Сакиш 50 жашта! Актриса жана куудул Айнура Тургунбаева тууралуу 7 факты

© Фото / предоставлено Айнурой ТургунбаевойАйнура Тургунбаева - Сакиш
Айнура Тургунбаева - Сакиш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куудул жана актриса Айнура Тургунбаева бүгүн, 9-январда, 50 жашка толду. Актрисанын өз ысымы көптөр үчүн көмүскөдө калып, "Сакиш" деген ат менен белгилүү.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги актриса тууралуу 7 факты сунуштайт.

1. Чүйдүн кызы. Айнура Тургунбаева 1968-жылы 9-январда Аламүдүн районунун Арашан (мурдагы Стрельникова) айылында төрөлгөн. 11 бир туугандын алтынчысы.

2. Тамашакөйлүк сапат атасынан өткөн. Атасы чукугандай сөз таап, катыра сүйлөгөн чечен, ошол эле убакта айылдын эң беделдүү, кадырлуу кишилеринен эле. Айылдагылар аны "Хан Жантай" деп коюшчу. Кандай гана маанилүү окуя болбосун, айылдыктар анын акылына таянышчу. 

© предоставлено Айнурой ТургунбаевойАйнура Тургунбаева - Сакиш
Айнура Тургунбаева - Сакиш - Sputnik Кыргызстан
Айнура Тургунбаева - Сакиш

3. Таттыбүбү Турсунбаеванын жээни. Айнура окуучу кезинде мектептеги маданий иш-чаралардан калчу эмес. Ошентип жүрүп эле актёрлукка кызыгып калат. Кээде бул нерсеге Таттыбүбү Турсунбаеванын да таасири тийдиби деп ойлойт. Анткени Таттыбүбү апасынын сиңдилеринен болуп кетет. Кичинекей кезинде улуу актрисанын үйгө келип кеткени элес-булас эсинде. Мектепти бүтөөрү менен Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган.

4. Сакишке айланып кеткенде. Бир жолу актер Марат Жантелиев менен "Кимдин баласы?" деген спектаклде аял-күйөөсүнүн ролун ойноп калат. Анда күйөөсүнүн аты Бопуш, аялынын аты Сакиш экен. Актерлор ушул ролду аябай жеткиликтүү ойногондон улам болсо керек, ошондон кийин эле экөөнүн өз аттары өчүп, Сакиш-Бопуш болуп чыга келишет. Актерлор 1987-жылы окуп жүргөндө Каракол драма театрынан таанышкан. Тандемдин түзүлгөнүнө 30 жылдан ашты.

Публикация от Sakish (@sakish_1) Сен 6, 2017 at 9:21 PDT

5. Жеке жашоосу. Негизи элдер Сакиш-Бопуш атка конгон актерлорду аялы менен күйөөсү деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Марат Жантелиев үй-бүлөлүү, Асел аттуу жубайы, балдары бар. Айнура Тургунбаева болсо турумушка чыга элек. Бул тууралуу "кээде тамашалап менин күйөөгө тийбей калышыма Бопуш күнөөлүү деп калам. Албетте, андай эмес. Жаш кезде карьерага көңүл коюп жүрө берсем керек" деп айтканы бар.

6. Кандай мырзаларды баалайт? Актрисанын "өмүрүмдө чыныгы сүйүүгө кезигип көргөн эмесмин. Үмүт акыркы өлөт деп коет. Мен жүрөгү кенен, калп айтпай чын сүйлөгөн мырзаларды сыйлайм" деп айтканы бар.

Публикация от Sakish (@sakish_1) Мар 8, 2017 at 9:36 PST

7. Учурда Арсен Өмүралиев атындагы жаштар театрында эмгектенет. Бир гана спектаклде эмес, кинодо да бир канча эролдорго тартылды. "Айыл өкмөт", "Күкүк Шахра", "Курманжан датка" тасмаларында эпизоддук ролдорду аткарганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0