Съездбек Искеналиев: "Мына минтип" бир айда 5 миң доллар табат деп күткөн эмесмин

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы жана актер Съездбек Искеналиевдин архивдик сүрөтү
Ырчы жана актер Съездбек Искеналиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сахнага алгач чыкканда эле узун чачы, териден жасалган кийими, андан кийин "Боз салкын" тасмасында Мураттын образы менен элдин эсинде калган ырчы Съездбек Искеналиев жакында эле шоу-бизнеске дагы бир жаңылык киргизди. Ал өзгөчө стилдеги "Мына минтип" аттуу поппури ырын жарыялап, чыгармасы учурда тойлордун көркүн ачууда.

Бул ыры менен ырчыга күн сайын аз дегенде эки-үч тойго чакыруу түшүп, ити чөп жаткан мезгил. Мындан улам ырчы менен кабарчыбыз Таалайгүл Усенбаева баарлашып, чыгармачылыгы, ийгилик сырлары тууралуу кеп кылышты.

— Учурда "Мына минтип" деген ырыңыз тойлордо абдан популярдуу болуп жатат окшойт. Атайын тойго ылайыктап жаралган ыр окшойт?

— Жок, андай деле ой болгон эмес. Чыгармачыл адам дайыма өзгөчөлөнүп турушу керек эмеспи. Мен да бир калыпта жүргөндү жактырбайм. Атың чыккандан кийин бир жол менен кете берсең эл деле сенден тажап калат. Мындан улам дайыма изденүү үстүндө жүрүп, бурулуштарды жасагым келет. "Мына минтип" ыры да менин чыгармачылыгымдагы бурулушум десем болот.

— Чыгармачылыгыңыздагы өзүңүз бурулуш деп жаткан ырды жаратуу идеясы кандайча пайда болду?

КРдин Эмгек сиңирген артисти, ырчы Юлия Руцкая. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Юлия Руцкая 36 жашта! Ырчы тууралуу кызыктуу 5 факты
— Бир күнү уулумду бакчага алып барсам бөбөктөр "мышык, чычкан ойнойбуз, мына минтип, мына минтип" деп ойноп жатышыптыр. Бул сөз дароо эле кулагыма жакшы угулду. Анткени муну биз да бала кезде ойноп калчу элек. Байкап көрсөм "мына минтип" деген сөздүн өзү эле адамды кыймылдатат экен. Ойлонуп отуруп, аны обонго салып көрүүнү туура таптым. Аранжировка кылган бала менен кеңешип буга ар түрдүү дүйнө элинин музыкасын салып көрдүк. Бири-бирине ылайык келгендерин топтоп, ага акын Акбар Кубанычбековго сөзүн жаздырдым. Ошентип кыргыз колоритиндеги жөнөкөй обонго дүйнөлүк ырларды байлап койдук. Жыйынтыгында оригиналдуу ыр жаралып калды. Дагы бир кызык нерсе, улуу композиторубуз Абдылас Малдыбаевге таандык "Мына минтип" ырынын дагы бир обону бар экен. Бирок ал хорго ылайыкталыптыр. Экөөбүздүн обонубуз окшош болуп калбасын деп атайын Алтын фондуга барып аны угуп, ыр чыгардын алдында ал жакта иштеген эжелер менен да акылдашкам. Жалпысынан алып келгенде мен кыргыздын "ак терек, көк терек", "сал-сал, сал билек" деген сыяктуу "мына минтип" оюнун обонго салып койдум. Ыр июнь айынын башында элге тартуулана баштады.

— Тойлорго ылайыкталган бийдин баары бир ырга топтолуптур. Той-топурларга чакыруулар көп болуп жатса керек?

— Айтпаңыз. Менин атым Съездбек эмес эле "мына минтип" болуп калды. Балдардын баары "мына минтип" байке деп айтып калышты (күлүп). Чыгармачылыгымдагы эл оозуна тез алынган ырларымдын сап башында ушул эмгегим турат десем жаңылышпайм. Азыр чындыгында тойлорго сунуштар көп, күн сайын түшүп жатат. Жакшылыкка чакыргандар биринчи эле "Мына минтипти" сөзсүз ырдаңыз биз ага флешмоб даярдап койдук" деп чалышат.

