэнди болуп калды эле" деген ойлорун айтып калышты. Эми Көчмөндөр оюндары кайсы өлкөдө өтпөсүн, анда Кыргызстандын аты өчпөйт деп ишенгим келет. Дүйнөлүк оюндар камтылып жаткандан кийин дүйнөнү кыдырып чыгышы туура деп эсептейм.
— Сахналаштырууда кандай философиялык ой камтылды?
Алтынбек Максутов: — Чыгармачыл адамдын көкүрөгүндө дайыма иш аркылуу бир ойду берсем экен деген ниет жатат. Ооба, сахнада кооз нерселерди жөн эле көрсөтүп койсо да болот, бирок айтайын деген мааниси бар эмгектер элдин эсинде узакка чейин сакталат. Коюучу топ коркпостон ааламдын жаралышын, адамзаттын пайда болуусун, ата-бабаларыбыздын жашоосун саймалуу таштардагы сүрөттөр менен чыгылдырып бердик. Чыгармачыл топ менен кайсы кадр канчанчы секундда чыгарына өтө дыкат мамиле жасадык. Бир мүнөттө боз үйлөрдүн бош жерге жайгашуусу, кайра жоо келгенде жыйналып калышын өзгөчө образда чагылдырууга аракет жасадык. Айтор иш-чараны сахналаштыруу көчмөндөрдүн жашоосунун багыты боюнча кетти.