00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жамбилхан апа: таттуу кебезим өтпөй маанай чөгүп турганда сүрөтчү чырк эттирип алган

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота фотожурналиста Sputnik Кыргызстан Табылды Кадырбекова "Продавщица сладкой ваты"
Работа фотожурналиста Sputnik Кыргызстан Табылды Кадырбекова Продавщица сладкой ваты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун фото кабарчысы Табылды Кадырбеков Андрей Стенин атындагы фото журналистика боюнча эл аралык конкурска Кыргызстандын атынан ат салышып жаткан жалгыз катышуучу. Сынакты "Россия сегодня" маалымат агенттиги уюштуруп, ЮНЕСКОнун Россиядагы комиссиясынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Анын "Таттуу кебездерди саткан апа" деп аталган сүрөтү сынактын кыска тизмесине кирип, онлайн добуш берүүгө катышкан. Анын жыйынтыгы менен Кадырбеков биринчи болду. Мындан улам сүрөттүн каарманы Жамбилхан Саипованы калаадан бир нече күн издеп таап, сөзгө тарттык.

Жамбилхан апаны табуу оңойго турган жок. Алгач, борбордогу Эркиндик бульвары менен өйдө чыгып жака белдеги таттуу кебез саткандардын баарын карап, аларга апанын сүрөтүн көргөзүп айла кетти. Бульвардын жолу карып, үмүт үзүлүп баратканда орундукта бейкапар самса жеп отурган улгайган аял көзгө илинди.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЖамбилхан апа: күйөө балам "сиз бирөөгө тартып кой деп айттыңыз беле" деп сурады. Чындыганда кокусунан тартылган сүрөт болчу
Продавщица сладкой ваты Жамбилхан Саипова - Sputnik Кыргызстан
Жамбилхан апа: күйөө балам "сиз бирөөгө тартып кой деп айттыңыз беле" деп сурады. Чындыганда кокусунан тартылган сүрөт болчу

— Саламатсызбы? Бул сүрөттү таанып жатасызбы?

— Кышында тааныштар, тууган-уруктар интернетте "үстү-башың кар, эки жагыңа таттуу кебез таянган сүрөтүң жүрөт" деп айтып жүрүштү эле (сүрөткө үңүлүп). Ошондо бир көргөм.

— Учурда бул сүрөт көптөрдүн купулуна толуп, эл аралык фото журналистика сынагында ат салышып жатат. Бул тууралуу маалыматыңыз барбы?

Sputnik Кыргызстандын фото кабарчысы Табылды Кадырбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстандын фото кабарчысы интернет добуш берүүдө мыкты деп табылды
— Жок, чынын айтсам азыр сизден угуп жатам. Кышында биринчи жолу Оштогу айылдан бир тууган эжем байланышып, "сүрөтүң интернетте жүрөт" дегенинен, "эмне болуптур, бизди ушинтип тарта беришет" деп койгом. Анткени биз борбордун чок ортосундагы сейил бакта иш кылгандыктан ар кимдин камерасына түшүп калабыз, өзгөчө туристтер сүрөткө тартып кетишет. Тааныштарым, балдарым дагы интернетте жүрөсүз деп айтып жүрүп, кийинчерээк унутулган. Күйөө балам "сиз бирөөгө тартып кой деп айттыңыз беле" деп сурады. Чындыганда кокусунан тартылган сүрөт болчу.

— Ошол сүрөт тартылган күндү эстеп көрсөңүз?

— Жаңы жылга чукул декабрь айында "Сейтек" балдар борборунда окуучулар концерт койгону келишкен. Мен ал жакка балдар көп барса соодамды жакшылап өткөрүп алайын деп барсам, шамал аралаш бороон башталды. Концерт кыска убакытта жыйынтыкталып, соода болбой калды. Таттуу кебездерим өтпөй калды деп бир аз маанайым сууп кетип бараткам. Анын үстүндө кебездер шамалдан "калыбынан" кетип калат деп сарсанаа болдум. Чарчагандыктан улам тыныга дем алып келе жаттым, анан экинчи дем алганымда сүрөтчү бала "тартып коеюн" дегенинен, "макул" деп бир ирмем катып турдум.

© Sputnik / Максат ЭлебесовТаттуу кебездин аркасы менен балдарын багып, агарып-көгөрүп келе жатканын Жамбилхан апа айтып берди
Продавщица сладкой ваты Жамбилхан Саипова - Sputnik Кыргызстан
Таттуу кебездин аркасы менен балдарын багып, агарып-көгөрүп келе жатканын Жамбилхан апа айтып берди

— Канча жылдан бери таттуу кебез сатып иштейсиз?

— Ош шаарында 32 жыл тигүү цехинде иштедим. 2001-жылы Бишкекке келип татуу кебез саткандын эбин таптым. Жасалган жеринен 8 сомдон алып, 15 сомдон сатам. Күнүнө 50-100 даана таттуу кебез сатып, 600-700 сом табууга мүмкүнчүлүк бар. Жай мезгилинде түштөн кийин сатабыз, болбосо таттуу ысыктан улам кебездер калыбынан жазып кетет. Кышкы суукта таттуу кебездер жакшы сакталат.

— 16 жылдан бери таттуу кебез сатып келсеңиз, каражат жагы канааттандырабы?

— Өзүбүз карапайым үй-бүлөбүз. Пенсия курагында жумуш табуу кыйын. Абышкам мени менен кошо жеңил оюнчуктарды сатат. Төрт кыз, эки уулубуз бар. Уул үйлөп, үч кызыбызды турмушка бердик. Таттуу кебездин аркасы менен балдарымды багып, агарып-көгөрүп келем. Кичүү уул, кызыбыз студент. Аларга жардам кылышыбыз керек.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЖамбилхан апа: чарчагандыктан тыныга дем алып келе жаттым, анан экинчи дем алганымда сүрөтчү бала "тартып коеюн" дегенинен, "макул" деп бир ирмем катып турдум
Продавщица сладкой ваты Жамбилхан Саипова - Sputnik Кыргызстан
Жамбилхан апа: чарчагандыктан тыныга дем алып келе жаттым, анан экинчи дем алганымда сүрөтчү бала "тартып коеюн" дегенинен, "макул" деп бир ирмем катып турдум

— Жумушуңуздун артыкчылыгы эмнеде?

— Таттуу кебезди таза абада, анан да сейил бакта жөө кыдырып сатам. Биздин куракта кыймылда болуу абдан пайдалуу. Анан да ар кандай адамдарды жолуктурасың…

Жаңылыктар түрмөгү
0