Эмчектеги сүт ирийби? Бала эмизүүдөгү 8 катачылык

© AFP 2023 / JOHAN ORDONEZРодильный дом в Гватемале
Родильный дом в Гватемале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-7 август күндөрү Саламаттык сактоо министрлиги, ЮНИСЕФ жана башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен "Баланы туура эмизүү жумалыгы" өткөрүлгөнү жатат. Иш-чара 170 өлкөдө пландаштырылган.

Педиатр-консультант, профессор Турсун Мамырбаева 30 жылдан бери балдардын тамак-ашын көзөмөлдөө боюнча иш алып барат. Биз Мамырбаева менен биргеликте баланы эмизүүдөгү 8 катачылыкты тизмектеп көрдүк.

Жаңы төрөлгөн балага кошумча тамак берүүгө болбойт. Көпчүлүк энелер ымыркай төрөлгөндөн баштап ар кандай суусундук жана кошумча тамак берүүгө аракет кылышат. Бул — чоң катачылык. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын ашказаны болгону 5-7 миллиметр суюктукту батыра алат. Эне дагы белгиленген өлчөмдө гана ууз сүт чыгара алат. Бул ымыркайдын тамакка болгон талабын аткара алат. Болгону бат-бат эмизип туруу зарыл. 

© Фото / ЮНИСЕФ1-7 август күндөрү "Баланы туура эмизүү жумалыгы" өткөрүлөт
Грудное кормление матерью - Sputnik Кыргызстан
1-7 август күндөрү "Баланы туура эмизүү жумалыгы" өткөрүлөт

Баланы ууз сүттөн куру калтыруу туура эмес. Ууз сүт — табият берген эң уникалдуу тамак. Ал коргоочу зат катары ымыркайды ар кандай ооруларды чакырчу микробдордон сактайт. Эненин сүтү керектүү азыктын ролун аткаргандан сырткары баланын мээсин, ички органдарын, терисин, чачын, тырмактарын жана сөөктөрүн өстүрө турган пайдалуу заттарды камтыйт. Эч бир суусундук ууз сүттү алмаштыра албайт.

Эмчек операциясына даярданып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маммолог: эмчек рагы кокустуктан да пайда болот
Балага чай берүүгө болбойт. Чайдын курамында балага керектүү азык жок. Ал тамактын курамындагы темирдин сиңишине тоскоолдук жаратып, аз кандуулукка алып келиши мүмкүн.

Эмчектеги сүт бузулат деп чочубагыла. Кээ бир энелер айрым себептер менен балдарын эмизбей калганда эмчектеги сүт бузулуп (ирип) калды деген ой менен сүтүн саап ташташат. Бирок сүт бала эмчекти ээмп жатканда гана клеткалардан бѳлүнүп чыгат. Андыктан эч кандай ирип калбайт. Аялдар эмизүүнүн аралыгында клеткалардын сүткѳ толгонун сезишет. Бул сүт бездерде банкага куюлгандай даяр түрдѳ болот дегенди билдирбейт. Ошол эле учурда сүт ирибейт турбайбы деп көп эмизбей коюу туура эмес. Себеби сүттүн кѳлѳмү азайып, акырындык менен байып кетиши мүмкүн.

Эмчектеги сүт муздайт деген түшүнүк туура эмес. Бул жөнүндө биздин чоң апалар "кышында эмчектеги сүт муздап калат, ошондуктан сүттү жылытып туруп, анан эмизиш керек" деп көп айтышат. Эмчектеги сүт муздап калат деген жаңылыштык. Себеби, сүт бездеринде көп сандагы кан тамырлар бар. Алар жылуу кан менен бирдей температураны кармап турат. Эне сүтү бала үчүн дайыма даяр. Аны жылытып же тазалоонун эч кандай кажети жок.

Баланы эмчектен эрте чыгарганга болбойт. Баласын эмчектен эрте чыгарган энелердин көбү "бала ѳзү эмбей койгондуктан чыгардым" деген пикирде. Тактап сурай келсең, адатта балага уйдун сүтүн берип баштагандан тарта ал эмчек эмгенден баш тарткан болуп чыгат. Алардын ою боюнча уйдун сүтү эмчек сүтүнө салыштырмалуу күчтүү жана майлуу. Эсиңиздерге салып кое турчу элдик лакап: "эненин сүтү – балага, уйдун сүтү – музоого". Сүттүн бардык түрү ѳз тукумуна арналган атайы милдетти аткарууга тийиш. Башкача айтканда, уйдун торпогу космоско учууну, кѳптѳгѳн чет тил үйрѳнүүнү, бактылуу, дени сак жашоодо ѳмүр сүрүүнү көздөбөйт.

Помощница при родах, доула Жамиля Уметалиева - Sputnik Кыргызстан
Кош бойлуу аялды коштоп жүргөн доула деген ким?
Баланын курсагын интернетке тапшыргандар. Учурдагы энелер баланы туура тамактандыруу тууралуу маалыматты интернеттен окуп, дарыгерлерден кеңеш алуу үчүн эмес, өздөрүнүн "билимдүүлүгүн" көргөзүүгө келишет. Энелер кандай гана жардамга муктаж болбосун, медицина кызматкерлеринин кеңешин алуусу дурус болот.

Малдын сүтүн ченемден ашыкча берүүгө болбойт. Балага бир жашка чейин сүттөн жасалган азыктарды бергенге болбойт. Бул ымыркайдын ичеги-карыны жана бөйрөктөрү үчүн зыян. 6 айдан кийин боткого уйдун сүтүн кошуп берүүгө мүмкүн. Эгерде шартка жараша балага уйдун сүтүн бергенге туура келсе, бир бергендеги көлөмү 400 миллиграмдан ашпашы керек. Эки жаштан кийин малдын сүтүн күнүнө 2-3 маал ичиргенге болот. Ошондо да сүт баланын тамагына кошумча азык катары гана берилиши керек. Кичинекей баланын ашказаны күн сайын эт, балык, жаӊгак, жер-жемиш, мөмө-жемиш, дан азыктары, буурчак жана сүт азыктары сыяктуу түркүн тамактарды жегенге ылайык.

Жаңылыктар түрмөгү
0