Жүргүнчү аял Оштон Екатеринбургга учуп чыгары менен учак ичинде көз жарды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрөттү борт коштоочулар кабыл алган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандык келин Ош шаарынын аэропортунан Екатеринбургду көздөй учуп чыккан учак ичинде көз жарды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлашты.

“Аял Екатеринбург шаарына сапар алган самолет ичинде 7-июль күнү саат 15.15те төрөдү. Борт коштоочулар төрөттү кабыл алып, капитан Оштун аэропортуна кайтуу чечимин кабыл алган”, — деп айтылат маалыматта.

Аба майданына конору менен эне-баланы күтүп турган тез жардам бригадасы алып кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0