16 суурдун терисин жамынган баатыр! Ырчы Съездбек Искеналиев тууралуу 7 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы, актер, режиссер Съездбек Искеналиев. Архив
Ырчы, актер, режиссер Съездбек Искеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн ырчы, актер, режиссер, продюсер, айтор ар тараптуу өнөр ээси Съездбек Искеналиевдин туулган күнү.

Чыгармачылык чыйыр жолун баштаганда эле сахнага териден жасалган түрдүү кийимдерди кийип чыгып өзгөчөлөнсө, кийинчерээк тойлорго эң көп чакырылган аткаруучулардын катарына кирген. Былтыр "Мына минтип" деген чыгармасы менен тойлордо ырдап, бир айда 5000 доллар тапканын да айткан эле.

Көптөгөн өнөрдүн ээси Искеналиев бүгүн 38-жаштын нанын жеп, чайын ичип отурган кези. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги анын өмүр жолуна саресеп салып, кызыктуу фактыларды чогултту.

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Ырыскелди Осмонкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрте үйлөнгөн Тырсаалы же Ырыскелди Осмонкулов 50 жашта. Ырчы тууралуу 7 факты
11 бир туугандын онунчусу. Обончу жана аткаруучу Съездбек Искеналиев 1980-жылы 2-августта Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 11 бир туугандын онунчусу. Ал кичине кезинде эле ырчы болууну самап, тили жаңы чыкканда эле ырдап баштаптыр. "Үйдүн кенжеси болгондуктан эрке өскөм" деген аткаруучу ыйлаак бала болгонун да жашырган жок. Бир туугандарынын улуусу азыр 54 жашта.

Атасынан эрте ажыраган. Ырчынын ата-энеси көп жыл соода тармагында эмгектенип, дүкөн иштетишкен. Тилекке каршы, атасы эрте эле каза болуп, 11 баланы апасы жалгыз тарбиялаган. Ырчы мүнөзү жумшак, ишенчээк, анан мокок экенин айтып, муну ата тарбиясын көрбөй калгандыгы менен байланыштырам дейт. Азыр өзү көрбөгөн аталык мээримди, тарбияны балдарына толук бергенге аракет кыларын айтты.

Аз жерден кыл кыякчы боло жаздап… 9-классты аяктаган соң Искеналиев апасы менен шаарга келип Муратаалы Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз улуттук аспаптар бөлүмүнө тапшырган. Башында кыл кыякты үйрөнүп, чертип жүрүп, кийин комуз бөлүмүнө өтүп кеткен. Азыр ал комузда эле кол ойнотпосо, кыл кыяк черткенди жакшы билбейт. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырып ал жактан менеджер бөлүмүн аяктаган.

Тери жамынган ырчы. Искеналиев музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө эле обон чыгаруу менен алектенип, "Өмүр деген", "Басаар жолдо" жана башка ырларын жазган. Эл оозуна "Селкиге" деген чыгармасы менен алынган. Ырынан да аткаруучунун териден жасалган формасы "хит" болуп, аткаруучуну тааныш, жоро-жолдоштору "16 суурдун терисин жамынган баатыр" деп тамашалап чакырчу. Ал формасынын тарых-таржымалын ырчы Sputnik Кыргызстан агенттигине төмөндөгүчө эскерип айтып берген. "Аны жаңы тиктиргенде кыш мезгилине туура келип калып, ашатпай эле дароо тигип салып жыты көпкө чейин кетпей жүрдү. Ошол жыты менен сахнага кийип чыгып араң ырдагам. Жытын эми айтпай эле коеюн. Анан жайында какшытып коеюн деп сыртка жайып койсом, күчүк сүйрөп кетип, тытып салыптыр. Жулуп келип, тигип, илип койгом".

Актер, продюсер. Съездбек Искеналиев бир гана ырчы, обончу, аткаруучу эмес, актер дагы. Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасындагы баш каарман Мураттын образын жаратып, көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурган. Актер ошол тасмадан кийин кино чөйрөсүнө болгон кызыгуусу артып өзү тасма тартып, "Карт бойдок", "Карт бойдок 2", "Беш миң сом", "Аманат" сыяктуу тасмаларга продюсерлик кылган. Учурда ал "Кыргызкиносундагы" продюсерлер уюмунда жетекчи катары иштеп жатат.

© Фото / СинемАртСъездбек Искеналиев жубайы менен
Певец и актер Съездбек Искеналиев с супругой - Sputnik Кыргызстан
Съездбек Искеналиев жубайы менен

Үй-бүлөсү. Жубайы Жаркынай Чүй облусунун Токмок шаарынын кызы. Кесиби бухгалтер. Жубайлардын ортосунда үч бала бар. Келинчеги экөөнүн туулган күнү бир убакытта болгондуктан, өздүк майрамдарын бул үй-бүлө Ысык-Көлдө өткөрүүнү салт кылып алышкан.

Тойлордогу акысы. Ырчынын гонорары ар кандай. Үч ыр 200 доллар деген аткаруучу бардык тойдо эле мынча акчага ырдай бербей тургандыгын айтты. Кээде тууган-тааныштарынын жакшылыгына бекер ырдап берсе, чын дилинен суранып, бирок акчасы тартыш болгондорго да акысыз барган учурлары болот. Былтыркы жылы жарык көргөн "Мына минтип" ыры тойлордун көркүн ачып, аны менен аткаруучу бир айда беш миң доллар тапканын айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0