01:36 22 Баш оона 2017
Түз эфир
Куруучулар. Архив

Жолдошум бийиктиктен кулап жан берди... Ажалды оозуна тиштеген куруучулар

© Sputnik / Максим Блинов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
924 0 0

Жыл сайын август айынын экинчи дем алышында куруучулар күнү белгиленет. Майрамдын каармандары бул күнгө карата кайсы бир курулушту аягына чыгырып, колдонууга беришет.

Куруучулардын кесиптик майрамы Кыргызстанда белгиленип келе жатканына быйыл 23 жыл болду.

Майрам майрамы менен бирок куруучулар жабыр тарткан, ал тургай өмүрү менен кош айтышкан окуялар аз эмес болгондуктан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашева алардын эмгек коопсуздугу тууралуу билип көрдү.

Айжамал Тилекматова — эки уулдун энеси, учурда Бишкек шаарынын борборундагы элиталык үйлөрдүн биринде үч бөлмөлүү батирде жашайт. Бизге бул макаланы даярдоого катышып, өз башынан өткөн окуяны 

айтып бергени менен сүрөткө түшүүдөн баш тартты. Себебин кийинчерээк түшүнөсүз.

Айжамал үч жыл мурда үй-бүлөсү менен Токмок шаарында жашачу. 2014-жылдын жаз айларында Бишкекте куруучу болуп иштеген жолдошу 5-кабаттан кулап каза болгон.

"Күйөөм окуу жайды бүткөндөн кийин кесиби боюнча жумуш таппай жүрүп, 2010-жылы курулушта иштей баштаган. Төрт жыл бою бир эле компанияда эмгектенди. Кырсык болоор күнү эртең менен эрте жумушка көңүлдүү кеткен. Объектиге кирери менен бригадири бешинчи кабаттагы жаңы кабыл алынган курулуш материалдарды текшерип койчу дептир. 4-кабатка жеткенде тепкичтен бир нерсени туура эмес басып алганбы, айтор, имараттын ичи менен 2-кабатка кулап түшүп, ошол жерден жан бериптир", — деди Тилекматова.

Анын айтымында, кырсык тууралуу үй-бүлөсүнө түш оой кабарлашкан. Туугандары барганда, ал жерде сөөк болбогону менен компаниянын жетекчилиги чогулуп калган экен.

"Алгач күйөөмдүн өлгөнүнө ишенген жокмун. Кайнагаларым, өзүмдүн бир туугандарым болуп жерине барсак, сөөктүн өлүкканага жеткирилгенин айтышты. Биз барган жерде куруучулардан тышкары, шым-костюм кийген 4-5 киши жүрүптүр. Жолдошумдун жыгылган жеринен канды көргөндө өзүмдү жоготуп коюптурмун. Ошол маалда туугандарым менен компаниядагылар сүйлөшүп, "сөөктү коюуга кеткен чыгымдарды көтөрүп, кийин үй-бүлөсүнө үч бөлмөлүү үй беребиз. Ызы-чуу чыгарбагыла" деп суранышыптыр", — деди ал.

Туугандары компаниянын өтүнүчүнө макул болгонун Айжамал сөөктү койгондон кийин гана билет. Бирок чечимге каршы чыкпаганына азыр өкүнбөйт. Анткени ири компания менен соттошуп, убакыт жана нерв короткондон башка пайда табылбайт болчу деген ойдо.

Ишкана ошол жылдын күз айларында убадасын аткарып, Бишкектин борбор жагындагы жаңы бүткөн үйдөн жесир калган аялга үч бөлмөлүү батир берген.

Бул эми курулуш компаниясы жабыр тарткан тараптын жоготуусун материалдык жактан болсо дагы толтуруп бергени болду.

Өлүктү кучактап кала берген учурлар

Каза болгондордун жакындары же жабыркап калгандар компаниядан тиешелүү компенсация ала албай калган мисалдар көп экенин юрист Фатима Якупбаева айтат.

