Соцтармак кызыктары: карда чечинип бийлеген казак кыздар, катыган кыргыз жигиттер

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПразднование Нового года в Москве
Празднование Нового года в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын жашоочулары дем алыш күнүн ызгаар суук менен кармашып өткөрдү. Астананын аба ырайы Бишкекке жете түшкөндөй сезилди. Мындан улам социалдык тармактарда дагы суукка байланышкан посттор көп болду.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Узаган аптанын башталышында UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов Бишкекке келип күйөрмандары менен жолукту. Алгач аны тосуп алууга барган кортеж сынга алынса, кийин ага "массаж жасайм" деген күйөрманы таң калтырды. Ал эми апта аягында күн сууктап, анысы аз келгенсип Бишкек ТЭЦинде авария болуп, шаардыктарды бир топ түйшүккө салды. Же үйүнүн сыртынан, же ичинен жылуулук таппаган эл соцтармак аркылуу тийиштүү кызматкерлерди түзүк эле жемелеп жатышат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада социалдык тармактардагы кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

1. Жылуулук көздөн учуп… Акын Акбар Кубанычбеков чилдеде чыйпылыктаган шаардыктардын абалын ырга салып сүрөттөгөн.

"Чымыр этип бет тоңду,
Чымын жаным тез тоңду,
Чыдай албай ТЭЦ тоңду.

Жылуулугун бере албай,
Жалп деп өчүп меш тоңду.

Мештен кийин үй тоңду,
Үйдөн кийин Чүй тоңду", — деп жети купулет ыр жазган.

2. Суукта кандай кийинүү керек? Астаналык кыз катуу сууктан коргонуп үстүнө жети кабат күрмө, төрт кабаттан шым жана байпак кийип жумушка келген. Денеңизди үшүк алып кетпесин десеңиз сиз да ушул ыкманы колдонуңуз.

3. Каны кайнаган бийкечтер. Ал эми бул астаналык кыздар кычыраган кышка каршы күрөшүүгө чыгышыптыр. Абанын температурасы —32 градусту көрсөтүп жатса үч кыз жайдын күнкүдөй кыска көйнөкчөн көчөдө жыргап кар ойноп жатышат. Оюн, оюну менен, бирок ден соолукка кам көргүлө, келечектеги энелер.

4. Астанага барган кыргыздар тоңуп калды. Буга чейин Астанадагыдай суукту көрбөгөн кыргыз жигиттери ал жакка барып алып ызгаарга чыдабай катып калыптыр.

5. Бактылуу карылык. Абышка, кемпир дасторкондун үстүндө ысык чайдан ууртаганча байбичеси абышкасына Алыкул Осмоновдун "Тирүүлүк" аттуу ырын окуп берүүдө. Бул ирмемди кызы Бермет Эгембердиева видеого тартып, сүйүнүү менен Facebook баракчасына жүктөгөн. Анын астына "Мындай суукта ата-энемди агамдын же эжемдин үйүнө барып жашоосун мажбурлабайм. Азыр свет дагы өчүп калды. Бирок аларды поэзия жылытууда" деп жазган. Ошондой эле ал атасы Раимжан Эгембердиев тилчи, профессор, апасы Бегаим Макибаева филолог экенин айтты.

6. Томпоңдоп бийлеген толук киши. Адаттагыдай эле тойлордон кызыктуу бир ирмем. Бул байкенин бийи соцтармакты дүңгүрөтүүдө.

7. Хабибге массаж жасайм деп… Мушкер Хабиб Нурмагомедовдун кыргызстандык күйөрмандары менен жолугушуу учурунда бир жигит өзүн профессионалдуу массажист катары тааныштырып Америкага алып кетүүсүн суранган. Бирок анын визасы жок болгондуктан Хабиб "сени Дагестанга алып барайын. Биздин командага массаж жасатып сынап көрөм" деп жооп берген.

8. Марат менен Хабиб. Ал эми узун бойлуу кыргызстандык Марат Жуманалиевдин Хабиб Нурмагомедов менен түшкөн сүрөтү да соцтармакка жайылып жатты. Анын жанында мушкер оголе кичине көрүнүп калган

Жаңылыктар түрмөгү
0