Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун Өлүктөрдү изилдөө бөлүмүнүн башчысы Эрмек Максутов буга чейин медициналык-криминалисттик бөлүмдү 7 жыл жетектеген. Андыктан, ал кишини сыртынан карап эле "окуп" коет.
Соттук-медициналык эксперт десе эле эт кескендерди элестетебиз. Алардын жумушу — маркумдардын өлүмүнүн себебин аныктап чыгуу.
— Бул жагымсыз жытка сиз көнүп деле калган болушуңуз керек…
Анын үстүнө бизге дайыма эле жаңы өлүктөр келе бербейт. Люкка, сууга түшүп кетип бир нече убакыт жатып калышат. Анан бизге курттары менен келет.
— Силерге ошол боюнча алып келип береби?
— Аны тергөөчү, ыкчам иликтөө кызматынын өкүлдөрү бирден терип отурбайт да. Бир жакшы жери, кээде кишинин качан каза болгонун болжолдуу түрдө курттардын өлчөмүнөн билсе болот.
— Ал сөөктөр каякта?
— Ылдыйда. (Биз имараттын үстүндө отурганбыз. Бул жакта гистологиялык, соттук-криминалистик, биологиялык бөлүмдөр бар).
— Эрмек Оморбаевич, мен ылдый жакты көрмөйүнчө суроо бере албайм.
— Макул, бирок мен айткан гана нерселерди сүрөткө тартасыз.
— Сүйлөштүк.
(Ошентип жер төлөдөгү өлүкканага түшүп бара жаттык. Жанагы каңылжаарды өрттөгөн жыт мурунду таптакыр эле жарып кетти. Ушул жерден денемди калтырак басканын жашыргым келбейт).
— Бул өлүкканада күнү-түнү кезекке туруп иштешет. Ажал айтып келбейт да. Автокырсыктан, атышуудан, токмоктон, зордук-зомбулуктан каза таап келишет. ИИМдин башкы кызматкерлери атайын машина менен өлүктөрдү алып келип беришет. Каалаган киши келип эле өлүк тапшырып кете бербейт. Атайын документтин негизинде кабыл алабыз. Муздаткычка киргизип коюп чекесинен изилдөө жүргүзө беребиз.
— Ошондо бул темир үстөлдүн үстүндө изилдөө жүргүзүлөбү?
— Ооба. Изилденгенден кийин муздаткычтарга салабыз. Ал жакка да атайын өтө катырып же жибитип ийбей сактайбыз. Сапаты бузулса иштегенге тоскоол болот.
Биз сотмедэксперттер изилдөө жүргүзүп бүткөндөн кийин медициналык-криминалистиик бөлүмгө кабарлайбыз. Алар фотоаппарат менен өлүктү ар кандай ракурста тартып кетет, "таанып биле турчу картага" илишет. Ал документтин баары кезек күткөн жайда сакталат. Өлүмдүн себеби ачылып, кагазга түшүрүлгөндөн кийин тергөөчүгө өткөрүп беребиз.
— Азыр бул жерде канча өлүк бар? (Күрүлдөп иштеп көк түстөгү жаткан ири муздаткычты карап суроо узаттым).
— Азыр алты өлүк жатат. Негизинен 80дей сөөк батат.
— Төмөндө өлүктүн бузулушун бальзамдаштыруу жолу менен токтотуу мүмкүн деп айтып калдыңыз. Ал кандай учурда колдонулат?
— Көбүнчө таанымал адамдар каза болгондо жерге берилгиче убактылуу катырабыз. Анткени, алар театрга коштошуу аземине алып барылышы керек. Маселен, Чыңгыз Айтматов, Болот Миңжылкыев өңдүү залкарлардын сөөгү ушул жерден катырылган.
— Ушул жерден эл ичинде желдей тараган суроолордун бирин берсем. Өлгөн адамдын органын алып коюшат деген чынбы?
— Маркумдун ички органдарынан изилдегенге бир аздан кесип алабыз. Кошумча каны, заарасы алынат. Адам каза болгондон кийин органдар жарактуу деп саналбайт. Маселен, бөйрөк алмаштырууну алалы. Аны трансплантация кылууда жакын кишилери болгону дурус. Себеби, канынын тобу, айрым өзгөчөлүктөрү туура келиши керек. Операция учурунда бөйрөктөр ошол замат салынат. Анан азыр органдар алынып, эртеси чет мамлекетке жиберилет деген жаңылыштык.
— Сөөк союлгандан кийин органдарды эмне кыласыздар?
— Ордунда эле калат. Бардыгын салып туруп терини тигип коебуз.
