00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
6 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кен иштетүү жана экология: талаптарды сактоо жана жоопкерчилик
11:08
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
День отца в Кыргызстане: почему роль папы важна для будущего детей
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как работает завещание и можно ли его оспорить - мнение юриста
14:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Тиш саламаттыгы: балдарда кариес эмне үчүн көбөйүүдө жана кантип алдын алса болот?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Почему храп может быть опасным и что такое апноэ сна
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
“Маңыздуу ырлар жагат”. Ретро ырлар менен элге таанылган Аман Эсенбеков
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Зачем Кыргызстану кодекс о мореплавании, если у страны нет моря
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Иран-АКШ-Изралиь согушу: Мунай баасынын өсүшүнөн ким көп жабыркайт?
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как работает завещание и можно ли его оспорить - мнение юриста
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Тиш саламаттыгы: балдарда кариес эмне үчүн көбөйүүдө жана кантип алдын алса болот?
21:05
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чыпалак баатырдын торпокту көтөрүп чапкан видеосу кайда, качан тартылганы аныкталды

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүТорпок. Архив
Торпок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видео интернетке жарыялангандан кийин милиция дагы аракеттерди көргөн

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. "Чыпалак баатыр" деген каймана ат менен таанылган Зарылбек Аликеновдун торпокту көтөрүп жерге ыргыткан видеосу социалдык тармактарда кызуу талкууга алынууда. Интернет колдонуучулары "атың чыкпаса жер өрттө болуптур. Байкуш торпокту өлтүрүп койду" деген таризде пикирлерди жазып жатышат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы "Чыпалак баатырдын" менеджери Мыктыбек Ашырбай уулу менен байланышканда ал окуя мындан үч жыл мурун Ысык-Ата районунун Шамшы айылында болгонун билдирди.

Сейил бактагы кыз-жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызды бети менен жерге көтөрүп чапкан баланын видеосун ИИМ иликтейт
"Зарылбектин таекеси кайтыш болуп калып учурда ал айылда жүрөт. Видеодогу торпок анын жездесиники болчу. "Торпокту өлтүрүп, же бир жерин сындырып койду" деген сөз чындыкка дал келбейт. Көтөрүп ыргытканда жердеги саманга түшүп эч нерсе болгон эмес. Эки жылдан кийин ал малды ээси сатып жиберген. Бул видеону Зарылбекти каралагысы келген адамдар таратып жатат окшойт. Милиция дагы келип түшүнүк кат алып кетиптир", — деди Ашырбай уулу.

Чүй облустук милициянын маалымат кызматы аталган видео интернетке чыккандан кийин Ысык-Ата райондук милициясы окуя кайсы жерде болгонун аныктаганын билдирди.

"Аймактык тескөөчү Шамшы айылына барганда торпоктун ээси эч кимге доосу жок экенин айткан. Мындан сырткары, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", — деп билдирди маалымат кызмат.

Зарылбек Аликенов буга чейин чыпалагы менен автобус сүйрөп, мык ийип жана 24 килограммдык гиряны көтөргөн өнөрүн көрсөтүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0