Туткучев "атка жакын жаным эки күлүктү тең Бишкекке алып келип, үйдө эмес ипподромдо жашап калдым" деп тамашалады. Белекке берилген тулпарлардын чоо-жайы тууралуу акын менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков баарлашты.
Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн улуу күрөшү быйыл гана негизделип, алгачкы ирет өткөрүлдү. Бул мелдешке күрөштүн 13 түрүнүн абсолюттук салмагынан алтын медаль тагынгандар жолдомо алат. Оюндардын акыркы күнүндө 8 мамлекеттин 13 балбаны күчүн сынап, Россиянын Тыва субъектисинен келген Айдын Монгуш жеңүүчү аталган. Бул негизги мелдеш болгондуктан балбандардын баарына калпак, чепкен кийгизилди. Ал эми улуу балбан 1 миллион сом, көчмөндөрдүн алтын куру жана шакеги менен сыйланды. Мындан сырткары, улуу балбан титулун ыйгарып, токулган аргымак мингизип, колуна камчы карматышты.
— Алгач алган белектериңиз кут болсун дейли. Көчмөндөрдүн улуу балбанына байгеге берилген ат сизге кантип тартууланып калганы туурасында айтып берсеңиз?
— Көчмөндөрдүн улуу күрөшүн улуттук дух менен өткөрүүнү максат кылып Улан Эралиев, Аскат Акибиевдер башында турушкан. Улуттун уңгусун даңазалаган мелдеш болуп жатса, анан биз дагы сыртта карап турбайлы деп барганбыз. Баян Акматов экөөбүз 13 балбандын ар бирин бирден даңазалап ыр менен килемге чакырдык. Ошондо мага Тывадан келген Айдын Монгуш туш келген. Өзү да кыргызга окшош бети жалпак бала экен. Натыйжада жеңишке жетти. Ал деле Россияга атын алып кете албайт да. Мен эч нерседен кабарым жок эле комуз, кийимдеримди унаага салып жаткам. Балким ошол жердегилердин сунушу болдубу, чакырып келип ошол атты тартууга беришти. Футболкачан жүргөм да, аны билгенде калпак, чапанымды кийип, комузумду ала келмек экенмин. Кеч болсо да кайра алдыра коюп, жамактап рахматымды айттым. Кыргызда тартууга бергендин да ырымы болот эмеспи. Тоголоктоп 100 миң сомду анын колуна карматтым.
— Алган аргымагыңыз кандай экен, азыр каякта багып жатасыз?
— Негизи эле өзүм атка кызыккан жанмын. Анысы чынында жакшы ат экен. Кыргыздар да уят болбойлу деп улакка чабылган мыкты атты беришиптир. Эми аны менен улак тартып баштайм буюрса! Айдын мингенде эле элдин алдында ого бетер чакчаңдап сынына чыккан. Дароо эле Бишкектеги ипподромго алып келип, тааныштардын сарайына киргизип жем-чөбүн жеткирип бердим.
— Айдын Монгуштун өзү менен жеке сүйлөштүңүзбү?
— Мындан сырткары да аламан байгеден биринчи болуп келген "Байтору" тулпардын ээси да сизге бир күлүк белек кылганын уктум. Бул окуя кандайча болду?
— Ал күлүктүн ээси Турсунаалы Мамбетаитов деген белгилүү саяпкер, канча жылдан бери байге ээси болуп келет. Таптаган саяпкери Керим Өмүралиев аны "аялы менен сүйлөшпөй аттары менен сүйлөшөт, балдары менен сүйлөшпөй Байтору менен сүйлөшөт" деп коёт. Бул атты дагы сүйлөтөт деген таризде айтылган кеп.
Бир жолу интернетте казактардын байге утуп жүргөн мыкты тулпары Мурагер жөнүндө төрт сап ыр жазып интернетке чыгарып коюптур.
"Чапкандай кара тоонун коюнунда,
Барыңды сал Көчмөндөрдүн оюнунда.
Мурагер тарыхында кал кыргыздардын,
Күбө болсун эл, бир адеми кызыгыңа", — деп жазган экен.
Аны саяпкерлердин WhatsApp группасына жөнөтүшсө "биздикилер да намыс бербейт" деп чычалай башташкан. Анан мен:
"Байтору табыңа кел, күчүңө кир,
Аккула, Тайторунун изине кир.
Көктү карай сапырып, көлдүн кумун,
Казак баурларымдын түшүнө кир", — деп өзүбүздүн жигиттерге дем-күч берейин деген ой менен жазып койгом. Муну ээси окуп аябай ыраазы болуптур.
— Байторунун ээси менен мурда-кийин тааныштыгыңыз бар эле?
— Жок, ал киши менен мамилем болгон эмес. Мен аламан байге көрүп жүргөм. Мени издеп муфтийдин орун басары Замир Ракыев аркылуу чыкырышты. Барып жолукканда аябай ыраазы болуп "жанагы саптарды окуп бир сыйра ыйладык. Аалы, сендей жигиттер ат үстүндө жүргөнү жакшы. Сарайымда жалаң күлүк тайлар бар, ошонун бирөөсүн сага мингизейин, мындан ары байгелерди чогуу утуп, намыс талашып жүрөлү" деди. Бул да Кудайдын бергени, берешен адамдар экен, аларга да Кудай арттырып берсин. Ал тайды дагы алдым да ипподромго алып келип, берки аттын жанына байлап койдум. Ошондон бери үйдө эмес, ипподромдо жашап жатам.
— Байтору байгеге жеттиби анан?
— Күлүктөр 22 чакырымга чуркап, Чолпон-Атадагы ипподромду 12 ирет айланды. 10-айлампага келгенде Мурагер Байтору менен тең тайлашып, жада калса алдына өтүп кетти. Ошол кезде биз "кокуй, кандай болот эми" деп тыбырчылай баштадык. Ал эми Көлдөгү "Асанбек ата" жылкы чарбасындагы Жеңиш Батыркуловдун Ханкүрөң деген күлүгү сап баштап жүргөн. Бирок натыйжада Байтору марага биринчи келип баарыбызды сүйүнттү. Ал эми казактардын Мурагери алтынчы болуп калды.
P.S. Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө бир гана эреже болду, каршылаш балбанды көтөрүп жерге чабуу керек, эч кандай упайлар каралган эмес. Кармашкандар салмагына карап бөлүнбөйт. Анткени байыркы заманда тараза болгон эмес, алптар гана жеңишке жеткен. Экинчи, үчүнчү жана башка орундар каралбай абсолюттук жеңүүчүсү аныкталат. Себеби күрөштө Улуу жеңүүчү — бирөө, утулгандардын баары — бирдей.
Бул күрөштүн жол-жобосу менен кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынын таанышыңыз.