Улууга урмат! Жашы улууларга карата 8 "болбойт"

Жазылуу
Элибиздин эзелтен келе жаткан каада-салты, үрп-адаты боюнча жазылбаган мыйзамдарын азыркыга чейин колдонуп келебиз. Ал эми аны унутта калтырбай улап кетүү жаш муундун колунда.

Бирок барган сайын салт-санаа унуткарылып, адамдардын бири-бирине болгон мамилесинин да маани-маңызы кетип бараткандай. Анын ичинде улууларга болгон сый-урмат. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги этнограф Октябрь Капалбаевдин жардамы менен жашы улуу адамдарга кичүүлөр тарабынан жасалбашы керек болгон нерселерди тизмектеди.

Телефонго сүрөт тартып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаарга жаңы келген абитуриенттер үчүн 9 "болбойт"
Улуу адамдын алдынан кыя өтпөйт. Бул сөз көпчүлүк учурда кыз-келиндерге карата айтылган. Анткени кокустан аял кишинин алдынан жашы улуу адам чыгып калса, аларга ийменип саламдашуу милдет болгон. Ошондой эле алар жашы өткөн эркек адам менен катарлаш басып же алдынан кесип өтүү уят иш деп саналган.

Саламдашпай сөз баштабайт. Кыз-эркегине карабай саламды алгач кичүү адам айтып, андан соң гана улуусу алик алган. Эркектер салам бергенде да алгач кичүүлөр эки колдоп кол сунган. 

Төр талашпайт. Ар бир адам төрдүн баасын, баркын билип жүрүшү керек. Азыр айрымдар "отура бер, мен ушул жерге эле отурайын" деп кичүүлөрдөн ылдый улага тарапка отуруп алат. Бул туура эмес, анткени илгертен кыргызда аксакал төрдө отуруп, калгандары жаш курагына карата ылдый отурган. "Өз ордуңду билчи" деген сөз да ошого байланыштуу айтылып калган. Ошондой эле үйгө киргенде да, чыкканда да жашы улуу адам биринчи кирип, биринчи чыккан.

Каяша айтпайт. Улуулар кандай сөз айтса да ага тибиреңдеп жооп кайтарбаш керек. "Айтылган сөздөн айтылбаганы күчтүү" деген кыргызда жакшы макал бар. Дайыма эле айтылган жооп туура боло бербейт. Андыктан улуу адамдар бир нерсе айтып жатканда ага эки эсе кылып жооп бербей "макул" деген таризде баш ийкеп коюу адамдын күчтүү, тарбия көргөнүн көрсөтөт.

Улуулардын сөзүнө кийлигишпейт. Жашы улуу адамдар сүйлөшүп жатканда алардын оозунан сөз талашып, кебине кийлигишкен туура эмес. Муну менен ал адам өзүнүн адепсиздигин көрсөтөт. Качан гана ага сөз берилгенде өз оюн айтуусу керек.

Улуттук кийим кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайната-кайненеге тиешелүү 12 "болбойт"
Обу жок тамашалашпайт. Кээ бир жаш балдар атасындай болгон адамдар менен калжалаңдап тамашалашып сүйлөшөт. Бул да өтө одоно нерсе. Ал тургай мурда жогору кызматты ээлеп, жашы эмес, орду жогору адамдар деле өзүнөн улуу адам менен тамашалашып сүйлөшкөндөн ийменип турушу шарт.

Улуулардан мурда туруп кетпейт. Тамактанып бүткөн соң, же тамактанып жаткан учурда жаштары каалаган учурда ордунан туруп кеткен эмес. Алар качан гана улуу адам бата бергенден кийин гана ордунан турган.

Улуулар турганда кичүүсү бата бербейт. Мейли той-аш болобу, же үй-бүлө менен тамактанып бүткөн учур болобу, эч качан улуу адам турганда андан жашыраагы бата берген эмес. Тойлордо да батаны жөн киши эмес, кадыр-барктуу, көптү көргөн аксакал бериши кажет.

Жаңылыктар түрмөгү
0