БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Эртең, 7-апрелде, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Элдик апрель революциясынын күнүнө арналган бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Жээнбеков "Ата-Бейит" комплексиндеги Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү мемориалынын алдына гүл коюу аземине катышат.
"Иш-чарага өлкөнүн экс-президенттери Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева, Жогорку Кенештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева чакырылган", — деп айтылат маалыматта.
Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков 2002-жылы Аксы окуяларынын учурунда жана 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондордун элесине арналган "Ала-Тоо" аянтындагы "Эл эркиндиги үчүн" монументине гүл коёт.