02:12 21 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маек учурунда

Жолдордун жыл айланбай жыртылган себебин министр айтып берди. Көйгөй маек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
1111 0 0

Учурда Кыргызстанда жол куруу иштери жер-жерлерде кызуу жүрүүдө. Айрымдары бир нече жылдан бери ызы-чуу менен коштолуп бүтпөй, дагы биринин сапаты тургундардын көңүлүн жылытпай келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду маекке чакырып, өлкөдөгү жол курулуштарын талкуулады.

— Сөзүбүздү ири долбоорлордон баштасак. Акыркы жылдары чет мамлекеттерден алынган каражаттын көпчүлүгү жол салууга жумшалууда. Ушу тапта курулуп жаткан Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолун алсак, ага кеткен каражат өзүн тез эле актайбы?

— Курулушка кеткен каражат сөзсүз акталат. Жол — бул экономиканын локомотиви. Мисалы, Бишкек — Ош жолун айтайын, анын реконструкциясы 1996-жылы башталган. Жол бар жерге жарандар, эс алуучулар барат, товар ташылат, жеке ишкерлик жанданат, соода-сатык өз жолуна түшөт. Ушулардын аркасы менен тез эле өлкө казынасына киреше түшө баштайт. Мурда Суусамыр өрөөнүндө бир дагы кафе, боз үй жок болчу, азыр толтура.

Ал эми курулуп жаткан альтернативалуу жол жөнүндө айтсам, Тогуз-Торо менен Жумгал райондорун өнүктүрүүгө жол ачылат, ал жактагы ишканалардын товарларын эркин ташууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андан сырткары, саясий мааниси да бар. Трасса өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган эң кыска жол болот. Буюрса, алынган карыз акчаны төлөөдө кыйналбайбыз, тескерисинче, экономиканын өнүгүүсүнө чоң түрткү болуп берет.

— Ошондо Кыргызстан альтернативалуу жолго сарпталып жаткан акчаны качантан баштап төлөйт?

— Жолду толугу менен 2021-жылы бүтүрүү пландалууда. Насыяны 2029-жылдан тарта төлөп баштап 25 жыл ичинде берип бүтүрүшүбүз керек.

Министр транспорта и дорог Жамшитбек Калилов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жамшитбек Калилов 2016-жылдын 11-ноябрынан тарта Транспорт жана жол министри болуп иштеп келет

— Бишкек — Ош жолу тууралуу сөз кылдыңыз. Эл аралык маанидеги ал трассанын учурда абалы аябай начарлап баратат. Ири каражат жумшалып реконструкцияланган жолдун эксплуатациялык мөөнөтү өттүбү?

— Трассанын ашууда салынган тилкелери эки эсе тез бузулат, ал жерлерде климаттык шарт катаал. Негизи эксплуатациялык мөөнөтү сегиз жылдан 16 жылга чейин деп берилген. Мындайча айтканда, бизге берилген кепилдиктен өтүп, 20 жылдан ашык убакыттан бери колдонуп жатабыз. Жолдун айрым чакырымдары сапаты жакшы абалда турса, кээ бир жерлери эле начарлап кетти. Ошондуктан өткөн жылдан баштап бюджеттен бөлүнгөн акча менен ал жолго жаңы асфальт төшөп баштадык. Оңдоо иштери дагы улантылат.

— Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу 2016-жылы толугу менен бүткөрүлүп колдонууга берилген. Бирок азыр ошол трассанын Ат-Башы менен Торугарт ашуусунун ортосунда жарака кеткен тилкелери пайда болду. Эмнеге жаңы жол эки жылга жетпей эле бузулуп жатат?

— Ат-Башыдан Казыбек айылына чейинки аралыкта бир тилкеде жаралган ал маселени билем. Аны биз чет элдик адистер менен тактап, себебин аныктаганбыз. Көрсө, ал жерде кышкысын суук катуу болуп асфальт тоңуп жарылат экен. Аны кытайлыктар бир жылдык кепилдик мөөнөтү менен салган. Нарын облусундагы жумушчулар жыл сайын оңдоодон өткөрүп турууда.

— Ошондо чет элдик компания салган жолду кайра өлкө казынасынан алынган акча менен оңдоп жаткан экенбиз да. Жоопкерчиликти ким алат?

— Жоопкерчилик толугу менен министрликтин мойнунда, биз көйгөй жаралбай тургандай кылып иш алып баруудабыз. Ал жердеги сууну башка жакка буруп, кошумча оңдоо иштерди жүргүздүк. Анан биздин климат өзгөчөлөнүп турат, жаңы жолду оңдоп карап туруш керек. Ага эски трассага караганда көп каражат сарпталат. Түрдүү жол кырсыктары, өзгөчө кырдаалдар да болбой койбойт экен.

— Менимче, ушундай эле абал Боом капчыгайында да болду. Аны кытайлыктар куруп бүттү, кийин ал жерге суу ага турчу түтүктөрүн салдыңар…

— Суу түтүктөрү негизи курулуштун долбооруна кирген эмес. Ал жерде жазында, жайында катуу нөшөрлөп катуу жамгыр жаай турганын кийин байкадык. Ошонун айынан унаалар өтчү жолго суу толуп калып жаткан. Мындай табигый процесстерди эске алуу өтө кыйын, эсептөө дагы мүмкүн эмес. Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн өзүбүз кошумча курулуш ишин аткардык.

Министр транспорта и дорог Жамшитбек Калилов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Калилов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу

— Дагы бир ири долбоорду эстейли. Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолун куруу 2016-жылы башталмак эле, дымактуу демилге эмне болду?

