17:05 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Ысык-көл жээги. Архив

Департамент: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин туристтердин саны өстү

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
34301

Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов Көчмөндөр оюндарынан кийин Европа, Араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны көбөйгөнүн билдирди.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин туристтердин катары калыңдады. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көчмөндөр оюндарынан кийин Европа, Араб өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны көбөйүүдө.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын таасири абдан чоң. Анткени бизге келип жаткан туристтерден сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө көпчүлүгү Кыргызстанды Көчмөндөр оюндары аркылуу билип, туристтик потенциалын көрүп анан келип жатышканын айтышууда. Европа, Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер көбөйдү", — деди Жаманкулов.

Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир топ өлкөлөргө чагылдырылган соң, Түштүк Азия өлкөлөрүнөн туристтер келип жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Жаманкулов: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин туристтердин катары калыңдады
National Geographic рейтингине Орто Азиядан Кыргызстан гана кирди
Белгилер:
туризм, Ысык-Көл
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