Директор юридической компании ПРЕЦЕДЕНТ Фатима Якупбаева
© Фото / Илья Каримжанов
Юрист Фатима Якупбаева: курулуш компаниялары көбүнчө жумушчулар менен келишим түзүшпөйт. Ал эми расмий макулдашуу жок болгон соң, адам ден соолугуна зыян алмак турсун, каза болуп калса дагы компанияга доомат артуу кыйын

"Курулуш компаниялары көбүнчө жумушчулар менен келишим түзүшпөйт. Ал эми расмий макулдашуу жок болгон соң, адам ден соолугуна зыян алмак турсун, каза болуп калса дагы компанияга доомат артуу кыйын. Анткени алар дагы өз кезегинде подрядчыларды иштетишет. Ал эми жумушчулар ошолорго жалданышат. Демек бул жерден күнөөлүү адамды табуу өтө татаал", — деди Якупбаева.

Ким экени белгисиз куруучулар

Курулуш компанияларынын жоопкерчилигин күчөтүп, ар бир жумушчу менен келишим түзүүгө аргасыз кылчу мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталганы жатат. Бул туурасында Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Эмгек жана эмгектик мамилелерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиев айтып берди.

Начальник управления охраны труда и трудовых отношений Госэкотехинспекции КР Бакыт Жолчиев
© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции
Эмгек жана эмгектик мамилелерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Жолчиев

"Кыргызстанда иш алып барган курулуш компаниялары жумушчуларынын 15-20 пайызы менен гана келишим түзөт. Калган жумушчулар келишимди талап кылса, "түзө турган башка жерге барып иштей бер" деп кетирип ийишет. Биз текшерүү маалында мындай жумушчуларды көрүп калсак, протокол түзүп сотко жиберебиз. Соттун чечими менен болгону бир миң сомдон эки миң сомго чейин айып төлөсүн деген чечим чыгат", — деди Жолчиев.

Ал 1-2 миң сомду тоготпогон компанияларга ар бир келишимсиз куруучу үчүн айып пулду 7,5 миңден 20 миң сомго чейин көтөрүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ал Мамэкотехинспекция курулуш объектилеринде өткөргөн пландык текшерүүлөрдүн эч кандай пайдасы жок экенине кейиди.

"Биз аларды арыз түшкөндө же пландык түрдө гана текшере алабыз. Пландык текшерүүгө барарда 10 күн мурда кабар беребиз. Баргыча болгон кемчиликтерин оңдоп, түздөп алышат", — деди жетекчи.

Курулушта жаш жигиттер көп кырсыктайт

Мамэкотехинспекциядан билдиришкендей, курулуштагы кырсыктарга анда иштеген жумушчулардын көбүнүн тажрыйбасы жоктугу жана жаш курагы себеп болууда.

"Эмгек кодексине ылайык, жашы 18ге чыга элек балдарды курулушчу кылып жумушка алууга болбойт. Бирок 16-17 жаштагы балдар тааныштары аркылуу жумушка кирип кеткен учурлар болот. Айрымдары мектепти бүтүп-бүтө электер. Анан албетте алар техникалык коопсуздукту сакташпайт, бул боюнча түшүнүгү дагы жок", — деп айтылат билидүүдө.

Ал эми Бишкектеги курулуш компанияларынын бирин жетектеген Бейшенбек Иманалиев 20 жашка чейинки жаш балдар кооптуу жана жоопкерчиликтүү жумуштарга коюлбайт деген пикирин айтты.

"Куруучулар үчүн 17-18-кабаттарда иштөөнүн өзү жанын оозуна тиштеп алып жүргөнгө барабар. Бул өтө кооптуу жумуш. Ошондуктан андай жоопкерчилиги жогорку жумуштарга 24-25 жаштан жогору, жумушка каныккан, тажрыйбалуу куруучуларды чыгарабыз. Ал эми жаңы иштей баштаган жаш балдарды жердеги же бүтүп калган үйлөрдүн ички жумуштарына иштетебиз", — деди Иманалиев.

Ошондой эле компания жетекчиси эмгек келишими боюнча дагы токтоло кетти. Анын айтымында, азыркы көпчүлүк компаниялар бригадирлер менен гана келишим түзүшөт.

