Театр, тасма жаатында өзүнүн орду бар белгилүү актриса менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева баарлашып, анын чыгармачылыгы, жеке турмушунан кабар алды. Баса, актриса жакында өзүн сценарист, продюсер катары сынап "Махабат" аттуу тасма тарттырган.
— Мурда сизди актриса деп эле тааныштырсак, эми сценарист, продюсер деп да атап калат турбайбызбы? Тасмаңыз эмне тууралуу?
— Тасма башында "Кеч күздөгү махабат" деп аталган, кийин "Махабат" деп эле кыскартып койдук. Буга чейин деле көп сценарий жазчумун, бирок акыркы жазган сценарийге тасма тартылды. Бул да мен үчүн маанилүү окуя болду. Режиссер Мурат Мамбетов тасманы мен каалагандай, ал тургай андан да сонун кылып тартып берип, жалаң өз ишин мыкты билген профессионал адамдар менен иштештик. Албетте, баары жеңил болгон жок, бирок ошол учурда мага чыгармачылык жактан эргүү келди. Көптөн бери кыялданып жүргөн нерсени ишке ашырдым десем болот. Ал эми сюжетте мен курактуу айым өзүнөн бир аз улуураак адамды жактырып калат. Бирок тасмада негизги каарман ал эмес, Кайрат деген адам. Кайраттын чыныгы жашоодо прототиби бар. Ал афган согушунун ардагери, кызыл ордендин кавалери, дал ушул адамдын жашоосу фильмде көбүрөөк чагылдырылган. Тасма аркылуу берейин деген оюм — ата-энени балдары убагында сыйлап, кадырлап калуусу. Алардын ички сезими менен да эсептешүү керек.
— Азыр көрүүчүлөргө тартуулана баштадыбы?
— Ооба, аны алгач май айынын аягында эле кинотеатрларга берип, бирок элдин баары эс алууга кетип калгандыктан кайра алып таштаганбыз. Азыр кайра 10-сентябрдан тарта көрүүчүлөрдүн назарына сунуштадык.
— Сценарийи сиздин жеке жашооңуз менени канчалык байланышы бар?
— Негизи мүнөзүңүз кандай?
— Абдан ишенчээк, жумшак адаммын.
— Сиз жараткан образдардын ичинен кайсынысында сиздин мүнөз бар?
— Театрда Мар Байжиевдин "Кыз-күйөө" спектаклинде Гүлсүндүн образы мага жакын болду. Анын үстүнө ошол кезде Гүлсүндүн жашоосунда болуп жаткан окуя менин да жашоомдо болуп жаткандыктан, образга ушунчалык кирип, берилип ойногом. Ал эми тасма жаатына келсек, кээде мүнөзүм Махабаттыкындай болуп кетет.
— Махабат каарманга окшоп кеч күздөгү сүйүүңүзгө чындап жолуккан жоксузбу? Жашыңыз өтүп калганда башыңызга сүйүү келди беле?
— Мен ушул суроого ар учурда ар кандай жооп берип калам. Жашым өтүп баратканда сүйүү келди, бирок ал адам экөөбүздүн ортобуздагы мамиле көпкө созулган жок. Билбейм, балким ал менин Кыргызстанга белгилүү экенимди билип коркуп кеттиби, айтор, чыккынчылык кылып сатып кетти. Байкуш жүрөк чабылып, согулуп жатып эптеп ал учурдан да чыкты. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" болуп азыр өзүмдү-өзүм аяп калдым. Ак көңүл, ишенчээктигимдин айынан акыры өзүм жапа чегип калам. Негизи эле менин жеке да, чыгармачыл да тагдырым таттаал, чырмалышкан болду. Бирок өзүмдүн мүнөзүм өзүмө жагат. Себеби элчилеп ар кимдин каражатына жашап, кошомат кылган жокмун. Өзүмдүн ак эмгегим менен балдарды багып, оокат кылып жүрөм. Ал эми кеч күздөгү махабат боюнча айтсам, балким "Махабат" тасмасынан кийин жашоомдо дагы бир жакшы адам пайда болоттур.
— Кепти чыгармачылыгыңызга бурайын, буга чейин да сценарий жазып жүрчүмүн деп калдыңыз, жазуучулук өнөр да бар турбайбы? Бир сценарийди канча убакытта жазып бүтөсүз?
— Ар кандай. Кээде илхом келгенде түнү менен уктабай жазып коем. Бул тасманын сценарийи да бат эле жазылып калды. Бирок Мурат Мамбетов "кээ бир жерлерин оңдо" деп жатып, айрым жерлерин кайра жазып чыктым. Тасманы көргөн адам көзүнө жаш алып, ошол эле учурда каткырып күлүп алат.
— Бир тасмада актриса, продюсер да болгон кыйын болгон жокпу?
