04:36 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Нарын облусуна көчүрүлүп келген Памир кыргыздары медициналык кароодон өтүп, окуусун улантып жатышат

Памир кыргыздары шал, кептөөр, кызылча ооруларына каршы эмделишти

© Sputnik / Нурзада Мукашева
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Памирлик кыргыздар (58)
215 0 0

Буга чейин Кыргызстанга көчүрүлүп келген Памир кыргыздарынын төртөөсүнөн жүрөк кемтиги табылгандыгы айтылган

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Нарын облусуна көчүрүлүп келген Памир кыргыздары медициналык кароодон өтүп, окуусун улантып жатышат. Бул тууралуу вице-премьер Чолпон Султанбекованын этникалык кыргыздар жашай баштаган Куланак айылына барганында белгилүү болду.

  • Нарын облусуна көчүрүлүп келген Памир кыргыздары медициналык кароодон өтүп, окуусун улантып жатышат
    Нарын облусуна көчүрүлүп келген Памир кыргыздары медициналык кароодон өтүп, окуусун улантып жатышат
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
  • Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Сыяпат Сырдыбаева ар бир памирликке медициналык карта ачылды
    Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Сыяпат Сырдыбаева ар бир памирликке медициналык карта ачылды
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
  • Буга чейин Кыргызстанга алып келинген Памир кыргыздарынын төртөөсүнөн жүрөк кемтиги табылгандыгы айтылган
    Буга чейин Кыргызстанга алып келинген Памир кыргыздарынын төртөөсүнөн жүрөк кемтиги табылгандыгы айтылган
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
  • Вице-премьер кандаштар билим алып жаткан класска баш багып, окуунун жүрүшү менен таанышты.
    Вице-премьер кандаштар билим алып жаткан класска баш багып, окуунун жүрүшү менен таанышты.
    © Sputnik / Нурзада Мукашева
1 / 4
© Sputnik / Нурзада Мукашева
Нарын облусуна көчүрүлүп келген Памир кыргыздары медициналык кароодон өтүп, окуусун улантып жатышат

Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Сыяпат Сырдыбаеванын айтымында, ар бир памирликке медициналык карта ачылды.

"Улуттук программанын негизинде эмдөө башталып, шал, кептөөр, кызылча ооруларына каршы эмделишти", — деди дарыгер.

Буга чейин Кыргызстанга алып келинген Памир кыргыздарынын төртөөсүнөн жүрөк кемтиги табылгандыгы айтылган.

Вице-премьер кандаштар билим алып жаткан класска баш багып, окуунун жүрүшү менен таанышты.

"Окуйм деген балдарга тоскоолдук кылбашыбыз керек. Мындан тышкары, ар бириңер эмгекке умтулуп, өз арабаңарды өзүңөр тартууга үйрөнүшүңөр керек", — деди Султанбекова.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айылында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан.

Тема:
Памирлик кыргыздар (58)

Тема боюнча

Памир кыргыздары окутула баштады. Сүрөттөр
Нарын казыяты Куланакка жайгаштырылган памирлик кыргыздардан кабар алды
Белгилер:
оору, эмдөө, Нарын облусу
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