© SputnikСъездбек Искеналиев: менин атым Съездбек эмес эле "мына минтип" болуп калды. Балдардын баары "мына минтип" байке деп айтып калышты. Чыгармачылыгымдагы эл оозуна тез алынган ырларымдын сап башында ушул эмгегим турат десем жаңылышпайм
Певец и актер Съездбек Искеналиев - Sputnik Кыргызстан
Съездбек Искеналиев: менин атым Съездбек эмес эле "мына минтип" болуп калды. Балдардын баары "мына минтип" байке деп айтып калышты. Чыгармачылыгымдагы эл оозуна тез алынган ырларымдын сап башында ушул эмгегим турат десем жаңылышпайм

— Демек, азыр сиздин итиңиз чөп жеп жаткан кез экен да. Мурдагыдан да чакыруулар көбөйүп, жаңы ыр киреше булагы болуп жатса керек?

— Мурда тойлор күздө же дем алыш күндөрү эле болчу. Азыр күнүгө той. "Мына минтип" ырым чыккандан бери мурдагыга караганда чакыруулар эки эсеге көбөйдү. Күндө эки-үч жерге барып ырдай баштадым. Мурда " Аруу кызым" деген ырым менен көп чакырса азыр, "Мына минтип" андан озуп кетти. Жарык көргөндө эле киреше алып келген ырым ушул болду. Бирок канча болгонун так билбейм. Клип, ыр жаздыруу сыяктуу чыгымдарын жапканга кенен жетти. Болжол менен бир айда беш миң доллардын тегерегинде киреше алып келди.

— Негизи тойдо ырдоо бааңыз канча, же бир чыкканыңыз үчүн канчадан аласыз?

Исполнитель отечественного шоу-бизнеса Аскат Мусабеков - Sputnik Кыргызстан
Аскат Мусабеков: Бек Борбиевдин пикирине кошулам, ал биз тууралуу чындыкты айтты
— Ар кандай. Негизи үч ыр 200 доллардын тегереги. Бирок баардык тойдон эле мындай акча ала бербейбиз. Кээде тууган-тааныштар жакшылыгына бекер ырдап бер деп чакырышат. Айрымдары чын дилинен суранып бирок акчасы тартыш болуп жатса, акысыз ырдап беребиз. Кээ бир керсейген адамдар 200 доллар берип койдум деген таризде мамиле кылышат. Ал эми карапайым адамдардын тоюна барсаң, аябай жакшы маанайда кабыл алышат. Бул учурда ичибиз жылып кетип 4-5 ыр ырдап жиберебиз. Айрым байлардын тоюна барсаң, эки жак бири-бирин сынап отурат. Андай учур бизге да жаман таасир этет.

— Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет дейт эмеспи. "Аруу кызым" аттуу ырыңыз да жакшы ийгиликтерди алып келген ыр экенин билебиз. Анткени ошол ырдын арты менен бир топ адам кызын узатты, көбү кызынын атын Арууке деп аташты.

— Ооба, бул да менин чыгармачылымдагы ийгилик алып келген ырым десем болот. Жогоруда айтып кеткендей биринчиден, дайыма өзгөчөлөнүп турганды жакшы көрөм. Экинчиден, бул маркетинг. Элдин маанайын өзүңө бурдуруу үчүн изденүү керек. Буга байланыштуу "Аруу кызым" былтыр, мурдагы жылдары кыз узатуу салты популярдуу болуп баштаган кезде жазылган чыгарма. Европа стилинде той ачуу ыры десек болот. Ыр менен кошо атасы кызын жетелеп келип, күйөө баласына өткөрүп берет. Башында бул идеямды жактырбагандар четтен чыкты. Бирок чын-чындап келгенде бул туура. Анткени кыз —аманат. Ошончо жыл бапестеп өстүргөн кызын башка бирөөгө оңой эмес. Кыз бала менен атанын ортосундагы сый-урмат башкача болгондуктан мен бул нерсени ыр аркылуу берүүнү туура көрдүм.

© Фото / СинемАртСъездбек Искеналиев: Келичегим Жаркынайда мага жаккан сапаттын баары бар
Певец и актер Съездбек Искеналиев с супругой - Sputnik Кыргызстан
Съездбек Искеналиев: Келичегим Жаркынайда мага жаккан сапаттын баары бар

— Анда кыздарын узатып жатып ыйлаган аталарды көп көргөн турбайсызбы?

