Атка жеңил тайга чак. Соцтармакта жылдызы жанган премьер Сапар Исаков

Жазылуу
Сүйлөшүүдөн кийин казак эл башы Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча буйрук бергендиги айтылган

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Сочиде өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу сүйлөшкөн.

Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков принимает участие в саммите ЕврАзЭС - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салууну тапшырды
Исаков түзүлгөн кырдаалдан бир гана Кыргызстан менен Казакстандын жарандары жабыркабастан, башка мамлекеттин тургундарына да залакасын тийгизип жатканын баса белгилеген.

Өкмөттөн түндө "сүйлөшүүдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча буйрук берди", — деп кабарлашкан.

Бул кабардан кийин кыргыз интернет айдыңында өкмөт башчынын жылдызы жанып, чек арадагы тыгын маселеси жана жогорудагы жолугушуу боюнча оң пикирлер пайда болду.

Пикирин интернет колдонуучу Абдылда Суран "Манас" эпосунун ыргагында жазып жибериптир.

"Кечээ ЕАЭБнын ашында, көп жыйындын кашында. Атка жеңил тайга чак, ар ишине болгон сак, Исак байдын Сапары, Казактардын ажого, жакшы сунуш бериптир… чегараны ачалы.

Бир ачууңуз бериңиз, кыйналышып калышат, киндик кесип кир жууган, бир туугандай элибиз.

Муну угуп Нур ажо, жылуу сөзгө келиптир, чегараны жаппа деп, дароо буйрук бериптир.

Сапарың байсалдуу болсун!", — деп алкаптыр ал.

Ал эми дагы бир жараныбыз Аяна Мэлисова чек арадагы кыйчалыш жагдайды чечүүгө жардам береттир деген үмүтүн жазган.

"Сапар Исаковдун бул сүйлөшүүсү азыркы учурда чек арада болуп жаткан кырдаалдын чечилишине аз да болсо жардамы тиер", — деген ал.

Белгилүү журналисттердин бири Курманбек Мамбетов төмөнкүчө пикирин жазган. 

"Коюңуз аксакал, бир ачууңузду бериңиз деп чечмелептир Ay Ru. Биздин премьер казак президенти менен чек арадагы жагдай боюнча сүйлөшкөнүн айтып жатышат", —  деген постун окууга болот.

Женевадан пикирин билдирген конфликтолог Чолпон Орозобекова азыркы премьердин иштегени жагып жатканын айтып, ага кошумча онлайн кызмат көрсөтүү системасы жакшы саамалык деген баасын берген.

Дагы бир интернет колдонуучу Азат Шаршен уулу премьерге саясатка аралашпай иштеп жатат деп алкышын айтыптыр.

"Сапар Исаковго алкыш айтышыбыз керек. Эч саясатка аралашпай өз ишин так аткарып жатат", — деп жазган.

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков казактардын эл башы менен жолугуп, чек арадагы маселенин башын ачуу маселеси оңой болбогондугун баса белгилеген.

"Биздин премьер-министр Азамат! Куттуктайм! НАН (Нурсултан Абишович Назарбаев – ред.) менен жолугуп, дал учурдагы абал тууралуу сүйлөшүү жөнөкөй иш болбогондугун сезип турам. Сыйлайм!" — деп пикирин билдирген.

Бакыт Ашир Акматалиев аттуу колдонуучу ыр саптарын токуптур. 

"Жакшы кабар жатарга, үмүт жанды Сапарга", — деген саптарды окууга болот.

Ситуация на КПП Ак-Жол - Автодорожный. 12 октябрь - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Жол" көзөмөл пунктунан элди өткөрүү кайрадан жайлап калды
Белгилей кетсек, 10-октябрда кечинде кыргыз-казак чек ара бекеттеринде кезек күткөндөрдүн саны өсүп, алар бир нече сааттап туруп жатышкандыктарын айта баштаган.

11-октябрда да абал өзгөргөн эмес. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн кечинде гана маалымдады.

Кыргыз-казак чек арасындагы учурдагы жагдай тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик түз алып берүүсүнөн окуп туруңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0