00:16 23 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.9805
  • RUB1.1096
Коом
Кыскача шилтеме алуу
60

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова быйыл 81 жашта. Үй-бүлөнүн кенжеси. Айтматова 1937-жылы Москва шаарында, 8-мартта жарыкка келген. Коомдук ишмер, окумуштуу, публицист, Кыргызстандагы аялдар кыймылынын өнүгүшүнө салымын кошкон инсан.

Роза Айтматова Sputnik Кыргызстан агенттигине өмүрүнүн урунттуу учурларын айтып берди.

Алты бир тууган Айтматовдордун кенжеси. Төрөкул Айтматов менен Нагима Айтматова алты балалуу болушкан. Эки баласы кичи кезинде чарчап калат. Улуусу Люция, эгиздин түгөйү. (Рево аттуу эркек уул жарым жашында чарчап калгандыгын, бул "революция" сөзүнөн улам ыйгарылган ысым экендигин билдик). Анан коомчулук кеңири тааныган үчөө — Чыңгыз, Ильгиз жана Роза Айтматовдор.

Дочь Торокула Айтматова, профессор Роза Айтматова во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Максат Элебесов
Роза Айтматова быйыл 81 жашка чыкты

Розеттадан улам Роза болуп… Биздин каармандын ысымы Розетта аттуу испаниялык партизан кыздын атынан улам ыйгарылган экен. Нагима апа көз жарган күнү "Известия" гезитине Розетта тууралуу макала чыгат.

"Атымды атам менен ошол кездеги 9 жашар Чыңгыз агам коюптур. Атам төрөт үйүнөн үйгө келсе, короодо Чыңгыз ойноп жүрүптүр. Сүйүнчү балам, карындаштуу болдуң, ким деп атайлы, десе Роза дептир. Мейли анда Розетта болсун" деп чечишиптир", — деп өзү айтып берди.

Мектепти 20 жашында аяктаган. Биздин каарман Айтматова согуш жылдарындагы балдарга, согуш каарын тарткан муунга кирет. Ал кезде айылда мектеп жок, башталгыч классты жарым жыл окуса, жарым жыл окубай, ошентип жатып мектепти кеч, 20 жашында бүткөн экен. Ошентип орто билим алганы тууралуу аттестат 1956-жылы колуна тийиптир.

Физик-математик. Мектепти бүткөн соң Ленинградга киноинженерлер институтунда эки жыл окуп, кийин Фрунзеге которулган. Владимир Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун физика-математика факультетин 1963-жылы аяктаган. Алгач Илимдер Академиясында иштеп, 1977-жылы ошол эле институтка окутуучу болуп орношуп, 1999-жылга чейин иштейт. Окутуучу, доцент, кафедра жетекчиси, кийин проректор болгон.

Жолдошу менен 46 жыл бирге өмүр сүргөн. Айтматованын өмүрлүк жары Эсенбек Алымкулов Кыргызстандагы бирден бир балдар хирургу болгон.

"Жолдошум менен Фрунзе шаарында кокусунан таанышып калгам. Таластын азыркы Манас районунда туулуп-өскөн. Медицина университетинин студенти экен, кокусунан таанышып калганбыз. Мактанып коёюнчу, балдардын жакшы хирургу болчу. Айылда чоңоюп-өскөн, эстүү, ушунчалык иштерман адам эле. Кыргыздын бир топ педиатр-хирургдарын тарбиялап чыгарды. Мени да алдыга сүрөп, үйдө отуруп калбашымды, илимий иштерди, диссертациямды жазууга сүйрөп, түрткү берип турчу. Жакшы адам эле, көзү өткөнүнө 13 жыл болду", — деп Роза Төрөкуловна өмүрлүк жарын эскерди.

Торокул и Нагима Айтматовы. Архивное фото
© Фото / из личного архива Розы Айтматовой
Төрөкул Айтматов жана Нагима Айтматова балдары менен

Балдары тууралуу. Бир уулу, бир кызы, төрт небереси, төрт чебереси бар. Кызы – Айгүл Кыргызстанда жашайт, кесиби медик. Уулу Урмат да кесиби боюнча дарыгер, учурда Нью-Йорк шаарындагы улуттук госпиталда эмгектенет. "Иштеген жеринен уулумду баалашат, азыр кесипкөй адистердин бири" — деди апасы.

Бейөкмөт уюмду жетектеген. Пенсияга чыккандан кийин 1996-жылы "Аялдарга колдоо көрсөтүү борбору" деп аталган мамлекеттик эмес уюм түзгөн. Кыргызстандагы аялдар кыймылына катышып, бул жаатта бир канча китептерди жазып, методикаларды иштеп чыккан. Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча конвенцияны кыргыз тилине которуп, кыргыз аялдарына түшүнүктүү болсун деп ар бир беренесине комментарийлерди жазып чыккан.

Төрөкуловед жана жазмалык өнөр. Роза Айтматова китеп жазат, бирок көркөм чыгарма эмес. Публицистикалык "Тарыхтын ак тактары" китеби коомчулукка тааныш. Анда 1937-жылдагы репрессия, анын курмандыктарынын, атасы Төрөкул Айтматовдун тагдыры жана ошол кездеги мээнеттүү балалыгы баяндалган. Эми ага дагы бир бөлүгүн кошконун айтып берди.

