Апрель окуясын эскерүүгө экс-президенттер Атамбаев менен Отунбаева чакырылды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЭкс президент Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева. Архив
Экс президент Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги Апрель окуясында курман болгондорду эскерип гүл коет

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Эртең, 7-апрелде, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Элдик апрель революциясынын күнүнө арналган бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Жээнбеков "Ата-Бейит" комплексиндеги Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү мемориалынын алдына гүл коюу аземине катышат.

"Иш-чарага өлкөнүн экс-президенттери Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева, Жогорку Кенештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева чакырылган", — деп айтылат маалыматта.

Чон-Таш айылындагы Ата-Бейит мемориалдык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ата-Бейит": жарым кылым ың-жыңсыз жаткан кайрандар. Чүкөдөй кемпир ачкан чындык
Ошондой эле иш-чарага 7-Апрель окуяларында курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, катышуучулар, Жогорку Кенештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, Кыргызстандын башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышат.

Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков 2002-жылы Аксы окуяларынын учурунда жана 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналган "Ала-Тоо" аянтындагы "Эл эркиндиги үчүн" монументине гүл коёт.

Жаңылыктар түрмөгү
0