13:33 10 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8499
  • EUR79.4752
  • RUB1.0437
Блогер, специалист по пиару, продюсер Азим Азимов

Режиссер Азимов: "Ала качуудан" кийин босогодогу кемпирди аттап өткүлө дегендер болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
741 0 0

Ала качкан кишинин колунан ажал тапкан чырактай Бурулайдын өлүмү карапайым адамдардан тарта өлкө башында тургандарга чейин ойлондуруп койду.

Ошондон бери коомдук активисттер, аттуу-баштуу инсандар мындан ары кыздардын тагдыры талкаланбасын деген максатта ар кандай акцияларды уюштуруп жатат.

Ал эми блогер, пиар адис жана продюсер Азим Азимов "Ала качуу" аттуу кыска метраждуу тасмасын тартуулады. 

Жарыкка чыгары менен эл оозуна алынган тасманын режиссеру Sputnik Кыргызстан агенттигине баш багып, фильмдеги урунттуу учурлар тууралуу маек куруп берди.

— "Ала качуу" мурдараак тартылганы көрүнүп турат. Толук кандуу, чоң тасма катары пландадыңар беле?

— Ооба, ушул жылдын жаз айларында тартканбыз. Башында эле кыска метраждуу фильм катары пландалган. Өзүмдүн студиям бар, ал жакта ай сайын ар кандай темада роликтерди тартып турабыз. Бул катардагы долбоорлордун бири болмок. Монтаж иштери бүтө жаздап калганда Бурулайдын окуясы болуп кетти. Таң калганыбыз — биздин каарманыбыз менен Бурулайдын тагдырында окшош жерлер бар. Мисалы, милициянын өз учурунда келбей калганы сыяктуу.

— Ташып кеткен камыр, кайнай берип какшыган чайнекке караганда сиз Ажардын (тасманын башкы каарманы — ред.) турмушка даяр эместигин көрсөткүңүз келген окшойт?

— Туура, Ажар мектепти бүтө элек, дагы деле бала мүнөз. Музыкага жакын, ырдагысы келет. Алдына койгон көп пландары бар. Кароо сынактан жеңгиси келет. Ажар деген аты кадимки Касымалы Баялиновдун "Ажар" чыгармасынан алынды. Экөөнүн тагдырынын айрым жерлери окшошуп кетип жатпайбы. Апасынын аты — Кыял, ал кызына карата жакшы кыялдары бар, көп нерседен үмүттөнөт.

Блогер, специалист по пиару, продюсер Азим Азимов во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Режиссер Азим Азимов "Ала качуу" тасмасын жаз айларында тарткан

— Кыздын апасы менен кошунасы Баатырдын милицияга барып, аларды ордунан таппай калганы дагы чыныгы турмушка аябай окшошуптур…

— Экөө милицияга баргандагы сцена тасманын абдан маанилүү жерлеринин бири болду. Мисалы, Баатыр милиция менен телефондон сүйлөшүп жатканда "Кыз ала качуу кылмыш эмеспи?" деп айтып жатпайбы. Мындай сөз сценарийде жок болчу. Бул жерде таланттуу актер Уланбек Султангазиевдин импровизациясы болду. Мурда кыз ала качуу кылмыш деген түшүнүк анчалык терең эмес болсо, азыр көз караштар түп-тамыры менен өзгөрдү.

Милиция демекчи, тасма чыккандан кийин айрымдар эмнеге милиция кыз ала качкан балдар менен кол алышып учурашып жатат, аларга маданияттуу мамиле кылат деп сындап жатышат. Мен башында айткандай, кино жазында тартылган. Ал кезде кыз ала качууга көз караш азыркыдан башкачараак болчу. Азыр ал эпизод башкача тартылмак.

— Ала качууга дуушар болгон кызга, анын жакындарына босогого жата калган апалар сыйкырдуу күчтөй таасир этет эмеспи. Ичинде кан жутуп турса дагы, энени аттабайт деген түшүнүктү жеңе албай кала беришет. Бирок сиздин тасмада кошуна байкеси жаш кызды каргышка калтырбай, көтөрүп өтүп кеткени сонун чечим болуптур…

— Тасманы алгач тарта башаганда "Босогону атта" же "Кадам ташта" деген сыяктуу ат берели деп ойлогонбуз. Себеби ошол кемпирди аттоо менен салт деп аталып келген жапайычылыкты аттап өтөбүз деген идеяны бергибиз келген. Тасманын маңызы ушул жерге катылган. Бирок тартып жатканда апаны кантип аттайбыз деп көпсө санаа тарттык. Жанагы жарма патриоттор "энени аттап, салтты бузуп…" деп чыкмак. Бирок Бурулайдын окуясынан кийин бул нерсеге эч ким көңүл бурган жок. Тескерисинче, өз эркиңерге каршы ала качып кетсе "аттамак түгүл, тебелеп өтүп кеткиле" деп жазгандар болду.