"1929-1931-жылдары Төрөкул Айтматов өнөр жай жана соода министри, Совнаркомдун төрагасы болуп иштеген. Ошол кезде керектүү адистер, техника жок, өнөр жай иштебей турганда атам баардык жүктү өз күчү менен тартып кеткен, ат көтөргүс иш кылган. Архивдик материалдардан, документтерден, адабияттардан карап, ошону иликтеп, жазып бүттүм", — деди ал.

Женщина кладет цветы на памятники погибших во времена репрессии
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Роза Айтматова "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде

Мындан сырткары Жээни Асан Акматов менен биргелешип агасы Чыңгыз Айтматов жөнүндө "Адам ал туурасында эстеп турганда өлбөйт" деген китеп жазууда. Анда залкардын көпчүлүккө белгисиз жактары баяндалган. Андан сырткары илимий эмгектердин, диссертация, илимий макалалардын, студенттер үчүн колдонмолордун автору.

Тагдырдын белеги менен азабы. Мамлекеттик ишмердин кызы, эл душманынын баласы, даңкы таш жарган жазуучунун уялаш бир тууганы болуш кандай болду экен. Буга Айтматова төмөнкүчө жооп берди.

"Турмуш деген турмуш, тагдырга жазылганды көрөт экенсиң. Өмүр бою жыргалчылыкта жашаган адам болбосо керек, кыйынчылыктар, тоскоолдуктар кездешет. Ата-энем кезегинде заманды түшүнө билген, балдар билим алсын деген адамдар эле. Кийин тагдыр башка жакка буруп, атабызга байланыштуу азапты көрүп, эл көргөн кыйынчылыкты тарттык. Анан эл катары окудук, аракеттенип жакшылыкка умтулдук. Бул өмүрүмдө өйдө-ылдыйды көтөр билип, аны кабыл ала билиш керек экендигин аңдадым. Чыңгыз Төрөкуловичтин да тагдырын карап отуруп ушинтип ойлойм… ", — деди биздин каарман.

Перезахоронение жертв репрессий в мемориальном комплексе Ата-Бейит
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Төрөкул Айтматовдун кызы, Чыңгыз Айтматовдун карындашы. Роза Төрөкуловна бул жоопкерчиликти төмөнкүчө айтып берди. "Абдан чоң жоопкерчилик, азыр деле элдин баары кандай жашайт болду экен деп көз чаптырат. Меники кудай берген мүнөз. Элге агамдын аркасы менен белгилүү болгонумду түшүнөм. Бул кудайдын берген бактысы", — деди ал.

Арманым бар… Роза Төрөкулова ичиндеги ыймандай сырын айтып, эне катары, бир тууган катары жүрөк түпкүрүндөгү оюн бөлүштү.

"Совет мезгилинде кандай жашасак, ошол тейде, бала-чакабыз менен бирге материалдык, моралдык жактан жаңы заманга адаптация боло албаган боюнча калдык. Азыркыларчылап байлык, дүйнө топтободук. Ишкана ачып, ишкерлик кылсак, балким балдарым да жакшыраак жашайт беле деп калам. Уул-кызыбызды совет мезгилинин таскагы менен өтө эле чынчыл бол, ашыкча кадам жасаба деп көндүрүп салыптырбыз. Башкача тарбия берсек, балам тээ алыскы Америкага кетпей, иши кылып жанымда жүрсө болот беле деп ойлойм. Жүрөгүм ооруйт (Эженин үнү муңдуу болот түштү – ред.) Бирок, жакшы адамдардан болушту.

Дагы бир кейигеним — Чыңгыз Төрөкулович деле 90 жашка чейин жашаса болмок. Ойлонгону, дүйнө туюму ордунда, күчтүү эле. Эгер жашай берсе дагы чыгарма жазат эле, тирүү турса болмок деп ошол жагын ойлойм", — деди улутуна Роза Айтматова.

Торокул и Нагима Айтматовы. Архивное фото
© Фото / из личного архива Розы Айтматовой
Төрөкул Айтматов жана Нагима Айтматова

Атамды кайда жатканын укканым азап болду… Төрөкул Айтматов кызынын 5 айлык кезинде камалып кетип, ошол бойдон ымыркайын көргөн эмес.

"Чоң-Ташта сөөгү табылат деп күткөн эмесмин. Чыңгыз өзүнүн ушундай атак-даңы болуп туруп кайрылганда, кайда көмүлгөнүн КГБдан айтпай коюшкан. Моюн сунуп, эми таппайт экенбиз деп, энем Нагима каза болгондо анын көрүстөнүнө экөөнө (Нагима Айтматова менен Төрөкул Айтматовго – ред.) эстелик койгонбуз да… Андан 20 жылдан кийин табылып жатпайбы. Мен үчүн ушундай азап болду. Абдан кыйналдым, кантип ушинтишти, мындай болбойт да, жасалбашы керек эле да деген түмөн суроолор абдан кыйнады. Эл билсин деп анан "Тарыхтын актай барактары" китебин жазганым да ошол болду"— деп эскерди Роза Айтматова.

Тема боюнча

Айтматова: атам репрессия болорун сезген деп ойлойм
Роза Айтматова: атамды эле эмес, курман болгон кырк миң кишини эскерүүгө келдик
Тоо түбүндөгү "Ата-Бейит". Трагедиялуу тагдырлар, ата-бала Айтматовдор жаткан жай
Белгилер:
эскерүү, бала, Роза Айтматова, Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