БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков тарифтерди жогорулатууну колдобой турганын, бирок ошентсе да реформа жүргүзүү керектигин айтты.
Учурда өкмөт башчы парламентке келип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат.
Премьер эртеби-кечпи тарифтерге реформа жүргүзүү маселеси көтөрүлөрүн билдирди.
Жогорку Кеңештеги ТЭЦ маселеси боюнча жыйындын тексттик трансляциясын Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуп, түз алып берүүдөн жыйынды көрө аласыздар.
Белгилей кетсек, 26-январдын кечинде көп кабаттуу үйлөрдөгү батареялар муздап баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазышкан. Кийин Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берген куур жарылганы белгилүү болгон. Кырсыктын кесепеттери 30-январда гана жөнгө салынып, шаардыктардын үйүнө жылуулук берүү калыбына келе баштаган.