— Кызды көтөрүп өтүү идеясы кайдан келди? Же мурда бир жактан көрдүңүз беле?

— Ажарды Баатыр колуна алып өтүп кетиши аны каргыштан сактап калуу үчүн гана жасалган жок. Мен бул жерден таптакыр башка идеяны бергим келген. Аялдардын кордолуп жатканынын башкы "булактарынын" бири эркектер эмеспи. Зомбулуктун жоюлуусу үчүн аялзатынын гана эмес, эркектин дагы каалоосу, аракети болушу керек дегенди айткыбыз келген. Экинчиден, Ажар "Аялзатын азапка салбачы…" деген саптарды ырдайт. Бул кордолгон аялдардын эркектерге кайрылуу гимни сыяктуу.

Бирок бул жерде айрымдар гендер маселесин козгоп, эркексиз аялдар максатына жете албагандай кылып коюптурсуңар деп жатышат. Тасма биринчиден кыздар үчүн эмес, эркектерге арналган. Анткени ала качып келгендер — эркектер да.

Блогер, специалист по пиару, продюсер Азим Азимов во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азимов: Бурулайдын окуясынан кийин "ала качууга катышкам" деген сөздү айтуудан уялып баратышат

— Өзүңүз кыз ала качууга катыштыңыз беле?

— Жок, катышкан эмесмин. Үч жыл сүйлөшүп жүрүп үйнөндүм. Бирок менин тааныштарымдын дээрлик бардыгы эле катышыптыр. Тамсаны тартаар алдында айылдагы жоро-жолдошторго чалып, ала качуунун табиятын иликтеп көрдүм. Мисалы, ала качууга кантип даярданышат, кызды алгач кайсы жакка алып барышат дегендей… Балдар Бурулайдын окуясынан кийин "ала качууга катышкам" деген сөздү айтуудан уялып баратышат. Бул чоң жылыш, ушунчалык трагедиялуу окуянын бир жылт эткен оң таасири. Бурулай бир коомду өзгөртө алды деп ойлойм.

— Ала качуунун табиятын иликтеп көрдүм деп жатпайсызбы. Бул жат көрүнүштүн азыркы күндөгү бирден-бир себептери эмнеде болуп жатат деп ойлойсуз?

— Ала качуу мурда үй-бүлө курууга шарт түзгөн жакшынакай салттардын бири болгонун билебиз. Кыздын каалоосуна каршы, мал уурдагандай кылып эч ким жула каччу эмес да. Азыр баары башкача. Ала качуу жигитчиликке жатпайт. Кызды өзүнө ишеними жок, оголе жоош, ичинде комплекстери бар, кыз менен мамиле кура албаган балдар уурдайт. Анткени өзүнө тың жигитке кызды ала качып алуунун кажети жок.

Учурда этнограф, диний ишмерлер, тарыхчы сыяктуу оозунда сөзү бар адамдар кыз ала качуу деген салт жок деп айтып жатышат. Бул абдан жакшы көрүнүш, биз тасманы тарткан март айындагы түшүнүктөр менен азыркы аң-сезим такыр башкача.

Блогер, специалист по пиару, продюсер Азим Азимов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азим Азимов: кызды өзүнө ишеними жок, алсыз балдар уурдайт

— Ушул жаатта дагы тасма же ролик тартуу пландарыңыз барбы?

— Август айына чейин дагы бир кино тарталы деп жатабыз. Азыркы аталышы — "Жайлоодогу окуя". Бул дагы зомбулукка байланыштуу тема. Чабан келин 12 жаштагы баласы менен жайлоодо жашайт, күйөөсү жанында болбойт. Бир күнү уурулар келип, малына кол салып, келиндин өзүн зордуктоого аракет кылышат. Бул жерде биз алар жашаган боз үйдү Кыргызстанга салыштырып жатабыз. Анткени азыр айылдарда Айтматовдун повесттериндегидей эле карыялар, жаш балдар жана келиндер калышкан.

Тема боюнча

Бурулайдын элесине... Кыз ала качуу тууралуу тасма тартылды. Видео
Жеңелер кармап берип зордуктаткан. Ала качууга тушугуп, кордолгон 7 келиндин окуясы
Белгилер:
идея, тасма, "Ала качуу" тасмасы, Азим Азимов, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