"Советтер союзу учурундагыдай ар бир жумушчу менен келишим түзүлбөйт. Мисалы, бир бригадада 10 куруучу болсо, алардын ар биринин иштөөгө уруксаат берген патентин, паспортун жана социалдык фондуга салык төлөгөндүгүн текшеребиз да, келишимди бригадири менен гана түзөбүз. Бирок ошол эле учурда эмгек коопсуздугу боюнча бардык шарттар түшүндүрүлүп, тиешелүү кийим-кечек, буюм-тайымдар берилет", — деди ал.

Кандай болгон күндө дагы Мамэкотехинспекция курулуштагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жумуш берүүчүлөрдүн өздөрүн эмгек коопсуздугу боюнча бир жумалык окуудан өткөрө баштаганы белгилүү болду. Маалыматка караганда, жылына бул курстарды 300-500дөн адам окуп бүтөт.

Дал ушундай, бирок убактысы бир апталык эмес, бир айлык окуудан жумушчуларды өткөрүүнү Бакытбек Жолчиев сунуштоодо.

"Бул аралыкта куруучуга өзүн курулуш аянтында туура алып жүрүү боюнча маалымат берип, тажрыйбалуу курулушчунун жанында иштетиш керек. Бир айлык курс бүткөндөн кийин, атайын экзамен тапшырылышы зарыл", — деди ал.

Сандардын тили менен

Мамэкотехинспекциясынын маалыматына караганда, 2015-16-жылы 14 кырсык болуп, анын ичинен сегиз адам каза тапкан. Ал эми быйылкы жылдын алты айында эки кырсык болгон.

Куруучунун укуктары

Куруучу жумушка орношуп жатканда, кийин укугу тебеленип же өзүнө тиешелүү компенсациядан кол жууп калбаш үчүн эмнелерди билиши керектигин "ПРЕЦЕДЕНТ" юридикалык компаниясынын директору Фатима Якупбаева айтып берди.

Кайсы гана жумуш болбосун, ага орношуп жатканда сөзсүз эмгек келишими түзүлүшү зарыл. Бул жумушчуну ар кандай күтүлбөстүктөрдөн сактайт.

Жумушчу менен подрядчынын айырмасы эмнеде?

Жумушчу — эмгек өргүү, ден соолугуна байланыштуу эс алуу, иш маалындагы жаракаттарга компенсация сыяктуу социалдык кепилдиктерге укуктуу. Ошондой эле жумуш берүүчү ал үчүн ар кандай салыктарды жана соцфонд төлөмүн төлөөгө милдеттүү.

Подрядчы — келишим боюнча кээ бир жумуштарды аткарган адам же ишкана. Ага компания эч кандай социалдык кепилдик төлөбөйт, тескерисинче, ал ишкер катары салык жана башка төлөмдөрдү мамлекетке өзү төлөйт.

Жумуш маалындагы жаракаттар жөнүндө айтсак, аны жумушчу гана сурай алат. Мыйзам боюнча жабырлануучу компенсация талап кылгандан тарта 10 күндүн ичинде жумуш берүүчү чечим чыгарышы керек.

Компенсацияга эмнелер кирет:

  • эмгекке жараксыз мезгилдеги айлык акы же анын бир бөлүгү
  • кошумча чыгымдарга кеткен каражаттар
  • моралдык чыгым
  • сөөк коюу чыгымдары
  • мыйзамга туура келсе, бир жолу берилчү жөлөк пул

Жыл башынан бери бизге белгилүү болгон кырсыктар

2017-жылдын 16-февралында Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги курулушта бийиктикте иштеп жаткан бир нече куруучу кулап түшкөн. Бул кырсыктан каза тапкандар боюнча айтылган эмес.

2017-жылдын 21-июнунда Бишкектин "Кара-Жыгач" конушуна түшүп жаткан курулуштардын биринде таш аралашкан топурак куруучуну басып калган. Ал киши ошол жерден жан берген.

2017-жылдын 19-июль күнү Бишкек шаарындагы "Жал" кичи районунда курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн эки куруучу кулап, бири каза болгон. Экинчиси оор абалда ооруканага жаткырылган. Кайтыш болгон куруучунун артында эки баласы калган.

Тема боюнча

Жолчиев: курулушка иштегени жаткан жаш балдар бир айлык даярдоодон өтүшү керек
Белгилер:
компания, коопсуздук, компенсация, курулуш, келишим, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