Кыргызстандын ТИМи Мьянмадагы абал боюнча тынчсыздангандыгын билдирди

© AP Photo / Bernat ArmangueСтолкновения между силами безопасности и боевиками в Мьянме
Столкновения между силами безопасности и боевиками в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик тараптарды бир пикирге келип, чатакты жөнгө салууга чакырды.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мьянмадагы мусулман коомчулугунун абалына тынчсыздангандыгын билдирди. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Министрлик тараптарды бир пикирге келип, чатакты жөнгө салууга чакырды.

Столкновения между силами безопасности и боевиками в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Мьянмадагы кырдаал. Кыргызстандыктар эмнеге дүрбөдү?
Ракхайн штатындагы мусулман-рохинжалар менен будда дининдеги бирмалыктардын ортосундагы келишпестик бир нече жылдардан бери уланып келет. 

Чатак аталган мамлекетте бийлик аскерийлерден жарандык өкмөткө өтүп, демократиялык реформалар башталганда күч алган. 

Мьянма өкмөтү рохинжалардан "бенгалдык террочулар" деп аталгандар чыкты деп ишендирип келет. Коомчулук менен өкмөт рохинжаларды Бангладештен ооп келген мыйзамсыз мигранттар деп эсептеп, алар Британ админстрациясы тарабынан XIX жана XX кылымдын ортосунда көчүрүлүп келген делет. 

Мьянманын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, Ракхайнда 400 адам каза тапса, алардын 30у полиция кызматкерлери менен аскерлер. Ал эми 370и ислам согушкерлери деп жазылган. Расмий маалыматтарга караганда, бул мезгил ичинде 60 миңден ашуун рохинжалар Ракхайнды таштап, Бангладештин чек арасына өтүп кетти деп айтылат. Рейтер агенттиги качкындардын саны 90 миңге жеткендигин жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0