Саясатка кызыкпайт, өлкөдөн кетпейт. Кыргызстандык жаштар жөнүндө 10 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование национального праздника Нооруз в Бишкеке
Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14төн 28 жашка чейинки жаштар саясатчыларды үлгү катары көрүшөт, бош убактысын үйдө интернетке "сүңгүй" өткөрүшөт, тукум улоо саламаттыгы тууралуу социалдык медиадан окуп билишет.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Өкмөт жана жаштар. Учурдун талабындагы диалог" форумунда Кыргызстандагы жаштардын турмушунан 10 факты келтирилди. Маалымат "М-Репорт" мобилдик сурамжылоосу аркылуу топтолгон. Бул БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) колдоосунда Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту тарабынан ишке ашырылды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке

1-факты: жаштардын саясатка кызыгуусу анчейин эмес. Маселен, президенттик шайлоого сурамжылоого катышкан жаштардын жарымы гана келген. Ал эми жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна үч жарандын бири гана барган. Сурамжылангандардын 44 пайызы саясий программалардын маңызы жок деп эсептешет.

Ала-тоо аянтында студенттер СПИДге каршы бий флешмобун уюштурду - Sputnik Кыргызстан
"Ала-тоо" аянтында студенттер СПИДге каршы бий флешмобун уюштурду
2-факты: социалдык медиасыз жашоо жок! Жаштар андан жаңы дос күтүп, кызыктуу сүрөттөрдү гана бөлүшпөстөн, олуттуу иштер менен да алек болушат. Маселен, өзүнүн тукум улоо саламаттыгы жөнүндө да маалымат алышат экен. Простатит оорусу тууралуу сурамжылоого катышкан жаштардын 40 пайызы ал илдет жөнүндө "Одноклассники" жана "Инстаграм" тармактарынан окуп билишкен.

3-факты: ден соолукка маани беришпейт. Сурамжыланган бешөөнүн үчөө гана дарыгердин бөлмөсүнө баш багат. Көпчүлүгү "эч жерим оорубаса, доктурга барып эмне кереги бар?" деген пикирди карманышат.

4-факты: жаштар жалгыз, бирок келечекке ишеним күч. Бош убактысын негизинен үйдө интернетти "казуу" менен өткөрүшөт. Баса, жаштардын болжол менен алганда, күнүнө 2,5 саат бош убактысы бар. 

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүVIII Международная выставка-форум информационных технологий и телекоммуникаций "ИнфоКом-2008"
VIII Международная выставка-форум информационных технологий и телекоммуникаций ИнфоКом-2008 - Sputnik Кыргызстан
VIII Международная выставка-форум информационных технологий и телекоммуникаций "ИнфоКом-2008"

5-факты: эң бийик ийгилик — бакубат үй-бүлө куруу. Ар бир үчүнчү сурамжыланган адам ушундай ойдо. Экинчи орунда кызматтык тепкич жана билим алуу теңме-тең турат.

Служащий в французском легионе Болот Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Француз легионундагы жоокер Болот Курманбеков: шарт мыкты, бирок мекен көздөн учат
6-факты: алар көз карандысыздыкка умтулат. Ошол менен бирге эле үй бүлөлүк баалуулукту илгерилетүүгө дилгир. Сурамжылоого катышкан ар бир бешинчи киши гана алардын кесип тандоосуна ата-энелердин пикири таасир эткенин моюнга алган. 64 пайызы чечимди өздөрү кабыл алганын белгилешкен. Жети кишинин бири гана апасы жана атасы менен өзүнүн тукум улоо саламаттыгы тууралуу сүйлөшүүгө даяр экендигин айткан.

Ошондой эле кыргызстандык жаштардын төрттөн үч бөлүгү ата-энелери улгайганда бирге жашоо ниетинде. Сурамжылангандардын жарымынан көбү жалгыз бой эне чет өлкөгө иштеп кете турган болсо, балдарын туугандары же досторуна табыштап кетүүгө тийиш деп эсептейт.

7-факты: жаштар өз туулган жеринин көйгөйлөрүнө кайдыгер эмес. Сурамжылангандардын 43 пайызы алар турган калаада видеобайкоо орнотулганын туура көрүшөт. Ар бир үчүнчү жаран таштандынын кайра иштетилишин колдойт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Бишкеке — 10.59
В Бишкеке — 10.59 - Sputnik Кыргызстан
В Бишкеке — 10.59

8-факты: алар үчүн саясатчылар – ийгиликтин үлгүсү. Кино жылдыздары да, актерлор же ырчылар да эмес, дал ушул саясий ишмерлер! Алар менен катар ата-энелеринен үлгү алышат. Андан кийинки саптарда – мугалимдери, кесиптештери. Он төрт кишинин бирине гана жылдыздар үлгү болуп саналат.

Кыргыз мамелкеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) студенттери, 1973-жыл. - Sputnik Кыргызстан
Апаңды таба аласыңбы? ХХ кылымдын аягындагы Кыргыз ССРинде окуган студенттер
9-факты: мамлекет төлөп берет! Ким шарт түзүп берүүгө тийиш деген маселеде жаштар мамлекетти белгилешет. 10 кишинин тогузунун пикиринде, балдар үйүн жана интернаттарды мамлекет колдоого алышы керек. Ар бир үчүнчү киши улгайган адамдарды, жалгыз бой энелерди, майыптарды коргоого алуу милдетин бийлик аркалашы шарт деп эсептейт.

10-факты: алардын келечеги Кыргызстанда. Бишкек жана Ош шаарынын жашоочулары гана эмес, бүт өлкө боюнча жаштардын өз мекенинде өмүр кечирүү тилеги байкалат. Сурамжылоого катышкандардын жарымында сырт жакка чыгып кетүү ниети жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0