00:51 31 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.8100
  • EUR89.6142
  • RUB1.0114
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Психолог менен баарлашуу (100)
252303

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында туугандарынын баласын багып алып ара жолдо калган үй-бүлөнүн тагдыры баяндалат.

Жолдошум экөөбүз эрте эле турмуш курганбыз. Мен 19 жашта, ал 23тө болчу. Күйөөгө тиерим менен боюма бүтүп бир жылга жетпей уул төрөдүм. Балабызга 4-5 ай болуп калганда күйөөмдүн да жумушу жакшы болбой аябай кыйналдык, батир турчубуз. Мен базарда соода кылчумун. Айла жок жумушка чыгууга туура келди. Уулубуз бакчага баргычакты аны бактырбаган кишибиз калган жок. Карап берээр кайненем да жок эле. Өз апам болсо оорукчан болуп, өзүн араң карачу. Ошентип балабыз экиге чыгаары менен бакчага бердик. Ушинтип кыйналып жүргөн учурда кайра боюма болуп калганын билдим. Бирок ал мезгилде материалдык жактан чындап эле кыйналып жаткан кезибиз эле. Жолдошум экөөбүз кеңешип түйүлдүктү алдырып салдык. Көпкө чейин төрөбөй кое турууну чечип, сактануучу каражатты койдуруп алгам. Күйөөм экөөбүз тытынып иштеп шаардан жер алып, үй салдык. Уулубуз 1-класска барды. "Эми төрөй берейин" деп даярдансам да боюма бүтпөй койду. Дарыгерге барсам "экинчини бойдон алдырганда бир нерсе болгон окшойт" деди. Анын үстүнө базарда иштегендиктен бир топ органдарыма катуу суук тийиптир. Барбаган дарыгерим, көрүнбөгөн көз ачыгым калбады. Үй, унаага жеттик, бирок кайра балалуу боло албай койдук.

Убакыттын өтүп баратканын көрүп акыры жолдошум экөөбүз "балким артынан бөбөк ээрчитип келээр" деп бала багып алууну чечтик. Балдар, төрөт үйлөрүн кыдырып, ылайыктуу ымыркай таппай эсибиз ооду. Ошентип айлабыз кетип жүргөн учурда кайын эжемдин кызына никесиз боюна бүтүп калып, алдырам деп жүргөнүн угуп калдык. Сүйлөшүп баласын багып алууну чечтик, кубанганыбызды айтаңыз. Кыз да, ата-энеси да макул болуп эч кимге, туугандарга да айтпай өзүм төрөгөндөй төрөтүп алдык. Ырас, кыз экен. Документтеринин баарын ошол учурда эле бүтүртүп, кол койдуруп алганбыз. Кайын сиңдим төрөп берери менен чет өлкөгө иштегени кетти. Ымыркайды өз балабыздай асырап багып алдык.

Бирок кызыбыз үчкө чыгып кишини элжиретип калган убагында "өз энесинин" келгенин уктук. Үйгө келип конок болуп, кызды көрүп кеткен. Ошондон баштап эле баягы кайынсиңдим үйгө ар кайсы шылтоо менен тез-тезден каттай баштады. Чынын айтсам, кызымды "энесинен" кызгандым, корктум. Санааркап жолдошума айтсам ал карындашына "бул биздин кыз, өзүңө көп эле жакындата бербе" деп салган. Ошентип кайын эжем менен кызынын айынан жаман-жакшы көрүнүшө баштадык. Кайра-кайра келип, бакчага чейин барганынан түшүндүрсөк, "өзүм билем, кааласам кызымды алып кетип калам" деген жоопту уктук.

Ошондон баштап санаам санга бөлүндү. Кошунанын балдары да уулума "карындашың сага такыр окшош эмес" деп айтканын угуп жүрөгүм ооруду. Кызым чоңойгондо өз энеси башка экенин билсе бизге таарынып кетип калбайбы деп сарсанаа болом. Атасы болсо кызы менен жаны бир. Анын да ичинен жаман болуп жүргөнүн байкачу болдум. Менин боюма бүтө элек. Туугандын баласын баккан да азап экен. Кайын-журт жагым чекесинен биле баштады. Баары бир кийин угулат да. Ушундай кезинде эле кызын кайра берип салсакпы деп да ойлоном. Бирок кенедейинен күнү-түнү уктабай баламдан артык баккан кызымды өзүн тыңыраак карай албаган кайын сиңдиме — "өз энесине" кантип берип салам. Айлам куруду.

