00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Корулдабай ары жатчы! Коңурук тартуу оорубу же адатпы?

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАэропортто уктап жаткан адам. Архив
Аэропортто уктап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кимдир бирөөлөргө таттуу уйку үчүн айлуу түн, жумшак төшөк керек болсо, айрымдар үчүн мунун бардыгы арзыбаган нерсе. Аларга бир гана жети түндө каман күркүрөбөсө болду!

Улуттук госпиталдын ЛОР дарыгери Жолчубек Жумабековдин айтымында, коңурук тартканга көпчүлүк адамдар көңүл бурбаганы менен, ал илдет болуп эсептелинет.

© Фото / Нурсултан Жумабеков Улуттук госпиталдын ЛОР дарыгери Жолчубек Жумабеков
Врач, лор национального госпиталя в Бишкеке Жолчубек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталдын ЛОР дарыгери Жолчубек Жумабеков

Коңурук деген эмне?

Коңурук тартуу процессинде тамактагы аба өтүүчү жолдор ичкерет да, адаттагы дем алуу бузулуп, аба өпкөгө ар кандай үн коштогон абалда кирип-чыгып калат. Коңурук тарткан маалда денеге кычкылтек жакшы барбай баш мээ менен жүрөккө күч келип, ден-соолукка олуттуу зыянын тийгизет.

Коңурук тартуунун себептери:

  • Ашыкча салмак кошумча май ткандарын жаратат жана алар тамакты жаап, нормалдуу дем алууга тоскоолдук кылып коңурукту пайда кылат.
  • Жаш курактын жогорулашы менен таңдай жана тил булчуңдарынын иштеши начарлап, уйку коңурук менен коштолот.
  • Адам алкоголдук ичимдикти чегинен ашыра ичкенде, уйкусуздук, чарчоо пайда болгондо таңдай жана тил булчуңдары өз функцияларын жоготуп, коңурукту шарттайт.
  • Мурунга эт өсүп кеткенден, сынуудан жаракат алгандан же шишип кеткенден улам мурун бүтсө адам коңурук тартып калат.
  • Ангина оорусун кабылган кишинин алкым бездери чоңоюп, дем алуу жолдору кысылып, бул коңурукту пайда кылат.

Дарылоо жолдору

Коңурук тарткан адам сөзсүз дарыгерге кайрылуусу кажет. Семиз адамдар диетолог менен иштешет. Айрымдарга диагнозуна жараша хирургиялык операциялар жасалат. Мисалы, адам ангинадан улам коңурук тартса, анда операция жасоо менен алкым бездери алып салынат. Мурду сынса, түздөтүлөт. Тамеки тартып, ичкилик ичкендер мындай жаман адаттарынан баш тартканы туура. Уйкусу канбагандар эс алууга убакыт тапканы оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0