17:04 12 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR79.0615
  • RUB1.0513
Коом

Океев, Күмүшалиева жана Турсунбаеванын таберик сүрөтү. Караанына зар кылган залкарлар

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (49)
143220
Океев, Күмүшалиева жана Турсунбаеванын таберик сүрөтү
© Sputnik / Мамадалиев

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, Кыргыз Эл артисти Сабира Күмүшалиева менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү 1971-жылы Фрунзеде "Уркуя" фильми көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин тартылган.

Ошол учурду Төлөмүш Океев менен чогуу тасма жаратып калган драматург Мар Байжиев мындайча эскерет:

"Океев тарткан "Уркуяда" Таттыбүбү Турсунбаева башкы ролду ойногон. Сабира Күмүшалиева болсо эненин образын жараткан. Фильм калың элге сунушталган соң ага катышкандар бир топ таанымал болуп кеткен. Сүрөттөгүлөрдүн анда чыгармачылыгы оргуштап турган кези эле. Менимче, алар көрүүчүлөрдүн куттуктоолорун кабыл алып, гүл көтөрүп турган кези экен. Негизи эле ал маалда кыргыз киносу болуп көрбөгөндөй өнүгүп, көпчүлүктү таң калтыра алган", — деп эскерет жазуучу.

Аталган фильмде Болот Бейшенелиев, Сүймөнкул Чокморов, Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Советбек Жумадылов, Чоро Думанаев жана Алиман Жангорозова өңдүү чыгаан инсандар дагы роль жараткан.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (49)

Тема боюнча

Жарасбай манап токолу менен. Улуу талант Советбек Жумадыловдун таберик сүрөтү
Көл жээгиндеги Сабира Күмүшалиева менен Болот Шамшиев. Таберик сүрөт
Белгилер:
Сүрөт, Таттыбүбү Турсунбаева, Сабира Күмүшалиева, Төлөмүш Океев, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