Кагаз акча учак, монета поезд менен келет. Сом тууралуу 10 факты

Жазылуу
Бүгүн кыргыз сому 25 жашка толду. Ал 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө киргизилген. Эң алгач элдин колуна 1, 5, 20 сомдуктар жана 1, 10, 50 тыйындыктар тийген.

Андан бери кыргызстандыктардын капчыгында 3, 10, 100, 200, 500, 1000, 5000 жана 2000 сом номиналындагы банкноталар пайда болду.

Кыргыз акчасынын туулган күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук банктан сом тууралуу кызыктуу фактыларды алды.

Сомду ким жасайт. Улуттук валютанын банкноталарын кайсы компания даярдай турганы эл аралык тендердин негизинде аныкталат. Мисалы, 200, 500 жана 1000 сомдуктарды англиялык De La Rue компаниясы, ал эми 20, 50, 100 жана 5000 сомдуктарды франциялык Оbеrthur Fіduсіаіrе ишканасы басып чыгарган. Аталган мекемелер акча даярдап бергендиги үчүн канча акы аларын Улуттук банк ачыктабайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы банкноталар качанкыга жана канча көлөмдө керек экени 1,5-2 жыл мурда чечилет
Национльная валюта Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жаңы банкноталар качанкыга жана канча көлөмдө керек экени 1,5-2 жыл мурда чечилет

Жаңы банкноталар керек экени кантип аныкталат. Жаңы банкноталардын качанкыга жана канча көлөмдө керек экени 1,5-2 жыл мурда эсептелет. Ал үчүн Улуттук жана коммерциялык банктардын кассаларына нак акчанын келип түшүүсү, кайрадан берилүүсү жана алардын кайтарымдуулугу салыштырылып, анализ жүргүзүлөт. Жаңы акча заказ кылуу чечимин Улуттук банк кабыл алат.

Даяр акча Кыргызстанга кантип алып келинет. Нак акчаны өлкөгө даярдоочу компания жеткирип берет. Кагаз банкноталар аба жолу менен, ал эми монеталар темир жолу аркылуу ташып жеткирилет.

Курамы жана сапаты. Сом 100 пайыз пахта буласынан жасалып, кагазы 5 миң жолу бүктөөгө туруштук берет. Пайдалануунун мөөнөтүн узартуу үчүн жаңы технологиялар, мисалы, банкнотага кир жукпаш үчүн, анын алдыңкы жана арткы бетине атайы лак колдонулат.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда 1 миллион банкнотага 0,1 гана жасалма акча туура келет
Оригами из сомовых купюр разных номиналов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 1 миллион банкнотага 0,1 гана жасалма акча туура келет

Канча акча жок кылынат. Жылына Улуттук банк тарабынан 35-40 тоннага жакын айрылган, эскилиги жеткен акчалар жок кылынат. Алардын ордуна жаңы сомдор жүгүртүүгө чыгарылып, жок кылынган эски акчалардын ордун толуктайт. Ал эми "жашоосу" аяктаган сомдор кайра иштетилип чыгып, картонго айланат.

Жаңы акчанын дизайны. Валютанын алдыңкы жана арткы бетине кайсы сүрөттөр коюлары бекитилгенден кийин Улуттук банктын сүрөтчү-дизайнери акчанын алгачкы дизайнын иштеп чыгат. Андан соң даярдоочу компания менен бирге улуттук валютага заманбап коргоо элементтерин жайгаштырып, компаниялардын дизайнерлери, технологдору жана эсептеп-иргөө техникасында колдоно турган тиешелүү адистердин жалпы катышуусу менен жаңы акчанын дизайны жаралат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каалагандай калчанган, "жоголуп табылган" Баш мыйзам. Конституция тууралуу 5 факты
Акчадагы сүрөттөрдү ким тандайт. Улуттук валютанын дизайнын иштеп чыгуу жана банкноттогу сюжеттерди аныктоо үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлөт. Ал акчага түшүрүлчү улуу инсандардын сүрөттөрүн, дизайндын эскиздерин жана сюжеттерин карап чыгып, бекитип берет. Өңүн таңдоодо атайы эрежелер колдонулат. Акчаны шылуундар жасалмалабаш үчүн бир номиналдын түсү экинчисинде кайталанбашы керек.

Кагаз тыйындарды азыр колдонууга болобу. Мурдагы кагаз түрүндөгү 1, 10, 50 тыйындар кайсы жылы чыгарылганына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. Эгер колуңузда кагаз тыйындар болсо, коммерциялык же Улуттук банкка алып келип, банкноталарга же монеталарга акысыз алмаштыра аласыз.

Жасалма сомдор. 2016-жылы жалпы суммасы 287,7 миң сомго жеткен 288 банкнота, былтыр 35,3 миң сомдү түзгөн 26 жасалма банкнота табылган. Бирок Кыргызстанда жасалма акча көйгөйү өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян алып келбейт. Анткени, 1 миллион банкнотага 0,1 гана жасалма акча туура келет.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков2000 сомдук КМШ өлкөлөрүнүн ичинде "2018-жылдын регионалдык эң мыкты банкнотасы" деп табылган
Презентация новой 2000 сомовой купюры - Sputnik Кыргызстан
2000 сомдук КМШ өлкөлөрүнүн ичинде "2018-жылдын регионалдык эң мыкты банкнотасы" деп табылган

2000 сомдук. Акыркы жолу 2000 сом номиналындагы банкнота чыгарылды. Ал Кыргызстандын эгемендигинин 27 жана улуттук валютанын 25 жылдык мааракесине арналды. Өзгөчөлүгү — дизайны тигинен жасалган. 2000 сомдук Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде "2018-жылдын регионалдык эң мыкты банкнотасы" деп аталган абройлуу эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0