"Психоанализ. кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков

Бул маселе негизи орчундуу көйгөй. Бала багып алган үй-бүлөдө азыр болбосо да, кийин кыйын учурлар болушу толук ыктымал. Мындай кырдаалга туш болгон адамдар сөзсүз психолог менен кеңешкени жакшы. Кат түрүндө деле кайрылса болот, бирок бул жерде көп суроо жаралгандыктан психолог менен бетме-бет отуруп сүйлөшкөнү дурус. Кат жазган келин убагында кайрылыптыр. Анткени кийин чындап эле баары татаалдашып кетиши ыктымал. Бул жерде багып алган тарап дагы, төрөп берген энеси дагы баланын келечектеги тагдырын ойлошу керек. Эгер эки тарап тиреше берип, баланы суицидге да алып барышы мүмкүн.

Бала багып алуунун жолун эмне үчүн мамлекет татаал жана сырдуу түрдө кылат? Анткени ушундай учурлардан оолак болуусун шарттайт. Эгер баары жеңил болсо, анда баары бири-биринин баласын багып ала бермек да.

Төрөп берген эне кызына кайра келе баштаса, демек ал чет жакта жүрсө да баласын жүрөгүнөн чыгарган эмес. Убагында жаш болуп бала эмне экенин түшүнбөй эми көзгө көрүнүп калган убакта анын энелик сезимдери ойгонгондур. Балким, убагында туугандарынын же ата-энесинин кыйноосу менен эле алдырам деп же жөн эле айла жок башкага бергендир. Анын үстүнө тогуз ай курсагында көтөрүп жүргөндө энелик мээрим, энелик сезим бардык аялда ойгонот. Дагы бир вариант бар, балким бул үй-бүлө материалдык бир нерсе үмүт кылып ошол себептен коркутуп жаткандыр. Ушундай түшүнбөгөн суроолор жаралбаш үчүн психолог менен бетме-бет сүйлөшкөн жакшы.

Бул жерде өз энеси кызынан алысташ үчүн турмушка чыгуусу керек. Анткени ал турмушка чыкканда тийчү күйөөсүнө "кызым бар же убагында ушинтип кош бойлуу болуп калгам" деп айта албайт да. Кызын өзүнө алган менен деле күйөөсү бирөөнүн баласын багып бербейт. Анын үстүнө төрөп, алаксыйт. Эгер ал күйөөгө тийбей жүрө берсе баягы кызын алам деген ойлору башынан чыкпай, баланын психологиясын бузушу мүмкүн.

Негизи багып алган баланыкы эртеби кечпи баары бир билинет. Туугандын баласын багып алгандын бир жаман жери баары бат эле билет. Бирок башка бир жактан асырап алсаң деле ошондой күн эртеби-кечпи келет. Ошондуктан убагы келгенде багып алган тарап чүрпөсүнө баарын түшүндүрүп айтышы керек. Башкадан уккандан көрө өздөрү айткан жакшы.

Эң башкысы — эки тарап тең өздөрүнүн кызыкчылыгын эмес, кызды жана анын кийинки тагдырын ойлосун. Эки тарап отуруп алып ачык сүйлөшсүн, анын үстүнө тууган экен.

Эгер өз энеси чындап эле багып кете ала турган болсо убагында бергени жакшы, жок ал жөн гана бир нерсе үмүт этип жатса анда баланы кор кылбасын.

Тема:
Психолог менен баарлашуу (100)

Тема боюнча

Өзүм үчүн төрөп алгам, бирок, кызым мени жек көрүүдө. Бишкектик айымдын муңу
Кызым мени жек көрөт, кол да көтөрчү болду. Айласы кеткен эненин тагдыры
Белгилер:
үй-бүлө, балдарды асыроо, бала, психолог

ЭҢ МААНИЛҮҮ