Ноокендик азиз келин Лүтсия. Айылдын "109" кызматы, кассасы жана булбулу

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖизнь 31-летней ЛОВЗ Лутсии Эралиевой
Жизнь 31-летней ЛОВЗ Лутсии Эралиевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир туугандары Лүтсиянын көзү начар көрсө да окуганды, жазганды үйрөтүп коюшкан. Азыр чөнтөк телефон аппаратынан сандарды шыпылдатып терип, айылдаштарына алданемедей кызмат көрсөтүп келет

КРдин эң кымбат футболчусу бир буту жок Азис менен топ ойноду - Sputnik Кыргызстан
КРдин эң кымбат футболчусу бир буту жок Азис менен топ ойноду
Алыскы Ноокендин Сары-Сыя айылында 31 жаштагы Лүтсия Эралиева аттуу азиз замандашыбыз жашайт. Ден соолугунун бул кемчилдигине карабай, ишкерликтин арты менен чогулткан каражатын акчага муктаж айылдаштарына пайызсыз насыяга берет. Тагдырына таарынып кол куушуруп отуруп калган эмес. Алгач 1000 сом менен ишкерликти баштаса, азыр айлануудагы акчасы 20 000 сомго чукулдап калды. Лүтсия — айылдыктардын булбулу, бейрасмий кассири анан да "сурап-билүү" кызматы. Анда кеп башынан болсун.

Менин карегим элдикинен башкача экен…

Лүтсия туулгандан эле көзү жакшы көрбөй, 2-3 метр аралыктагы нерсени гана байкап, бирок ажырата албайт. Адамдарды үнүнөн тааныйт.

"Дарыгерлердин айтымында, негизи адамдын кареги көздүн карасында болсо, менин көзүм өзгөчөлөнүп, агында жайгашыптыр. Бактылуу балалыктын доорун сүргөн жокмун. Курбуларым мага ыңгайсыз оюндарды ойногондуктан менин ага чамам келчү эмес. Мектепке барган эмесмин. Окуйм деп үйдө чыр чыгарган күндөрүм да болду. Көзү азиздер билим алуучу мекеме менин айылыма жакын жерде жок болгондуктан билим алууга шартым болгон жок", — деди ал.

Анткен менен бир туугандары Лүтсияга окуганды, жазганды үйрөтүп коюшкан. Кайсыл тамга кандай формада болорун столдун үстүнө төгүлгөн күрүчтү оюп жазып, тамгаларды кол менен үйрөнгөн. Эң алгач күрүчкө ата-энесинин атын жазгандыгын, сандарды да бат эле үйрөнүп, кошконду, кемиткенди да билерин кошумчалады. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЛүтсия туулгандан эле көзү жакшы көрбөй, 2-3 метр аралыктагы нерсени гана байкап, бирок ажырата албайт
Жизнь 31-летней ЛОВЗ Лутсии Эралиевой - Sputnik Кыргызстан
Лүтсия туулгандан эле көзү жакшы көрбөй, 2-3 метр аралыктагы нерсени гана байкап, бирок ажырата албайт

Кемтик издеген кайындар…

Лүтсия бала кезинде "Манас" эпосун толугу менен окуп чыгыптыр. Аны менен эле чектелип калбай, эпостогу окуяларды жакындарына, үйгө келген конокторго айтып берчү экен. Анан чоң турмушка аттанып, бирок жолу болгон эмес.

"22 жашымда айылдаш жигит жуучу жиберип, баш кошууга макул болдум. Бирок тагдыр мени дагы бир ирет сынады. Барган жерим менин майыптыгымды шылтоолоп, келин катары жасагандарымдан кемтик таап, көп тескечү болду. Мага ишенишчү эмес. Кайын журтумдун жасаган мамилесине капа болуп жүрдүм. Балалуу деле болгон жокпуз. Үй-бүлөлүк жашоом көпкө узабай, жолдошум менен эки айры жолго түштүк. Жашоодон түңүлүп, көпкө ыйлап жүрдүм. Ошол кездерде жашоонун кызыгы калбагандай сезилген", — деди Эралиева.

"Чапкан сайын көз чыкпайт"

Уюлдук телефондорго бирдик салган кызмат тууралуу угуп, аны көрүп көрүүнү чечкен Лүтсия "быссмылда" деп иш баштаган. Себеби телефон номерлерди кагазга жазуу ал үчүн чоң түйшүк болчу.

Эки колу жок Бейшебай телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт - Sputnik Кыргызстан
Эки колу жок Бейшебай телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт
Алгач миң сом менен кызматты телефонго кошуп, баскычтар кайда жайгашканын түйшүктөнүп жатып, жаттап чыгат. Бир аз убакыттан кийин эле манжалар менен сыйпалап, кайсы сан кай жерде экенин билген соң анан ишкерликти баштайт.

"Ишимди миң сом менен баштадым. Кыска убакытта беш миң сомго жетти. Учурда айына 20 миң сомго чейин пайда табам. Бирдик салып жатканда мага телефон аппараттагы сандарды көрүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби көзүмдү жуумп деле иштей берем. Кардарлар таң калып, кээси ишенбөөчүлүк менен карап, номурларды туура тере аларымды кайра-кайра сурашчу. Жазганымды текшеришер эле. Эсептешип жатканда, "бул 50 сом" дешип, акчаны бетиме жакын алып келип, кудум эле көзгө сайгандай көрсөтүшчү. Көңүлүм сынып, капаланган учурларым болгон. Бирок максатыма жетүү үчүн эч нерсеге карабай ишимди уланта бердим. Азыр эми кудайга шүгүр", — деди биздин маектеш. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЭралиева: бирдик салып жатканда мага телефон аппараттагы сандарды көрүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби көзүмдү жуумп деле иштей берем
Жизнь 31-летней ЛОВЗ Лутсии Эралиевой - Sputnik Кыргызстан
Эралиева: бирдик салып жатканда мага телефон аппараттагы сандарды көрүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби көзүмдү жуумп деле иштей берем

Кыялым — Түркия!

Биздин каармандын алдыга койгон, ачык айткан жана купуя сактаган кыялдары арбын. Лүтсия алардын биринин четин чыгарды. Жакынкы аралыкта түрк тилин өздөштүрүп, Түркия мамлекетин кыдырып чыгууга ниет кылып жатыптыр.

Пейили жакшы кассир жана "булбул"

Лүтсия ишкерликтен чогулткан каражатын акчага муктаж айылдаштарына пайыз албастан насыя катары берүүнү адатка айланткан. Өзү жашаган айылдагы 500дөй адамдын көпчүлүгүнүн телефон номурун жатка билет.

"Эске тутуу жөндөмүм жакшы. Номурларды жаттап алуу өзгөчөлүгүм бар. Кардарларым келип, бирөөлөрдүн номурун сураса жатка айтып берем. Айылымдын "109" сурап-билүү кызматындамын", — деди Лүтсия жылмайып.

Музыкага жакын болгондуктан айылдагы ыр кесе, майрамдык кечелерде кыргыз, өзбек тилдеринде ырдап, элдин көңүл черин жазат экен.

Биз Лүтсия менен коштошуп жатып, эрктүүлүгүнөн, сабырдуулугунан тайбаса экен деп ичибизден тилек кылып кайттык.

Жаңылыктар түрмөгү
0