00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Соцтармак кызыктары: килемде бурала бийлеген Айсулуу, тайказанга оңко түшкөн улакчы

© Sputnik / Табылды КадырбековНаграждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арта калган аптада спорт залдагы килемдин үстүндө туруп бурала бийлеген Айсулуу, тайказанга аты менен оңкосунан сайылган көк бөрүчүлөр жана бою эки метрге жеткен алптардын сүрөтү соцтармак колдонуучуларынын көңүлүн бурду.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишемби күнү Sports and Youth Awards — 2017 салтанаты болуп өтүп, өлкөнүн менмен деген спортчулары жылдык эмгеги үчүн сыйланышты. Буга чейин спорттук кийимде көргөн мырзалар костюм-шым кийип кычырап, кыздар узун көйнөк менен көйкөлө басып кирип келишти. Мындай сүрөттөр социалдык тармактарга да жарыяланып турду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган аптада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

1. Бурала бийлеген Айсулуу. Күрөштүн чебери Айсулуу Тыныбекованы адатта бул келемдин үстүндө тер төгүп машыгып же атаандашы менен кармашып жатканын көрчүбүз. Бул ирет боенуп, чачын жасатып, көйкөлгөн узун көйнөк кийип бийлеп жатканын көрүүгө болот.

2. Оңкосунан түшкөн көк бөрүчүлөр. Буллит ойноп жаткан эки улакчы атын катуу чаап келип токтоно албай, тайказанга оңкосунан сайылып калышты. Негизи эле көк бөрү опурталдуу оюн. Ошондуктан да муну чыныгы эркектердин оюну дебесе керек.

3. Көк бөрүдөгү бийчи. Бул киши улак тартпаса да катуу күйөрмандык кылат экен. Жөн гана сүрөп отурбастан чимириле бийлеп жиберген.

4. Жылгаяктын жаңы ыкмасы. Айылда жашоо жыргал. Өзгөчө кышында түрдүү ыкмалар менен жылгаяк тепсең болот. Булар болсо түптүз жерде атка сүйрөтүп лыжа тебишиптир.

5. Алп дөөлөр. Ушул сүрөт социалдык тармактагыларды таң калтырып бүтпөй жатат. "Мындай "дөөлөр" азыр деле бар бекен, дегеле булар кимдер?" деп суроо салышууда. Айрымдары сүрөт Ысык-Көлдө тартылганын айтса, башкалары алтайлыктар же казакстандыктар дешүүдө.

6. Жандуу жыргабай калдык. Тамада Канай Анаркулов тойдо эки жашты жабалактап телефонго тартып жаткан видеону Facebook баракчасына жүктөп "тойлордо жакшылыкка суктануу эмес, телефонго тартуу биринчи орунга чыгып кеткендей" деп нааразычылыгын айткан. Ошондой эле ал бул адат оору болуп баратабы деп кабатыр болот.

7. Бийди тыткан бөбөктөр. Ойносо оюнга тойбогон жүрөгү таза бөбөктөр айылдагы тойдо чер жаза бийлешиптир. Булар мыкты бийчилерди да чаңында калтырчудай. Аларга бийди эч ким деле үйрөтпөсө керек, ар жагынан таланттуу балдар го…

8. Рахмат деп туруп алабыз. Ал эми бул бала тостту катыра айтат экен. Тили ширин жеткинчектин өзгөчө каалоо-тилеги элди күлкүгө салды. Артында сүйлөп жаткан "режиссерлордун" жардамы менен сөз ыраатын тааптыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0