Бишкек ТЭЦ авариядан кийин кантип иштеп жатат. Дрондон тартылган сүрөт

Жазылуу
26-январда "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы саат 18:00дө Бишкек ТЭЦиндеги эски буу казандарга суу берүүчү жабдыктын иштен чыгышынан улам кубаттуулук 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген.

Работа ТЭЦ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦтеги авария. Учурда эмне болуп жатат
Жылуулук системасындагы суунун температурасы төмөндөгөндөн кийин шаардыктар тоңуп баштаганын билдиришти. Ал эми тийиштүү кызматтын өкүлдөрү ТЭЦтеги абал бир нече сааттын ичинде жөнгө салынарын убадалашкан.

Калаа мэри Албек Ибраимов ТЭЦтин буу казандарындагы авария оңдолгондон кийин 4-6 сааттан кийин жылуулук мурдагы калыбына келерин айтты. Мэр ошондой эле муктаж болбогон тиричилик буюмдары — үтүк, кир жуучу машиналарды иштетпей турууну суранган.

Бишкек ТЭЦинин аймагын каптаган буунун сүрөтүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0