— Негизи ал темир жолду куруу маселеси 1996-жылы эле көтөрүлгөн. Ошол маалда атайын дирекция да ачылган. Биз азыр эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз, бирок бирдиктүү жыйынтыкка келе элекпиз. Учурда маршрут менен колея (эки рельстүү темир жол — ред.) боюнча бир пикирге жетише элекпиз. Кытай тарап ичке колеяны сунуштаса, Кыргызстан өзүбүздүкү болсун деп жатабыз. Аталган курулушту ишке ашырууга коңшу эки өлкө тең кызыкдар, сүйлөшүүлөр уланып жатат.

— Чубактын кунундай чубалган курулуштар жөнүндө сөз кылып кетпесек болбойт. Балыкчы — Корумду, Бишкек — Кара-Балта жолдорундагы иштер эмне болуп жатат, качан бүткөрүлөт?

— Бишкек — Кара-Балта жолу үч жылга чейин созулуп кетти. Былтыр тендерде эң арзан кызмат көрсөтөм деген кытайлык фирмага бердик. Бирок жолду кеңейтүүдө маселелер жаралып, трассанын боюнда жашаган эл менен акылдашып, эки миллион долларга чейинки компенсация төлөнүүдө. Учурда курулуш жүрүп жатат. Жол 2021-жылы пайдаланууга берилет. Ал эми Балыкчы — Корумду аябай көйгөйлүү жол болду. 2015-жылы бир жылда бүткөрүлмөк. Чет элдик компания ишти убагында аткарбай жатат. 2020-жылы бүтүп калышы мүмкүн.

— Түшүнүктүү. Бизде курулуп бүткөн жолго сөзсүз сын айтылап, жогорудагыдай кемчиликтер да көрсөтүлөт. Сапатка көңүл буруу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?

— Буга чейин министрликтин өзүнүн лабораториясы жок болуп, аябай аксап келгенбиз. Былтыр бир көчмө лаборатория алдык, бирок ал да жетишсиз. Жабдуу бир гана жол кыртышынын сапатын аныктабастан, көптөгөн функцияларды аткара алат. Андан сырткары, жолдорду паспорттоштуруунун негизинде 300 чакырымдан ашык жолго паспорт чыгаруу үчүн талаа иштерин жасадык. Негизи бул жумуштар 10-15 жыл мурда жасалышы керек болгон. Биз ал жагынан өтө эле кечиктик, бирок кеч болсо да баштадык. Ал иштер өз жемишин берет. Анткени байма-бай текшерүү болгон жерде сөзсүз оңолуу, түзөлүү болот.

Министр транспорта и дорог Жамшитбек Калилов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Министр: жаңы жолдордун сапатын текшерүү иштеринде биз 10-15 жыл артта калдык

— Жол салуудагы коррупциялык иштер буга чейин айтылып келген, азыр дагы сөз болуп турат. Министрлик ага каршы кандай аракеттерди көрүүдө?

— Чындыгында сын көп. Министр кызматын аркалап келе жатканыма эки жылдай болуп калды. Бул убакыт аралыгында биздин тармактагы коррупциялык тобокелчиликтерди анализдеп, мыйзамсыз аракеттерге эмне түрткү болуп жаткандыгын аныктап чыктык. Ага ылайык, жол курууда бир нече жагдай белгилүү болду.

Биринчиси — бүткөн курулушту кабыл алуу иши. Бул функция мажбурланып эле жолдорду эксплуатациялоо ишканаларына берилип калган. Иш жүзүндө алардын тийиштүү деңгээлде көзмөлдөп кабыл алуу мүмкүнчүлүгү такыр жок. Себеби алардын инженери, лабораториясы, жада калса төшөлүп жаткан асфальттын ысыктыгын текшерүүгө термометри жок. Биз ал милдетти аталган мекемелерден алып салдык. Негизи жолдорду эксплуатациялоо ишканалары тендер өткөрүп, курулушка берилген акчанын туура кетип жатканын эле карап, сапатын инженерден сураш керек. Анан өзүң төлөп, өзүң куруп, анан өзүң жасаган ишти кабыл алган болбойт.

Экинчиси — мага тендер өткөрүү процессинде көп нерсе жакпай келет. Азыр ал иш мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу ишке ашат. Ошондо кээде тендерге катышып уткан ишканалар техникасы менен эмес, калем сабы менен келгенин көрөсүң.

— Соңку сурообуз болсун. Сиздин баамыңызда Кыргызстандын жолун качантан баштап жергиликтүү компаниялар салып, мамлекет өзү толук каржылап калабыз?

— Бизге бир аз убакыт керек. Себеби азыр жергиликтүү компаниялар белгилүү бир деңгээлге чыгып калды. Алар өлкөдөгү эл аралык трассаларды, Бишкектин жолдорун салып өздөрүн көргөзүп жатышат. Экинчиден, ал ишканалардын эл аралык долбоорлорго катышып кете алышына буга чейин шарт түзүп бере алган жокпуз. Азыр ушул боюнча иш-аракеттер көрүлүп жатат. Дагы беш жылдан кийин жол курган ата мекендик компаниялар бизде, чет өлкөдө ийгиликтүү иштей баштайт деген ишенимдемин.

Тема боюнча

5 млн. доллар кредитти 2% үстөгү менен алуунун жол-жобосу. Пайдалуу маек
Бишкектеги Айтматов көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат
Белгилер:
маек, министр, курулуш, жол, Жамшитбек Калилов, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