Бирок сууга түшүүдө да этият болбосо кырсык каш-кабактын ортосу демекчи, көз ачып жумгуча суу адамдын өмүрүн алып коюшу ыктымал. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынын башчысынын орун басары Мелис Назарбековдун жардамы менен сууга түшүүдө болбой турган нерселерди тизмектеди.
Алыс жакка жалгыз сүзүп кетпейт. Айрым эрдемсинген адамдар эл көзүнө көрүнөм деп дардаңдап жалгыз алыска сүзүп кетет. Бул учурда кырсык болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Тайыз жакка сүзгүсү келбей, анчалык эле буту кычышып жатса жанына куткаруучу болбосо да жакшыраак сүзгөн шерик жандап алганы жакшы. Сактыкта кордук жок деген жакшы сөз бар.
Белгиленген чектен ашпайт. Куткаруучулар тарабынан коюлган атайын чектен ашып кетпеш керек. Чектен ашкан адамдын өмүрүнө эч ким жооп бербейт. Андыктан ары-бери кайкыган моторлуу кайык мойнуңузду үзүп кетпесин десеңиз чеги менен эс алган жетиштүү.
Суу жутпаш керек. Суу жутуп алган учурда адам дем ала албай чөгүп кетүүсү мүмкүн. Ошондой эле сүзүүгө да дарманы келбей калат. Ошондуктан суу астында сүзгөндө оозду бекем жабууну унутпаңыз.
Көпүрө, тосмо, кайыктан башы менен сууга секирбейт. Суунун түбү кандай экенин билбеген, тааныш эмес жерлерден да абайлап секирбесе, баш-көз жарылып жаракат алып калуу толук мүмкүн.
Тамакка тоюп алып сууга түшпөйт. Тамактангандан кийин жок дегенде 1-2 саат өткөндөн кийин сууга түшүү керек. Анткени сууга түшүп жатканда адамдын организминде өзгөчө курсак тушта кан айлануу ылдамдайт. Курсак түйүлүп сиңирүү системасына терс таасирин берет.
Моторлуу кайыктан оюн салганга болбойт. Айрым учурда жаш балдар өтүп бара жаткан катерден бири-бирине секирет. Бул да өтө кооптуу көрүнүш. Оюндан от чыгат дегендей бир нерсе болуп кетсе өзүнүн, жакындарынын эле шору.
"Сууга чөктүм" деп тамашалап кыйкырбайт. Жакындарыңды тамашалап "сууга чөктүм" деп коркутпаш керек. Анткени кокустан чындап чөгүп жатсаңыз эч ким сизге ишенбей, маани бербей коюшу мүмкүн.