— Жок, кыйналган деле жокмун. Бирок жүрөгүмө актрисалык кесип эле жакын экен. Бир четинен өзүмдү универсал экенмин деп да ойлоп койдум. Мейли тасмадагы образдарды жаратпайын, сценарий жазбайын, баарына жоопкерчиликтүү мамиле кылып, баарынын майын чыгарганга аракет кылам. Мурат байке да сценарийимди мактап "түпкүрүңдө данек бар экен" деди.
— Эң алгачкы тасмада жараткан ролуңуз "Бетме-бет" тасмасындагы Сейденин образы болсо керек?
— Ооба, мен элге ошол Сейденин образы менен таанылдым десем да жаңылышпайм. Биринчи эле тартылган тасмам Чыңгыз Айтматов деген алп жазуучунун чыгармасы болуп, абдан толкундангам. Анын үстүнө бул тасмада башкы образ жаратуу мен үчүн бир четинен чоң сыймык жана жоопкерчилик болгон. Ал кезде 21 жашта болчумун. Бирок Сейдени Сейде кылып чыгарган тасманын режиссеру Бакыт Карагулов эле. Ал ар бир жасаган кыймылыбыздан сүйлөгөн сөзүбүзгө чейин тууралап жатып тасманы сонун кылып тарткан.
— Сиз кыргыз киносунун алтын доорундагы мен-мен деген режиссерлордун тасмасына да, азыркы жаш режиссерлордун фильмдерине да тартылып жүрөсүз. Алардын айырмачылыктары барбы?
— Жаш режиссер демекчи азыркы актрисалардын да "сапаты" профессионалдуулугу мурдагылардан айырмаланып турат. Азыр сулуу, анан модель болсо эле киного тарта беришет го? Сиз буга кандай карайсыз?
— Чындап эле кесипкөй киноактриса болууну кыялданган кыздар алгач сырткы келбетине көп көңүл бурбаш керек. Айтайын дегеним, тасмага тартылып жатканда "ии чачым бузулуп калды, көзүм жаман болуп калды" деп чүрөктөй болуп ойнобой, образга кирип ойнош керек. Анан айрымдары "мен мындай карасам сулуу болбой калат экенмин" деп кебетесине сарсанаа болуп эмнени ойноп жатканын да билбей калат. Жан-дилиң менен берилип ойносоң ошол сени жасалма эмес, жандуу, сулуу кылып көрсөтөт. Анан кыргызча тасмага тартылса кыргызча так, орусчага тартылса орусча так сүйлөө керек. Мен деле башында шаарда окуп кыргызчаны жакшы билчү эмесмин. Москвага барып окуп келгенден кийин ар түрдүү кыргызча берүүлөрдү алып барып жатып тилимди жатыктырдым.
— Азыр 50 жаштын чайын ичип жатыптырсыз. Бирок мурдагыдай сулуу, жапжаш көрүнөсүз. Жаштык, сулуулук сырыңыз менен бөлүшүп кетпейсизби?
— Мурда өзүмдү сулуу деп эсептечү эмесмин. Себеби өзүмө бийик планка коюп алып Таттыбүбү Турсунбаева, Моника Беллучи гана сулуу, аларга жетиш кайда деп койчумун. Бирок кийинчерээк жаш кездеги сүрөттөрүмдү көрүп "менин сулуулугум башка жагында турбайбы" деп койдум. Негизи адамдын жан дүйнөсү сулуу болсо, ошол сыртына да чыгып турат. Эч качан ичимди кирдетпегенге аракет кылдым. Ооба, өтүк менен келип тепкилеп кеткендер да болду, бирок аларды мен өзүмө албаганга аракет кылдым. Душманга жакшылык кылып, жакындарыңды сүйө билсең ошол сени сулуу кылат. Ал эми сырткы сулуулукка дайыма кам көрүп турам. Элчилеп фитнеске барбайм, жаштыкты куубайм, карылыкты чакырбайм. Андан тышкары, сырттан келген терс энергияга туура мамиле кылам. Жаман сөз, жаман көз, жаман ой — мунун баарын ички дүйнөгө киргизбейм. Акылды таза кармап, туура тамактанып, убагында уктоо керек.
— Кызыңыз да актриса болуп жүрүп эле жок болуп кетти. Эмнеге?
— Кызым жаш кезинде кыялданган нерсесинин баарына жетти. Актриса болом деп тасмага тартылды, күйөөгө тийип көп балалуу болом деп мына эми эки баланын энеси болду. Бирок кыйын актриса болуш үчүн жеке жашоо экинчи орунда болуп калат, андыктан кызым үй-бүлөнү тандады.
— Актриса болбосоңуз кайсы кесиптин ээси болмоксуз?
— Дарыгер же мугалим болмокмун. Мугалим болуп кийин жазуучу болуп кетмекмин.
— Бир басылмага берген интервьюңузда неврит оорусуна кабылганыңызды айтыптырсыз…