00:12 20 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (375)
218220

Бүгүн, 23-ноябрь — башынан жарашыктуу үкү топусу түшпөгөн, жагымдуу үндүн ээси, ырчы Гүлзат Байзакованын туулган күнү.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 52 жашка чыккан Гүлзат Байзакова тууралуу 5 факты сунуштайт.

Үйдүн төртүнчү баласы. Ырчы Гүлзат Байзакова 1965-жылы 23-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Ата-энеси 17 балалуу болуп, анын жетөө чарчап калган. Гүлзат үйдүн төртүнчү баласы. Ырчынын бала кези тоо койнунда өткөн. Мектеп курагында волейболду жакшы көрчү, студент кезинде да топту мыкты ойногон.

Кыргызская фольклорная певица Гулзат Байзакова
© Фото / СинемАрт
Ырчы Гүлзат Байзакова

Билими. 1983-1985 жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студиянын вокал бөлүмүн аяктаган. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун хор-дирижерлук бөлүмүнөн билим алган.

Ырчы Алина Жетигенованын архивдик сүрөтү
© Фото / предоставлено Алиной Жетигеновой
Күттүргөн ырчылык же 15 жыл костюмерлик иш. Институтту аяктагандан кийин опера жана балет театрында бир аз иш иштеп, таланттуу инсан Чалагыз Исабаевдин чакыруусу менен филармониядагы "Камбаркан" фольклордук тобуна кеткен. Ал жакта 15 жыл костюмер болуп эмгектенген. Чыгармачылыкка 36 жашында толук арлашып, "Жалжалым", "Чагылган" деген ырларды ырдап чыккан. Андан соң Айбек Карымов менен аткарган "Дил кайрык" ыры менен элге таанылган.

Жеке жашоосу. Жолдошу Ишен Календеров менен опера жана балет театрынын студиясында окуп жүргөндө таанышкан. Жубайлар эки уулдун ата-энеси. Улуусу Камбар Улуттук консерваториянын композитор бөлүмүндө билим алса, кичүүсү Эмил Күрөңкеев атындагы училищени бүтүп, Улуттук консерваториянын виолончель бөлүмүндө окуган. Улуу баласы үй-бүлөнү келиндүү кылган.

Колунан көөрү төгүлгөн ырчы. Гүлзат Байзакова чыгармачылыгынан сырткары дагы бир өнөрдү аркалайт. Артисттер сахнага кийип чыкчу тебетейлердин үкүлөрүн өз колу менен көркүнө чыгарат. Башкача айтканда, тебетейге үкү жасайт.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (375)

Тема боюнча

Гүлнур эмес Күннур Сатылганова тууралуу 12 факты
Кыргызды кыйырга тааныткан Светлана Назаренко тууралуу 12 факты
Белгилер:
тебетей, чыгармачылык, ырчы, Гүлзада Байзакова

ЭҢ МААНИЛҮҮ