Президент Жээнбеков кыргыз-казак мамилелеринин чыңдалышына ишеним артты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Беларусь
Рабочий визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Беларусь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз президенти Назарбаевге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалаарын айткан

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди жана Казакстан элин өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктап, кыргыз-казак мамилелеринин чыңалышына ишеним артарын айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизди жана бардык казакстандыктарды Казакстандын көз карандысыздык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүк маанайындагы кыргыз-казак мамилелери өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгында мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берет деген ишенимимди билдирем", — деп айтылган куттуктоодо.

Президентские выборы в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаев 77 жашта! Эл башы тууралуу кызыктуу 15 факты
Жээнбеков Назарбаевдин президенттик ишине да ийгиликтерди каалаган.

"Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана сиздин мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм", — деп белгиленген Жээнбековдун куттуктоосунда.

Эскерте кетсек, бүгүн Казакстан өзүнүн эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын белгилеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0