— 20 жылдан ашык алдейлеп, алпештеп, көкөлөтүп баккан кызын башка бирөөгө берген мезгил бардык эле атага оңой болбойт. Бир жолу үлпөт тойго кечигип барып, эл беш бармак жеп жаткан учурда ырдоого туура келип калды. Анан тамадага барып "кечигип калдым" десем, ал "Аруу кызымды ырда, атасы менен кызы жеңил бийге түшсүн" деп калды. Ырдап баштап ортосуна келгенде атасына "эми кызыңызды аманат кылып күйөө балаңызга өткөрүп бериңиз" десем шолоктоп ыйлап, отургандын баарын жашыткан. Өзү болсо олбурлуу чоң эле киши. Кайра өзүм да жаман болуп көзүмө жаш алгам. Негизи бул ырдын сөзүн Кыялбек Урмамбетов агайыбыз жазып берген. Анын да жалгыз кызы бар экен. Ага сунуштап барсам эле "менин жүрөгүмдөгү теманы тааптырсың, ырды Аруу кызым деп атайбыз" деп сонун кылып сөзүн жазып берген. Обону өзүмдүкү.

— Силер азыр заман талабына ылайыктап сахнага эмес, тойлорго ылайыктап жаңы ыкмаларды ойлоп чыгып калган турбайсыңарбы?

— Сахна башка, той башка. Сахнанын сүрүн, анын сырын чыныгы ырчы гана сезет. Ал жакта ырдоо өзүнчө бакыт. Тойдо ырдагандын бир жаман жери эл тамактанып отурат.

— Сизди бир гана ырчы эмес, актер катары да билебиз.. "Боз салкын" тасмасындагы образыңыз элдин эсинде. Негизи мүнөзүңүз кандай?

Молодая певица Толгонай Арзыкеева - Sputnik Кыргызстан
Despacito ырын аткарган Толгонай: россиялык продюсерден баш тарттым
— Мен өтө жумшак, ишенчээк адаммын, мококмун. Ушул сапаттарымдын пайдасын да көрөм, зыянын да тартам. Мунун себебин атамдын тарбиясын көрбөй калганымдан көрөм. Ал кичине кезимде эле каза болуп калып, бизди апам жалгыз тарбиялаган. Ошол себептен мүнөзүм жумшак болсо керек. Азыр өзүм көрбөгөн, жетпеген нерселердин баарын балдарыма толук бергенге аракет кылам.

— Канча бир туугансыз?

— 11 бир туугандын онунчусумун. Өзүмдүн үч балам бар.

— Сиз ырчы, актер, режиссер, продюсер болуп жүргөнүңүздү билебиз. Кайсы жагына көбүрөөк жакынсыз.

— Азыр иштесек ишке, ичсек ашка тойбой турган кезибиз. Бардык тараптан жетишкенге аракет кылам. Продюсер багыты боюнча билим алгам. Анан же ырчыга, же тасмага продюсерлик кылуу сунушу түшүп тасманы тандап алдым. "Боз салкын" тасмасына тартылгандан соң киного да кызыгуум артып, эки-үч тамсага режиссер болдум. Ырчылык өнөрүмдү да бирдей алып кеткенге аракет кылам.

— Сизди көбү тери жамынган ырчы деп таанышат эмеспи. Жаңы чыкканда эле чыгармачылыгыңызды өзгөчөлүк менен баштапсыз да?

Эстрада ырчысы Мерген Тургандын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чикимбарумбей! 90-жылдардагы хиттер: аткаруучулар азыр кайда
— Ооба. Мен ал кийимим менен чыкканда алып баруучулар 16 суурдун терисин жамынган баатыр деп тамалашап сахнага чакырчу. Ал кийимдин тарых-таржымалы көп. Аны жаңы тиктиргенде кыш мезгилине туура келип калып, ашатпай эле дароо тигип салып жыты көпкө чейин кетпей жүрдү. Ошол жыты менен сахнага кийип чыгып араң ырдагам. Жытын эми айтпай эле коеюн. Анан жайында какшытып коеюн деп сыртка жайып койсом, күчүк сүйрөп кетип, тытып салыптыр. Барып жулуп келип, тигип аны илип койгом.

— Эл көзүндө жүргөн айрым адамдардан айырмаланып жубайыңызды коомчулуктан жашырбайсыз, ал тургай аны менен бирге клипке тартылып жүрөсүз. Кызганбайсызбы?

— Муну менен биринчиден, өзүмдүн аялыма болгон сый-ураматымды көрсөтүүгө аракет кылам. Анткени ал бойдок кездеги кыялымдагы адамым. Ар тараптан мени колдоп, жөлөк-таяк болуп турат. Экинчиден, аял кишиге ар дайым сый-урмат көрсөтүү керек. Анткени аял —эне, сүйүктүү жар, балдарыңдын апасы. Муну менен башкаларды аялзатын сүйүп, урматтап турууга чакыргым келет. Биз эл көзүндөгү адам болгондуктан айрымдары бизди көрүп түзөлөт. Андыктан жубайымды эл көзүнө алып чыгуудан тартынбайм.

Жаңылыктар түрмөгү
0