— Түшүнүктүү. Эми муздаткычтын ичин ачасызбы?
— Кандай зарылчылыгы бар эле? Адам каза болгондон кийин өзгөрүлөт.
— Мындай учурда өлүктөрдү туугандары да тааныбай калган учурлар болобу?
— "Айылдагы ата-энеси карап салып ийчи" деп айтты деп сүрөтүн көтөрүп келишет же "он жыл мурун чогуу окудук эле" деп келип алгандар бар. Анда сен жарабайсың жакын туугандары келиши керек деп айтабыз. Арасында таанып кеткендер да бар. Келген киши сотдмедэкспертке, тергөөчүгө эмне себептен таанып калганын айтып берет. Жөн эле тааныдым деп алып кете албайт.
— Сөөктөр канча күн моргдо сакталат?
Кийин сөөктү туугандары сүрөттүн жардамы менен таап кетишет. Ошондон кийин эксперт тергөөчүгө кабар берет да өлүктү таануу боюнча протокол түзүлөт. Биз берген номер менен көрүстөнгө барып санэпидемстанциядан уруксат алып казып кете берет. Аягында маркум каза болгону чын деген атайын справка толтурушат.
Эрежеде биз сөөктү ороп бергенге милдеттүү эмеспиз. Анан бизге ороп бербейсиңер деп сүр көрсөткөндөр да бар. Орустарда сөөктү кийинтип кетүү салты бар. Өздөрүнүн эси чыккандыктан биздин балдар жардам беришет.
— Көрүстөндөн да алып кеткенден баш тарткандар болобу?
— Колунда жоктор баш тартат. Кээ бирлер сөөктү казганга болбойт деген түшүнүк менен көмүлгөн жерине куран түшүрүп коюп кетип калышат. Ар кандай учурлар болот.
— Моргдогу маек бүттү окшойт. Эми үстүнө чыгалы, жумушуңуз оорбу?
— Бир принцибим бар. Кандай гана окуя болбосун өзүм аркылуу өткөрбөйм. Убактылуу ошол абалга кирем да кайра чыгып кетем. Ал маанайды үйгө да алып барбайм.
Биз эшикте иштеп жатканда маркумдун туугандары күтүп отурган жай жок эле. Жакында эле айланага атайын жыгачтан жасалып, үстү жабылган отургучтарды орноттук. Бардыгы өзүбүздүн күчүбүз менен ишке ашты.
— Окуяны айтып берип жатканда дагы сизден эч бир ашыкча сезимдерди байкай албадым. Таш боор болуп калган жоксузбу?
— Адамга тирүү кезинде жардам бербей, бурулуп басып кеткең — ошол таш боорлук. Өлгөн адамды артка кайтаруу мүмкүн эместигин түшүнүү керек. Аны эми миң кааласаң да тирилте албайсың.
— Эмнеге тирүү кишилер менен иштебейсиз?
— Мен иштебесем, дагы бирөө иштеши керек да. Өмүр бою спорт менен машыгып, убагында бокс боюнча СССРдин чебери аталгам. Агамдын сунушу менен медициналык инстититутка тапшырдым. Мен эмнегедир ыкчам иликтөө кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө кызыкчумун. Ошондуктан соттук-медицинаны тандап алгам. Өзүмдүн да көрүү, эстеп калуу сезимим күчтүү.
— Өлүктөрдү изилдөө бөлүмүнүн башчылыган чейин медициналык-криминалисттик бөлүмдү жетектептирсиз. Бул кесиптеги адамдардын психологиясы абдан күчтүү болот деп айтышат?
— Негизи зордуктоого кабылгандар канча күн ичинде кайрылса болот?
— Алар 5-6 күндүн ичинде келиши керек. Андан кийин гинекологиялык үстөлгө барып текшерилет.
— Билишимче ичимдик ичкендерди да аныктайсыздар?
— Ичимдикти аныктаган хромотограф деген аппарат бар. 1976-жылы чыккан. Ал кан, булчуң, өт, заарадагы ичимдикти таба турчу жалгыз аппарат. Кыргызстан боюнча бизде гана бар.
— Чынын айтсаңыз, жумуш учурунда корккон учурлар болобу?
— Жок, негизи тирүү кишиден коркуш керек го. Мисалы, сиз коркушуңуз мүмкүн. Мен өлүкканада түнкү 3-4тө деле жүрө берем. Биз менен бир ай жүрсөңүз сизде кызыгуу сезими пайда болот. Өлүк эмес, анын эмне себептен жан бергенине кызыгып, окуяны кубалай баштайсыз.